https://sputnik.kg/20260707/1102289803.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери ачылды. Бул тууралуу Агартуу... 07.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-07T19:00+0600
2026-07-07T19:00+0600
2026-07-07T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/07/1102289637_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a38ce127425662f2842de202c723c162.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери ачылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, "Акылман" президенттик лицейинде өткөн иш-чарага парламент төрагасы, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Россия, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен келген жаш окумуштуулар, окуучулар, профессорлор жана илимий жетекчилер катышты. Төрага Марлен Маматалиев мындай аянтчалар жаш окумуштуулардын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосундагы илимий байланышты бекемдөөгө жардам берерин белгиледи. Лагердин катышуучулары изилдөөлөрүн "Акылман" лицейинин заманбап лабораторияларында жүргүзүшөт.
Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын учагы учууга даярданып, күүлөнүп бараткан учурда арткы шассилеринин бири сынып кетип, самолет көтөрүлө электе сол канатына кыйшайып токтогон. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя болгон учурда бортто 187 адам — 181и жүргүнчү, эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон. "Авиациялык керосин төгүлүп, учурда өрт өчүрүү кызматтары иштеп жатат. Бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Керосин тазаланмайынча учактарды кабыл алуу жана учуруу мүмкүн эмес", — дешти компаниядан. Кырсыкты Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги иликтей турганы кошумчаланды. Буга чейин окуядан кийин каттамдар саат 22:00гө чейин токтотулганы кабарланган.
"Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулуп, анын бет ачары "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышынын алкагында өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти. Маалымдалгандай, басылма индиялык окумуштуулар Хем Чандра Панде менен Рамакант Двиведи тарабынан Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баянынын негизинде даярдалган. Китепке "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтиги киргизилген.
Польша Россиянын изи менен баратат. Варшава Украина Польшанын жеринде жайгашкан деп эсептөөдө. Бул тууралуу Украинанын мурунку тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. "Малопольшенин эми россиялык Новороссия долбоорунан эмне айырмасы бар? Львов — Польша шаары деген позициянын Харьков менен Одесса россиялык калаалар дегенден эмнеси менен айырмаланат? Москва Украинанын денацификациясы тууралуу айтып жатса, эми Польша да ошол багытта баратат", — деди Кулеба.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 94 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 89 сом 90 тыйындан жогору, дизель майы литрине 93 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 8-июлда абанын температурасынын кескин жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшемби күнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +31...+33, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын региондорунда +22...+27 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетет.
Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери ачылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, "Акылман" президенттик лицейинде өткөн иш-чарага парламент төрагасы, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Россия, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен келген жаш окумуштуулар, окуучулар, профессорлор жана илимий жетекчилер катышты. Төрага Марлен Маматалиев мындай аянтчалар жаш окумуштуулардын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосундагы илимий байланышты бекемдөөгө жардам берерин белгиледи. Лагердин катышуучулары изилдөөлөрүн "Акылман" лицейинин заманбап лабораторияларында жүргүзүшөт. Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын учагы учууга даярданып, күүлөнүп бараткан учурда арткы шассилеринин бири сынып кетип, самолет көтөрүлө электе сол канатына кыйшайып токтогон. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя болгон учурда бортто 187 адам — 181и жүргүнчү, эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон. "Авиациялык керосин төгүлүп, учурда өрт өчүрүү кызматтары иштеп жатат. Бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Керосин тазаланмайынча учактарды кабыл алуу жана учуруу мүмкүн эмес", — дешти компаниядан. Кырсыкты Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги иликтей турганы кошумчаланды. Буга чейин окуядан кийин каттамдар саат 22:00гө чейин токтотулганы кабарланган. "Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулуп, анын бет ачары "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышынын алкагында өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти. Маалымдалгандай, басылма индиялык окумуштуулар Хем Чандра Панде менен Рамакант Двиведи тарабынан Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баянынын негизинде даярдалган. Китепке "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтиги киргизилген.Польша Россиянын изи менен баратат. Варшава Украина Польшанын жеринде жайгашкан деп эсептөөдө. Бул тууралуу Украинанын мурунку тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды. "Малопольшенин эми россиялык Новороссия долбоорунан эмне айырмасы бар? Львов — Польша шаары деген позициянын Харьков менен Одесса россиялык калаалар дегенден эмнеси менен айырмаланат? Москва Украинанын денацификациясы тууралуу айтып жатса, эми Польша да ошол багытта баратат", — деди Кулеба.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 94 тыйынга юань 12 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 89 сом 90 тыйындан жогору, дизель майы литрине 93 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 8-июлда абанын температурасынын кескин жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшемби күнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +31...+33, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын региондорунда +22...+27 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/07/1102289637_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cd072c07570f6dcfbb505fc193a6ffaa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио