00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
43 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. “Улуу Даражанын ээси, маркум атаңыз шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти. Шейх Хамад өзүнүн даанышмандыгы, камкордугу жана боорукердиги менен ар дайым дүйнөгө үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Документке ылайык, эксперименттик тартипте 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин министрлер кабинетине айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө укугу берилет. Мындай чечимдер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып кабыл алынат. Дем алыш күндөрү калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү же ыкчам чечүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда белгилениши мүмкүн. Жарлыкка ылайык, кошумча дем алыш күнү берилген кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин алдын ала жыйынтыгына мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Эгер натыйжалуу деп табылса, министрлик 2027-жылдын 1-мартына чейин тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, министрлер кабинетинин кароосуна киргизет.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандумдун тогузунчу пунктун, башкача айтканда, Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөтпөө боюнча шартты бузганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иран буга чейин өз милдеттенмелерин аткарып келди. Ал эми АКШнын каржы министри меморандумдун тогузунчу пунктун бузду. Бул — Вашингтондун буга чейинки башка мыйзам бузууларынын жана жаңылыш кадамдарынын уландысы", — деп жазган социалдык баракчасына. Министр келишим эки тарап тең сактаганда гана күчүндө болорун белгилеген. Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп ага кол салуу аракети болсо, Иранды көздөй миң ракетаны камдап койгонун айтып чыкты. "Эгер Иран өкмөтү коркутуусун ишке ашырып, АКШнын азыркы президенти — мени өлтүрүүгө аракет кылса, дагы миңдеген ракеталар колдонулат", — деген Трамп. Анын айтымында, АКШ аскерлерине тиешелүү буйрук берилген, алар Иранды толугу менен жок кылууга даяр.
Жаңылыктар түрмөгү
0