https://sputnik.kg/20260717/kyrgyzstandyn-idpsy-osup-eaebde-aldyga-chykty-1102461069.html
Касымалиев: Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда
Касымалиев: Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы... 17.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-17T12:54+0600
2026-07-17T12:54+0600
2026-07-17T12:54+0600
кыргызстан
еаэб
идп
министрлер кабинети
жыйын
экономика
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066953279_0:94:3067:1819_1920x0_80_0_0_f032e79c794158d5a5291e54f32893a2.jpg
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган. Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.
https://sputnik.kg/20260711/kasymaliyev-tyshky-karyz-boyuncha-maseleni-tushundurdu-1102357311.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066953279_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_7784767acfedf7b902d9fb9fce79c023.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, идп, министрлер кабинети, жыйын, экономика
кыргызстан, еаэб, идп, министрлер кабинети, жыйын, экономика
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, ички дүң продукция (ИДП) быйылкы жылдын январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 960 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүшү 11,9 пайыз болду. Өсүш негизинен курулуш тармагындагы 69,6 пайыз, өнөр жайдагы 12,8, тейлөө тармагындагы 6 жана айыл чарбасындагы 4,3 пайыздык өсүштүн эсебинен камсыздалган.
"Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомго жетип, 64,3 пайыз көбөйгөн. Инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, тышкы булактардын 3,2 эсеге көбөйүшүнө байланыштуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454,2 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүчтөн 22,6 милилард сомго ашкан. Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо зарылдыгын белгиледи.