00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Туяк
Кыргыз улуттук кийим маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого салымы чоң — Айдай Асангулова
19:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Хроническая конфликтность - Кубат Рахимов о новом мировом порядке без правил
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана жаштар: Кыргызстанды кимдер дүйнөгө таанытат?
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык айлык акы 21,3 пайызга өскөн. Былтыр январь–апрель айларында орточо маяна 40 миң 776 сом болгон. Инфляциянын деңгээли эске алынганда реалдуу айлык акы 9,9 пайызга көбөйгөн. Аймактар боюнча эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталган. Борбордо бул көрсөткүч 62 миң 674 сомду түздү. Облустар арасында орточо айлык акы төмөнкүдөй болду: Ысык-Көл облусу — 54 миң 52 сом; Талас облусу — 47 миң 110 сом; Нарын облусу — 46 миң 128 сом; Жалал-Абад облусу — 40 миң 581 сом; Чүй облусу — 38 миң 542 сом; Баткен облусу — 35 миң 665 сом; Ош облусу — 31 миң 995 сом. Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар расмий иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын камтыйт.
Баткендеги өткөрмө бекеттеринде коррупцияга шектелип 41 киши тергөөгө жеткирилди Кыргызстан – Өзбекстан мамлекеттик чек арасындагы "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү акча каражаты табылып, далил катары алынган. Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпысынан 41 адам кошумча тергөө иш-чараларына тартылган. Атайын кызмат алардын канчоосу кармалганын тактаган жок. "Кадамжай" өткөрмө бекетинен 17 чек арачы, Бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран жеткирилген. Ал эми "Чечме" өткөрмө бекетинен 11 чек арачы жана Бажы кызматынын 3 кызматкери тергөөгө жеткирилген. УКМК учурда мыйзамсыз акча чогултуу схемасына тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатканын билдирди.
Япония жана Түштүк Корея Кыргызстанда тиричилик техникасын чыгара башташы мүмкүн Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов өлкө дүйнөлүк ири бренддерди тартып, продукцияны Made in Kyrgyzstan бренди менен дүйнөгө жайылтууну көздөп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна чыгууга мүмкүндүк түзүп, өндүрүштүн салыштырмалуу төмөн өздүк наркы, арзан электр энергиясы жана орточо салык саясаты менен инвесторлорго кызыктуу болушу мүмкүн.
Киев облусунда украиналык ишкер Вадим Ермолаевге кол салууга шектелген аялдын сөөгү табылганы кабарланды. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ок жеп каза болгон аялдын сөөгү 6-июль күнү кечинде көмүлгөн жерден табылган. Бул иш боюнча эки адам кармалганы айтылууда. Алардын бири Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкери болсо, экинчиси — мурдагы укук коргоо органынын кызматкери. Эске салсак, 29-июнда Монакодо украиналык ишкер Вадим Ермолаевге каршы уюштурулган жардыруудан өзү, анын жанындагы аял жана уулу жаракат алган. Буга чейин Le Figaro (Лё Фигаро) басылмасы кол салуунун артында Украинанын Коопсуздук кызматы турушу мүмкүн деген божомолун жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0