https://sputnik.kg/20260712/1102364596.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T11:00+0600
2026-07-12T11:00+0600
2026-07-12T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102364430_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ed9f845cada2dba090c2f9eb4251df59.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга же дээрлик 91 мдн сомго көп. "6 айдын ичинде транспорттук ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 10 миң 275 лицензия берилген. Ал эми эл аралык автомобиль ташууларына 117 миңден ашык уруксат кагазы таризделген. Рейддик жана пландык текшерүүлөрдүн алкагында өлкө боюнча 421 миңден ашуун транспорт каражаты текшерилген", - деди ал. Мындан тышкары, министр транспорттук көзөмөлдүн күчөтүлүшүнүн натыйжасында 6 766 мыйзам бузуу фактысы аныкталганын белгиледи. Анын негизинде салынган айып пулдардын жалпы суммасы 101,5 млн сомду түздү. "Бул көрсөткүчтөр транспорт тармагында ачык-айкындуулук камсыз кылынып, иштин натыйжалуулугу жогорулап жатканын айгинелейт2, - деди министр.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сындады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда кечээ министрликтин жарым жылдын ишинин жыйынтыгын талдаган чогулуш болгон. Анда Жээнбек Кулубаев элчилер санкцияларды алдыруу жана экономикалык дипломатия багытында начар иштеп жатышканын айткан. Министр жетишкендик катары Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады. Жыйында жылдын экинчи жарымындагы негизги милдеттер катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишке даярдык көрүү, ШКУнун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү белгиленген.
16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт. Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат. Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат. Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий кайрылуу кабыл алынат.
НАТО мамлекеттери украин жаңжалына аралашып, Россияга туруштук берүүгө жөндөмдүү армия түзө алган жок. Бул тууралуу Daily Telegraph жазды."НАТО Россия менен болгон прокси-согушка тартылып, Украинага ири көлөмдө аскердик ресурс — каражат менен техника жөнөтүүгө аргасыз болду. Ал эми Киев Россиядан озуп өтчү шарт түзүп бере алган жок, бергенин эле жутуп жатат", — деп айтылат макалада. Натыйжада альянсты күчөтүү боюнча пландар ишке ашпай калганы белгиленген."НАТОнун өзүндө, ошол эле АКШда Россиянын деңгээлиндегидей душманга согуш талаасында туруштук бере турган бир да заманбап улуттук армия түзүлгөн жок. НАТОнун милдети Россия сымал каршылаш менен тең ата согуша алган армия түзүп, ага колдоо көрсөтүү эле, анте алган жок", — дешкен авторлор.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга же дээрлик 91 мдн сомго көп. "6 айдын ичинде транспорттук ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 10 миң 275 лицензия берилген. Ал эми эл аралык автомобиль ташууларына 117 миңден ашык уруксат кагазы таризделген. Рейддик жана пландык текшерүүлөрдүн алкагында өлкө боюнча 421 миңден ашуун транспорт каражаты текшерилген", - деди ал. Мындан тышкары, министр транспорттук көзөмөлдүн күчөтүлүшүнүн натыйжасында 6 766 мыйзам бузуу фактысы аныкталганын белгиледи. Анын негизинде салынган айып пулдардын жалпы суммасы 101,5 млн сомду түздү. "Бул көрсөткүчтөр транспорт тармагында ачык-айкындуулук камсыз кылынып, иштин натыйжалуулугу жогорулап жатканын айгинелейт2, - деди министр.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сындады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда кечээ министрликтин жарым жылдын ишинин жыйынтыгын талдаган чогулуш болгон. Анда Жээнбек Кулубаев элчилер санкцияларды алдыруу жана экономикалык дипломатия багытында начар иштеп жатышканын айткан. Министр жетишкендик катары Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады. Жыйында жылдын экинчи жарымындагы негизги милдеттер катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишке даярдык көрүү, ШКУнун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү белгиленген.16-19-июль күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында эки масштабдуу иш-чара биригип өтөт. Иш-чаранын башкы максаты уюмга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы достукту жана ишенимди бекемдөө, жаштар туризмин өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо, туризм тармагындагы инновациялык демилгелерди жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоо болуп саналат. Ага министрлер кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, жаштар уюмдарынын, туристтик индустриянын, бизнестин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат. Форумдун соңунда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий кайрылуу кабыл алынат.НАТО мамлекеттери украин жаңжалына аралашып, Россияга туруштук берүүгө жөндөмдүү армия түзө алган жок. Бул тууралуу Daily Telegraph жазды."НАТО Россия менен болгон прокси-согушка тартылып, Украинага ири көлөмдө аскердик ресурс — каражат менен техника жөнөтүүгө аргасыз болду. Ал эми Киев Россиядан озуп өтчү шарт түзүп бере алган жок, бергенин эле жутуп жатат", — деп айтылат макалада. Натыйжада альянсты күчөтүү боюнча пландар ишке ашпай калганы белгиленген."НАТОнун өзүндө, ошол эле АКШда Россиянын деңгээлиндегидей душманга согуш талаасында туруштук бере турган бир да заманбап улуттук армия түзүлгөн жок. НАТОнун милдети Россия сымал каршылаш менен тең ата согуша алган армия түзүп, ага колдоо көрсөтүү эле, анте алган жок", — дешкен авторлор.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102364430_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_06c01570f921ec1711fec054d2989f55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио