https://sputnik.kg/20260707/polshada-ukrain-kachkyndar-volyn-bandera-1102289192.html
Польшадагы украиндер Волынь апааты эскерилер алдында Бандеранын сүрөтүн илишүүдө
Польшадагы украиндер Волынь апааты эскерилер алдында Бандеранын сүрөтүн илишүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украиналык качкындар миңдеген поляктын өмүрүн алган Волынь апааты эскерилер алдында Польшанын көчөлөрүнө "Украина улутчулдарынын... 07.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-07T21:29+0600
2026-07-07T21:29+0600
2026-07-07T21:29+0600
дүйнөдө
польша
украина
волынь кыргыны
степан бандера
качкын
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102242315_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_077359f2f79d55b4af30775a51c5c6f6.jpg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украиналык качкындар миңдеген поляктын өмүрүн алган Волынь апааты эскерилер алдында Польшанын көчөлөрүнө "Украина улутчулдарынын уюмунун" (УПА*) башчысы Степан Бандеранын сүрөтүн илип чыгышкан. Бул тууралуу Stop Grave кыймылынын өкүлүнө таянуу менен РИА Новости жазды. Бандеранын сүрөтүнүн алдына "биздин баатыр" деп жазылган. Баракчадагы Польшанын президенти Кароль Навроцкийдин сүрөтү кемсинткен сөздөр менен коштолгон. Буга чейин Польша парламентинде украин улутчулдары социалдык тармакта УПАнын тарыхына байланышкан контентти жайылтып жатканы айтылган. Белгилей кетсек, Польшада 11-июль күнү 1943-1945-жылдар аралыгында украин улутчулдары жасаган геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган бул күн "кандуу жекшемби" деп аталып калган. Бандерачылар кол салуу үчүн атайын эл сыйынууга чогулган жекшембини тандап алышкан эле, чиркөөгө чогулгандарды жылдырбай курчап, өлтүрүүгө ыңгайлуу болгон. Волынь кыргынында жалпысынан 100 000 поляк өмүрү менен кош айтышкан. * — Россияда тыюу салынган экстремисттик уюм
https://sputnik.kg/20250711/volyn-kyrgyny-tuuraluu-videobayan--1095250774.html
польша
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102242315_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_55f0e35462e0cae6850618f46857add5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, польша, украина, волынь кыргыны, степан бандера, качкын
дүйнөдө, польша, украина, волынь кыргыны, степан бандера, качкын
Польшадагы украиндер Волынь апааты эскерилер алдында Бандеранын сүрөтүн илишүүдө
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украиналык качкындар миңдеген поляктын өмүрүн алган Волынь апааты эскерилер алдында Польшанын көчөлөрүнө "Украина улутчулдарынын уюмунун" (УПА*) башчысы Степан Бандеранын сүрөтүн илип чыгышкан. Бул тууралуу Stop Grave кыймылынын өкүлүнө таянуу менен
РИА Новости жазды.
Бандеранын сүрөтүнүн алдына "биздин баатыр" деп жазылган. Баракчадагы Польшанын президенти Кароль Навроцкийдин сүрөтү кемсинткен сөздөр менен коштолгон. Буга чейин Польша парламентинде украин улутчулдары социалдык тармакта УПАнын тарыхына байланышкан контентти жайылтып жатканы айтылган.
Белгилей кетсек, Польшада 11-июль күнү 1943-1945-жылдар аралыгында украин улутчулдары жасаган геноциддин курмандыктары эскерилип келет. Бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган бул күн "кандуу жекшемби" деп аталып калган.
Бандерачылар кол салуу үчүн атайын эл сыйынууга чогулган жекшембини тандап алышкан эле, чиркөөгө чогулгандарды жылдырбай курчап, өлтүрүүгө ыңгайлуу болгон. Волынь кыргынында жалпысынан 100 000 поляк өмүрү менен кош айтышкан.
* — Россияда тыюу салынган экстремисттик уюм