00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Эхо дня
14:53
7 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Эхо дня
20:52
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Психиатриялык ооруканада дарыланып бүткөн 57 бейтап кармалып жатканы айтылды

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык оорукана
Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык оорукана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2026
Жазылуу
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды бейтаптардын татыктуу шартта медициналык жардам алуу укугун камсыздап, психиатриялык жардам көрсөтүү системасын жакшыртууга чакырды.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканада дарылануу мөөнөтү аяктаганына карабастан 57 бейтап кармалып жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бейтаптардын 39у үч айдан ашык, ал эми 18и беш жылдан ашык убакыттан бери чыгарылбай келет. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган оорукананы текшерип, бир катар системалуу көйгөйлөрдү аныкташкан.
Оорукананын администрациясы муну Ош жана Жалал-Абад облустарында дарылоодон кийин жайгаштыруучу чоңдор үчүн психоневрологиялык интернаттын жоктугу менен түшүндүргөн. Айрым бейтаптардын бара турган жери жок болсо, кээ бирлеринен туугандары баш тарткан.
Акыйкатчы институту бул жагдай дарылануусун аяктаган, бирок социалдык камкордукка муктаж адамдар орун ээлеп, ооруканага чындап муктаж бейтаптардын жаткырылышына тоскоол болуп жатканын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдөгү төрт психиатриялык ооруканада 50гө жакын, ал эми республика боюнча жалпы 298 бейтап башка мекемеге которууну күтүп жатат.

"Мониторингдин жүрүшүндө коопсуздук маселелери да аныкталган. Мажбурлап дарыланган соттолгондор байкоо режимдери сакталбай жайгаштырылганы, оор кылмыш жасагандар жеңилирээк кылмыш үчүн соттолгондор менен бирге кармалганы белгиленген. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жетишсиз экени аныкталган. Дарыгерлер мажбурлап дарылоо бөлүмдөрүнө коштоосуз киришет, ал эми коридорлордо коопсуздук сигнализациясы жок", — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, ооруканада кадр тартыштыгы да олуттуу көйгөй. Тогуз психиатрдын ордуна төрт дарыгер гана иштейт, анын экөө — пенсионер. Мындан тышкары, стоматолог, невропатолог, терапевт жана лаборанттар жетишпейт.
Ошондой эле Кызыл-Жардагы медицина кызматкерлери 2020-жылдан бери Стамбул протоколу боюнча окутулбаганы белгиленип, бул кыйноо же ырайымсыз мамиле фактыларын аныктоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылды.
Мониторингдин жыйынтыгында акыйкатчы министрлер кабинетине аныкталган мыйзам бузууларды жана системалуу көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарды жөнөттү. Алардын ичинде соттолгон адамдар үчүн атайын психиатриялык мекеме куруу жана медициналык кызматкерлерди Стамбул протоколу боюнча жыл сайын окутууну уюштуруу сунушталган.
 Улгайгандардын колунан чыккан буюмдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2026
Акыйкатчы маркеттерден аялуу катмардагылардын кол эмгектерин сатып беришин өтүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0