https://sputnik.kg/20260712/1102369810.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыз боюнча маселени түшүндүрүп, макала АКИpress агенттигине жарыяланды. Өкмөт башчысы тышкы карыз ИДПнын көлөмүнө... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T15:00+0600
2026-07-12T15:00+0600
2026-07-12T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102369644_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a610f698fa34611fd8b581771be9aa03.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыз боюнча маселени түшүндүрүп, макала АКИpress агенттигине жарыяланды. Өкмөт башчысы тышкы карыз ИДПнын көлөмүнө жараша эсептелерин белгилеп, анын структурасын карапайым элге жеткиликтүү кылып айтып берген. Касымалиев карыздар ири долбоорлорго жумшалып, өзүн жаба турганын белгилеген. Ошондой эле карызды төлөө көйгөй болбостугун, бирок ошого карабастан президент анын өлчөмү ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керек деген чек койгонун кошумчалаган.
Агартуу министрлиги "Түндүк" ААК менен биргеликте мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, маалымкатты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот. Маалымкат автоматтык түрдө "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт жана кызматкер туралуу, иштеген жери жана ээлеген кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. "Документ электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, юридикалык күчкө ээ. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот."Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта.Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.Белгилей кетсек, мунун алдында эле президент айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн киргизүүнүн убактылуу тартиби тууралуу жарлыкка кол койгону кабарланган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайкы маалда сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Ак-облустук милиция билдирди. Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу мезгили башталгандан бери суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкү иштер аткарылды: Суу жээктериндеги сууга түшүүгө тыюу салынган жана кооптуу аймактарга атайын эскертүүчү баннерлер орнотулду; Жергиликтүү жарандарга, эс алуучуларга жана өспүрүмдөргө суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү; Суу жээгинде кароосуз жүргөн балдарды аныктоо боюнча текшерүүлөр уюштурулду. Милиция кызматкерлери коопсуз жайкы эс алуу ар бир жарандын жеке жоопкерчилигинен башталарын эскертет.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тышкы карыз боюнча маселени түшүндүрүп, макала АКИpress агенттигине жарыяланды. Өкмөт башчысы тышкы карыз ИДПнын көлөмүнө жараша эсептелерин белгилеп, анын структурасын карапайым элге жеткиликтүү кылып айтып берген. Касымалиев карыздар ири долбоорлорго жумшалып, өзүн жаба турганын белгилеген. Ошондой эле карызды төлөө көйгөй болбостугун, бирок ошого карабастан президент анын өлчөмү ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керек деген чек койгонун кошумчалаган.Агартуу министрлиги "Түндүк" ААК менен биргеликте мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, маалымкатты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот. Маалымкат автоматтык түрдө "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт жана кызматкер туралуу, иштеген жери жана ээлеген кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыйт. "Документ электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, юридикалык күчкө ээ. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы айрым категориядагы кызматкерлер үчүн 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.Ага ылайык, 1-сентябрь борбор калаадагы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш күнү болот."Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Ал эми үзгүлтүксүз иштөөчү мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексине ылайык төлөнөт. Ошондой эле жеке менчик уюмдардын жетекчилерине Бишкектеги кызматкерлерге 1-сентябрда орточо күндүк айлыгы сакталуу менен эс алуу күнүн берүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта.Мындай чечим Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда шаардагы тыгынды азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.Белгилей кетсек, мунун алдында эле президент айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн киргизүүнүн убактылуу тартиби тууралуу жарлыкка кол койгону кабарланган.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайкы маалда сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Ак-облустук милиция билдирди. Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу мезгили башталгандан бери суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкү иштер аткарылды: Суу жээктериндеги сууга түшүүгө тыюу салынган жана кооптуу аймактарга атайын эскертүүчү баннерлер орнотулду; Жергиликтүү жарандарга, эс алуучуларга жана өспүрүмдөргө суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү; Суу жээгинде кароосуз жүргөн балдарды аныктоо боюнча текшерүүлөр уюштурулду. Милиция кызматкерлери коопсуз жайкы эс алуу ар бир жарандын жеке жоопкерчилигинен башталарын эскертет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0c/1102369644_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c17826ab7aab8802a83782e891d72783.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио