https://sputnik.kg/20260703/75chiler-emnege-probatsiyaga-alyndy-1102215257.html
"75чилер каты" боюнча эркинен ажыратылгандар эмнеге пробацияга алынды. Түшүндүрмө
"75чилер каты" боюнча эркинен ажыратылгандар эмнеге пробацияга алынды. Түшүндүрмө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү. 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T11:58+0600
2026-07-03T11:58+0600
2026-07-03T11:58+0600
кыргызстан
"75чилер иши"
камчыбек ташиев
курманкул зулушев
нурланбек тургунбек уулу
сот
пробация
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102214468_0:280:1280:1000_1920x0_80_0_0_07952eec2b968d33651a87c6ab8a5ee3.jpg
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү. Сот айыпталуучулар кылмышты аягына чейин жасабай, ага даярдык көргөн деген бүтүм чыгарган. Өкүмдө алардын мүнөздөмөсү жана оңоло турганы эске алынган. Ошондой эле сот пробация жоопкерчиликтен бошотуу эмес, мамлекет көзөмөлдөгөн жаза чарасы экенин белгиледи. Эске салсак, аталган иш боюнча айыпталгандарга Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири төрт жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, баарынын тең мүлкү конфискацияланмакчы жана жазасын пробация менен өтөмөй болгон. Пробация — кылмыш жасаган адамды түрмөгө камабастан коомчулуктун ичинде тарбиялоого жана түзөтүүгө багытталган укуктук-социалдык чара. Бул жаза мөөнөтүн эркиндикте өтөө жана мамлекеттик органдардан психологиялык, социалдык, укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
https://sputnik.kg/20260618/spiker-choogo-salyshtyrdy-1101945843.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102214468_0:160:1280:1120_1920x0_80_0_0_d34d2e66aa5c8a59c9120f6936fc5f95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "75чилер иши", камчыбек ташиев, курманкул зулушев, нурланбек тургунбек уулу, сот, пробация
кыргызстан, "75чилер иши", камчыбек ташиев, курманкул зулушев, нурланбек тургунбек уулу, сот, пробация
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү.
Сот айыпталуучулар кылмышты аягына чейин жасабай, ага даярдык көргөн деген бүтүм чыгарган. Өкүмдө алардын мүнөздөмөсү жана оңоло турганы эске алынган. Ошондой эле сот пробация жоопкерчиликтен бошотуу эмес, мамлекет көзөмөлдөгөн жаза чарасы экенин белгиледи.
Эске салсак, аталган иш боюнча айыпталгандарга Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири төрт жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, баарынын тең мүлкү конфискацияланмакчы жана жазасын пробация менен өтөмөй болгон.
Пробация — кылмыш жасаган адамды түрмөгө камабастан коомчулуктун ичинде тарбиялоого жана түзөтүүгө багытталган укуктук-социалдык чара. Бул жаза мөөнөтүн эркиндикте өтөө жана мамлекеттик органдардан психологиялык, социалдык, укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.