https://sputnik.kg/20260704/ali-khamenei-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-1102235510.html
Кыргыз делегациясы Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды. Тажиянын видеосу
Кыргыз делегациясы Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды. Тажиянын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Расмий Тегеран бул тажияга чет элдик делегация мүчөлөрүн кошкондо 15 миллиондон ашык адам келерин билдирген. 04.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-04T17:14+0600
2026-07-04T17:14+0600
2026-07-04T17:20+0600
дүйнөдө
иран
тегеран
акыркы сапар
тажия
али хаменеи
https://sputnik.kg/img/07ea/07/04/1102235845_0:146:3123:1903_1920x0_80_0_0_595ee356c829016b3a4bce9f59d80088.jpg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн, 4-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон Кыргызстандын делегациясы Ирандын курман болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Кыргыз делегациясын азем өтүүчү жайда Иран парламентинин вице-спикери тосуп алган. Протоколго ылайык, төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этип, андан соң Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү менен жолуккан. Эске салсак, Тегеран бүгүн Ислам Республикасынын руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатууда. Кечээ, жума күнү Ирандын жана чет элден келген коомдук жана саясий ишмерлер имам Хомейни мечитинде аятолланы эскерип, Куран окутушкан. Бүгүн ошол эле мечитте Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ал 6-июлга чейин уланат. Бийлик бул иш-чарага чет жактан келген конокторду кошкондо 15 миллиондон ашык адам келерин билдирген. Мечитке бир маалда он миңдеген киши батат жана эки күн катары менен 14 сааттан Куран окулат. Жеринде тартип сакчылар, Тез жардам кызматы күзөттө турат. Өлкө лидерин эскерүүгө келгендерге суу, ширелер таратылууда. Иран эли шаардагы 35 градустук ысыкка карабай, көчөгө чыгып, аза күтүүдө.Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.
https://sputnik.kg/20260704/iran-aksh-tramp-khamenei-akyrky-sapar-1102234152.html
иран
тегеран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/04/1102235845_197:0:2928:2048_1920x0_80_0_0_f84ecd344301bdb6e6191dd805f6ecf0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, тегеран, акыркы сапар, тажия, али хаменеи
дүйнөдө, иран, тегеран, акыркы сапар, тажия, али хаменеи
Кыргыз делегациясы Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды. Тажиянын видеосу
17:14 04.07.2026 (Жаңыртылды: 17:20 04.07.2026) Расмий Тегеран бул тажияга чет элдик делегация мүчөлөрүн кошкондо 15 миллиондон ашык адам келерин билдирген.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн, 4-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон Кыргызстандын делегациясы Ирандын курман болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз делегациясын азем өтүүчү жайда Иран парламентинин вице-спикери тосуп алган. Протоколго ылайык, төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этип, андан соң Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү менен жолуккан.
Эске салсак, Тегеран бүгүн Ислам Республикасынын руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатууда. Кечээ, жума күнү Ирандын жана чет элден келген коомдук жана саясий ишмерлер имам Хомейни мечитинде аятолланы эскерип, Куран окутушкан. Бүгүн ошол эле мечитте Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ал 6-июлга чейин уланат.
Бийлик бул иш-чарага чет жактан келген конокторду кошкондо 15 миллиондон ашык адам келерин билдирген. Мечитке бир маалда он миңдеген киши батат жана эки күн катары менен 14 сааттан Куран окулат. Жеринде тартип сакчылар, Тез жардам кызматы күзөттө турат. Өлкө лидерин эскерүүгө келгендерге суу, ширелер таратылууда. Иран эли шаардагы 35 градустук ысыкка карабай, көчөгө чыгып, аза күтүүдө.
Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.