https://sputnik.kg/20260625/darygerler-karmaldy-1102076741.html
Бишкекте эки дарыгер пара алууга шектелип кармалды
Бишкекте эки дарыгер пара алууга шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эки дарыгери пара алууга шектелип кармалды. Бул... 25.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-25T17:22+0600
2026-06-25T17:22+0600
2026-06-25T17:22+0600
кыргызстан
укмк
пара
коррупция
кылмыш
дарыгер
https://sputnik.kg/img/104472/82/1044728276_0:318:3073:2047_1920x0_80_0_0_2e51e0cc8daceb0c17b2d433bdbff8a1.jpg
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эки дарыгери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Ага ылайык, комиссиянын төрагасы Ч.Т. жана эксперт-дарыгер Т.Э. жарандардын майыптык макамын белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып турушкан. Атайын кызмат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупцияга аралашпоого, ал үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эстен чыгарбоого чакырды. Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Улукбек Карыбек уулу медициналык-социалдык эксперттик комиссияда документтерди тариздөө үчүн жарандардан акча талап кылынарын билдирген.
https://sputnik.kg/20260604/akcha-doolagan-advokat-karmaldy-1101709937.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104472/82/1044728276_172:0:2901:2047_1920x0_80_0_0_71f435e37259a600c57e41709322a5a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, пара, коррупция, кылмыш, дарыгер
кыргызстан, укмк, пара, коррупция, кылмыш, дарыгер
Бишкекте эки дарыгер пара алууга шектелип кармалды
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эки дарыгери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ага ылайык, комиссиянын төрагасы Ч.Т. жана эксперт-дарыгер Т.Э. жарандардын майыптык макамын белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып турушкан.
Атайын кызмат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупцияга аралашпоого, ал үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эстен чыгарбоого чакырды.
Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Улукбек Карыбек уулу медициналык-социалдык эксперттик комиссияда документтерди тариздөө үчүн
жарандардан акча талап кылынарын билдирген.