00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
“Евразия” уюму Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартиби азыркыдан да катаалдашы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, бардык текшерүүлөр мындан ары "Бирдиктүү электрондук текшерүү реестри" аркылуу гана жүргүзүлөт. Реестрге киргизилбеген текшерүүлөр мыйзамсыз деп эсептелип, эч кандай укуктук күчкө ээ болбойт. Ишкер киргизбей койгонго акылуу. Ошондой эле бардык текшерүү боди-камера менен жүргүзүлүшү керек болот. Процесстер аудио жана видеоформатта жазылып, электрондук базага киргизилет. Текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги да күчөтүлүп, мыйзамсыз текшерүү үчүн инспектор жеке жоопкерчилик тартат. Эгер сот текшерүүнү мыйзамсыз деп тапса, ишкерге келтирилген чыгымды адегенде мамлекет төлөп берет, андан соң мамлекет акчаны күнөөлүү кызматкерден өндүрүп алат. Мындан тышкары, текшерүүлөр тобокелдиктерди баалоо системасынын негизинде жүргүзүлүп, кооптуу ишканаларга көбүрөөк көңүл бурулат.
Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү жана таш көп түшкөн 400-чакырымында 742 метрлик эки тилкелүү тоннель салынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жолдун 409-чакырымында таш кулоодон коргоочу курулмалар, ал эми 451-чакырымында жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулууда; тоннелдин Бишкек тараптан кире беришиндеги тоо бооруна коргоочу торлорду тартуу иштери 90 пайызга аяктады; курулушка керектүү болгон бетон заводу толугу менен курулуп бүттү. Ошондой эле инженер-консультанттар үчүн кеңсе жана лабораториянын курулушу аяктоо алдында турат; тоннелди курууга зарыл болгон бардык атайын материалдар Япониядан этап-этабы менен жеткирилүүдө. Учурда курулуш материалдарынын жети партиясы өлкөгө алып келинди. Бул масштабдуу долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылууда. Тоннелди толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган.
Бишкекте түнкү автобустардын жол киреси — накталай эмес 70 сом, накталай 90 сом болот. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, муниципалитет эртеңден баштап 6 маршрут боюнча автобустарды чыгарып, текшерип көрмөй болууда. Ал эми "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров элде тандоо укугу болушу керектигин айтып, түнкү каттамдарга накталай төлөм калтырылганын билдирди. Эске салсак, Бишкекте 1-июлдан тарта автобустарда жүрүүнүн жаңы тартиби ишке кирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0