https://sputnik.kg/20260704/iran-aksh-tramp-khamenei-akyrky-sapar-1102234152.html
Трамп АКШ Иранга бир апталык тыныгуу бергенин билдирди
Трамп АКШ Иранга бир апталык тыныгуу бергенин билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иранга алардын каза болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатып алышы үчүн "бир... 04.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-04T16:20+0600
2026-07-04T16:20+0600
2026-07-04T16:20+0600
дүйнөдө
иран
акш
вашингтон
дональд трамп
акыркы сапар
жакынкы чыгыш
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0a/1098464900_141:399:3072:2048_1920x0_80_0_0_e3274986dfda2524835cae434adf6707.jpg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иранга алардын каза болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатып алышы үчүн "бир жумалык тыныгуу" бергенин айтууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидери сүйлөшүүлөрдө бир апталык тыныгуу жарыяланганын так айткан жок, бирок мындай билдирүүсүн Вашингтон менен Тегерандын дискуссиясынын тегерегинде болуп жаткан сөзүндө кыйытып өттү. Ирандын мурдагы рухний лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлда, чет элдик коноктор, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин катышуусундагы иш-чаралар менен башталган. Анын негизги бөлүгү 4-июлдан 9-июлга чейин Ирандын бир катар шаарларында өтөт. Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.
https://sputnik.kg/20260703/aksh-iranga-ormuz-kysygy-boyuncha-sunush-kirgizdi-1102211342.html
иран
акш
вашингтон
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0a/1098464900_554:353:2814:2048_1920x0_80_0_0_be2ad5abc5b3dbc0bb11749423e682f1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, акш, вашингтон, дональд трамп, акыркы сапар, жакынкы чыгыш
дүйнөдө, иран, акш, вашингтон, дональд трамп, акыркы сапар, жакынкы чыгыш
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иранга алардын каза болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатып алышы үчүн "бир жумалык тыныгуу" бергенин айтууда. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Алар абалды жөнгө салууга абдан кызыкдар, ошондуктан сүйлөшүүгө умтулуп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу аларга бир жума убакыт бердик, бул биздин адамгерчилигибиз", — деген Трамп Түштүк Дакотадагы митингде айткан сөзүндө.
АКШ лидери сүйлөшүүлөрдө бир апталык тыныгуу жарыяланганын так айткан жок, бирок мындай билдирүүсүн Вашингтон менен Тегерандын дискуссиясынын тегерегинде болуп жаткан сөзүндө кыйытып өттү.
Ирандын мурдагы рухний лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлда, чет элдик коноктор, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин катышуусундагы иш-чаралар менен башталган. Анын негизги бөлүгү 4-июлдан 9-июлга чейин Ирандын бир катар шаарларында өтөт. Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.