https://sputnik.kg/20260707/1102281220.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кышкысын тартыш болгон электр энергиясын Пакистандан импорттоону көздөөдө. Эки өлкө учурда Casa-1000 долбоорун ишке ашыруу баскычында турат. Анын... 07.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-07T15:00+0600
2026-07-07T15:00+0600
2026-07-07T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/07/1102281054_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a229456c3f2234040f7956a9ff62d7c2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кышкысын тартыш болгон электр энергиясын Пакистандан импорттоону көздөөдө. Эки өлкө учурда Casa-1000 долбоорун ишке ашыруу баскычында турат. Анын алкагында Кыргызстан жайкысын ашыкча иштелип чыккан электр кубатын Пакистанга экспорт кылмак. “Бул маселе дагы деле актуалдуу. Бирок биз Пакистан тарапка аларда кышкысын ашыкча болгон электр кубатын Кыргызстанга импорттоо боюнча сунуш бердик. Экинчиден пакистандын портторунан Кыргызстан үчүн терминал алууну көздөп жатабыз. Август айында мамлекеттик органдар жана транспорттук компаниялар Пакистанга барып жеринен көрүп келишет”, — деди президенттин администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип.
ШКУга мүчө өлкөлөр бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатканын Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди. Аларга токтолсок: Карачи портун пайдалануу аркылуу логистиканы өнүктүрүү талкууланууда. Бул Кыргызстанга экспортту кеңейтүүгө, ал эми пакистандык бизнеске республика аркылуу ЕАЭБге чыгууга мүмкүнчүлүк берет Индиялык жана пакистандык компаниялар Кыргызстанда фармацевтикалык заводдорду курууга кызыкдар пакистандык компаниялар өлкөнүн табигый жана климаттык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен медициналык туризмди өнүктүрүүнү пландоодо Индиялык ишкерлер республикада Disneyland сыяктуу заманбап көңүл ачуу паркын курууну сунушташкан Кытайлык өнөктөштөр Кыргызстанда күн панелдерин жана күн электр станциялары үчүн жабдууларды чыгарган завод ачууну көздөп жатышат
Чет өлкөлүк номердеги унаалардын ээлери 1-сентябрга чейин аларды мыйзамдаштырышы же өлкөдөн чыгарып кетиши керек. Антпесе автоунаа жок кылынат Өкмөт сунуштаган токтом долбооруна ылайык, чет элдик номер менен жүргөн унаалардын ээлери 1-сентябрга чейин аларды каттоого алышы же өлкө аймагынан чыгарып кетиши зарыл. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, унаа соттун чечими менен мажбурлап утилдештирүүгө жиберилет. Белгилей кетсек, өкмөт жарыялаган мыйзамдаштыруу өнөктүгү 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө кирген унааларга гана тиешелүү. Бул мөөнөттөн кеч киргизилген транспорт каражаттары мыйзамдаштырылбайт, аларды же өлкөдөн чыгарып кетип, же утилге тапшырууга туура келет.
Балтика өлкөлөрү Россияга каршы кастык иштерге өз аймагын берип, от менен ойноп жатышат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин РИА Новости агенттигине билдирди. Ал Балтика боюндагы өлкөлөр НАТО менен Евробиримдиктин айтканынан чыкпай, Украинадагы жаңжал учурунда Россияга каршы кастык кылуу үчүн өз жерлерин берип жатышканын белгиледи. "Алар от менен ойноп жатышканын жакшы билишет", — деди Галузин. Буга чейин Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы Украинанын Куралдуу күчтөрү РФтин ички аймактарына жаңы чабуулдарды жасоого даярданып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, учкучсуз учуучу учактар Россияга тезирээк жетиши үчүн аларды дал ушул Балтика өлкөлөрүнүн аймагынан учуруу пландалууда.
Кыргызстан кышкысын тартыш болгон электр энергиясын Пакистандан импорттоону көздөөдө. Эки өлкө учурда Casa-1000 долбоорун ишке ашыруу баскычында турат. Анын алкагында Кыргызстан жайкысын ашыкча иштелип чыккан электр кубатын Пакистанга экспорт кылмак. “Бул маселе дагы деле актуалдуу. Бирок биз Пакистан тарапка аларда кышкысын ашыкча болгон электр кубатын Кыргызстанга импорттоо боюнча сунуш бердик. Экинчиден пакистандын портторунан Кыргызстан үчүн терминал алууну көздөп жатабыз. Август айында мамлекеттик органдар жана транспорттук компаниялар Пакистанга барып жеринен көрүп келишет”, — деди президенттин администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип.ШКУга мүчө өлкөлөр бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатканын Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди. Аларга токтолсок: Карачи портун пайдалануу аркылуу логистиканы өнүктүрүү талкууланууда. Бул Кыргызстанга экспортту кеңейтүүгө, ал эми пакистандык бизнеске республика аркылуу ЕАЭБге чыгууга мүмкүнчүлүк берет Индиялык жана пакистандык компаниялар Кыргызстанда фармацевтикалык заводдорду курууга кызыкдар пакистандык компаниялар өлкөнүн табигый жана климаттык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен медициналык туризмди өнүктүрүүнү пландоодо Индиялык ишкерлер республикада Disneyland сыяктуу заманбап көңүл ачуу паркын курууну сунушташкан Кытайлык өнөктөштөр Кыргызстанда күн панелдерин жана күн электр станциялары үчүн жабдууларды чыгарган завод ачууну көздөп жатышат Чет өлкөлүк номердеги унаалардын ээлери 1-сентябрга чейин аларды мыйзамдаштырышы же өлкөдөн чыгарып кетиши керек. Антпесе автоунаа жок кылынат Өкмөт сунуштаган токтом долбооруна ылайык, чет элдик номер менен жүргөн унаалардын ээлери 1-сентябрга чейин аларды каттоого алышы же өлкө аймагынан чыгарып кетиши зарыл. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, унаа соттун чечими менен мажбурлап утилдештирүүгө жиберилет. Белгилей кетсек, өкмөт жарыялаган мыйзамдаштыруу өнөктүгү 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө кирген унааларга гана тиешелүү. Бул мөөнөттөн кеч киргизилген транспорт каражаттары мыйзамдаштырылбайт, аларды же өлкөдөн чыгарып кетип, же утилге тапшырууга туура келет.Балтика өлкөлөрү Россияга каршы кастык иштерге өз аймагын берип, от менен ойноп жатышат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин РИА Новости агенттигине билдирди. Ал Балтика боюндагы өлкөлөр НАТО менен Евробиримдиктин айтканынан чыкпай, Украинадагы жаңжал учурунда Россияга каршы кастык кылуу үчүн өз жерлерин берип жатышканын белгиледи. "Алар от менен ойноп жатышканын жакшы билишет", — деди Галузин. Буга чейин Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы Украинанын Куралдуу күчтөрү РФтин ички аймактарына жаңы чабуулдарды жасоого даярданып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, учкучсуз учуучу учактар Россияга тезирээк жетиши үчүн аларды дал ушул Балтика өлкөлөрүнүн аймагынан учуруу пландалууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/07/1102281054_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bf4abecbec5375b2300fea9f496b5dc3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио