https://sputnik.kg/20260712/1102363648.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T08:59+0600
2026-07-12T08:59+0600
2026-07-12T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102363482_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28cc202ff848a04c685cb30b8cf6138e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө кириши үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышы керек. Андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири рыноктордун бири болгон Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганы тууралуу Евразиялык экономикалык комиссияга расмий билдирүү жөнөтөт. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев жаңы соода режими боюнча Индонезия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын 90 пайызы үчүн бажы жана соода жеңилдиктерин берерин, ал эми биримдик Индонезиянын товарларынын 90,5 пайызына ушундай эле жеңилдиктерди карай турганын билдирген.
Коммуналдык тарифтер менен мамлекеттик кызматтардын акысын кымбаттатууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, мамлекет көрсөткөн кызматтардын наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилген. Бирок мораторий бардык төлөмдөргө тиешелүү эмес, айрым өзгөчө учурларда тарифтерди же төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Атап айтканда, мамлекеттин коопсуздугуна, маанилүү инфраструктуранын иштешине же эл аралык милдеттенмелерге байланыштуу зарыл болсо, айрым төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат бар. Мисалы, электр тармагында чыгым көбөйүп, системаны иштетүү үчүн тарифти өзгөртүү зарыл болуп калса, бул өзгөчө учур катары каралышы ыктымал.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сындады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда кечээ министрликтин жарым жылдын ишинин жыйынтыгын талдаган чогулуш болгон. Анда Жээнбек Кулубаев элчилер санкцияларды алдыруу жана экономикалык дипломатия багытында начар иштеп жатышканын айткан. Министр жетишкендик катары Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады. Жыйында жылдын экинчи жарымындагы негизги милдеттер катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишке даярдык көрүү, ШКУнун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү белгиленген.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иран буга чейин өз милдеттенмелерин аткарып келди. Ал эми АКШнын каржы министри меморандумдун тогузунчу пунктун бузду. Бул — Вашингтондун буга чейинки башка мыйзам бузууларынын жана жаңылыш кадамдарынын уландысы", — деп жазган социалдык баракчасына. Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгил
Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө кириши үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышы керек. Андан кийин биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири рыноктордун бири болгон Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бардык ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганы тууралуу Евразиялык экономикалык комиссияга расмий билдирүү жөнөтөт. Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев жаңы соода режими боюнча Индонезия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын 90 пайызы үчүн бажы жана соода жеңилдиктерин берерин, ал эми биримдик Индонезиянын товарларынын 90,5 пайызына ушундай эле жеңилдиктерди карай турганын билдирген.Коммуналдык тарифтер менен мамлекеттик кызматтардын акысын кымбаттатууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, мамлекет көрсөткөн кызматтардын наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилген. Бирок мораторий бардык төлөмдөргө тиешелүү эмес, айрым өзгөчө учурларда тарифтерди же төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Атап айтканда, мамлекеттин коопсуздугуна, маанилүү инфраструктуранын иштешине же эл аралык милдеттенмелерге байланыштуу зарыл болсо, айрым төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат бар. Мисалы, электр тармагында чыгым көбөйүп, системаны иштетүү үчүн тарифти өзгөртүү зарыл болуп калса, бул өзгөчө учур катары каралышы ыктымал.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сындады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда кечээ министрликтин жарым жылдын ишинин жыйынтыгын талдаган чогулуш болгон. Анда Жээнбек Кулубаев элчилер санкцияларды алдыруу жана экономикалык дипломатия багытында начар иштеп жатышканын айткан. Министр жетишкендик катары Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады. Жыйында жылдын экинчи жарымындагы негизги милдеттер катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишке даярдык көрүү, ШКУнун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү белгиленген.Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иран буга чейин өз милдеттенмелерин аткарып келди. Ал эми АКШнын каржы министри меморандумдун тогузунчу пунктун бузду. Бул — Вашингтондун буга чейинки башка мыйзам бузууларынын жана жаңылыш кадамдарынын уландысы", — деп жазган социалдык баракчасына. Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгил
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102363482_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c16708edcbbbd398b0da82583f8bc9ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио