https://sputnik.kg/20260618/1101948295.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө балдарга кош фамилия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T13:00+0600
2026-06-18T13:00+0600
2026-06-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101948129_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_45544cf396c143ae3795d94bbe42950a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө балдарга кош фамилия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, ата-энелер баласына атасы менен апасынын фамилиясын дефис аркылуу бириктирип, каалаган тартипте ыйгарууга укуктуу болот. Бекешевге Елена Хан менен Титовдордун үй-бүлөсү балдарына Титов-Хан деген фамилия ыйгарууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок учурдагы мыйзамдарда балага кош фамилия берүү мүмкүнчүлүгү жок экени негиздемеде белгиленген. Эгер мыйзам кабыл алынса, бала Титов-Хан же Хан-Титов деп каттала алат. Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда үч фамилия берүүгө тыюу салуу каралган. Бул фамилиялардын өтө узарып кетишине жол бербөө максатында сунушталууда. Демилгенин авторлору белгилегендей, саамалык ата-эненин экөөнүн тең фамилиясын сактоого шарт түзөрү кошумчаланган.
Өлкөдөгү өрт өчүрүүчү техника 22-кабаттан жогору чыккан өрттү өчүрө албайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал белгилегендей, дүйнөлүк практикада өрт өчүрүүчү тепкичтин эң узуну 70 метрди түзөт. "Учурда куткаруучулардын карамагында мындай төрт гана автотехника бар. Экөө Бишкекте, экөө Ошто. Алардын тепкичтери эң көп дегенде 22-кабатка чейин көтөрүлөт. Андан жогору жерде чыккан өрттү өчүрүү мүмкүн эмес. Бийлик 40 кабатка чейин үйлөрдү курууну пландап жатат. Бирок мындай имараттарда өрттү өчүрүү үчүн атайын ички системалар болушу керек. Сууну имараттын ичине жеткирүүчү түтүктөр, атайын тепкичтер жана башка каражаттар зарыл. Бул куруучулар үчүн милдеттүү талап болушу керек", — деди ал. Чыныбаев ошондой эле ӨКМ бир миллион долларлык 60 метрлик өрт өчүрүүчү техникага буйрутма бергенин билдирди.
Борбор калаада энергетика жаатындагы Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 деп аталган жогорку технологиялар менен жабдуулардын көргөзмөсү ачылды. Иш-чара Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. "Бүгүн катардагы эле эмес, жаңы идеялардын, технологиялардын, стратегиялык өнөктөштүктүн аянтын ачып жатабыз. Бул энергетиканын келечегин аныктамакчы. Кыргызстан бул тармактагы кызматташууда ишенимдүү өнөктөш катары аймактын туруктуу энергетикалык келечегин курууга даяр", — деди көргөзмөгө келген энергетика министри Алтынбек Рысбеков.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун жар салды. Буга чейин Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи документке аралыктан электрондук форматта кол коюлганын кабарлаган. Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттеме алышкан, мындан тышкары, бири-биринин ички ишине кийлигишпейт. Документтин негизги жерлерине токтолсок, АКШ жана анын Жакынкы Чыгыштагы союздаштары Иранды калыбына келтирүү программасын иштеп чыгышы керек, анын суммасы 300 миллиард доллардан кем болбошу зарыл; Вашингтон акыркы макулдашууда белгиленген мөөнөт аралыгында Тегерандан акырындап санкцияларды ала баштайт; Иран өзөктүк курал чыгаруудан жана ага ээлик кылуудан баш тартканын тастыктайт; өзөктүк куралга байланышкан маселелердин баары МАГАТЭнин көзөмөлүндө жөнгө салынат; Иран 60 күн бою Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акы албайт.
Өлкөдө балдарга кош фамилия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, ата-энелер баласына атасы менен апасынын фамилиясын дефис аркылуу бириктирип, каалаган тартипте ыйгарууга укуктуу болот. Бекешевге Елена Хан менен Титовдордун үй-бүлөсү балдарына Титов-Хан деген фамилия ыйгарууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок учурдагы мыйзамдарда балага кош фамилия берүү мүмкүнчүлүгү жок экени негиздемеде белгиленген. Эгер мыйзам кабыл алынса, бала Титов-Хан же Хан-Титов деп каттала алат. Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда үч фамилия берүүгө тыюу салуу каралган. Бул фамилиялардын өтө узарып кетишине жол бербөө максатында сунушталууда. Демилгенин авторлору белгилегендей, саамалык ата-эненин экөөнүн тең фамилиясын сактоого шарт түзөрү кошумчаланган.Өлкөдөгү өрт өчүрүүчү техника 22-кабаттан жогору чыккан өрттү өчүрө албайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал белгилегендей, дүйнөлүк практикада өрт өчүрүүчү тепкичтин эң узуну 70 метрди түзөт. "Учурда куткаруучулардын карамагында мындай төрт гана автотехника бар. Экөө Бишкекте, экөө Ошто. Алардын тепкичтери эң көп дегенде 22-кабатка чейин көтөрүлөт. Андан жогору жерде чыккан өрттү өчүрүү мүмкүн эмес. Бийлик 40 кабатка чейин үйлөрдү курууну пландап жатат. Бирок мындай имараттарда өрттү өчүрүү үчүн атайын ички системалар болушу керек. Сууну имараттын ичине жеткирүүчү түтүктөр, атайын тепкичтер жана башка каражаттар зарыл. Бул куруучулар үчүн милдеттүү талап болушу керек", — деди ал. Чыныбаев ошондой эле ӨКМ бир миллион долларлык 60 метрлик өрт өчүрүүчү техникага буйрутма бергенин билдирди.Борбор калаада энергетика жаатындагы Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 деп аталган жогорку технологиялар менен жабдуулардын көргөзмөсү ачылды. Иш-чара Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. "Бүгүн катардагы эле эмес, жаңы идеялардын, технологиялардын, стратегиялык өнөктөштүктүн аянтын ачып жатабыз. Бул энергетиканын келечегин аныктамакчы. Кыргызстан бул тармактагы кызматташууда ишенимдүү өнөктөш катары аймактын туруктуу энергетикалык келечегин курууга даяр", — деди көргөзмөгө келген энергетика министри Алтынбек Рысбеков. АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун жар салды. Буга чейин Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи документке аралыктан электрондук форматта кол коюлганын кабарлаган. Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттеме алышкан, мындан тышкары, бири-биринин ички ишине кийлигишпейт. Документтин негизги жерлерине токтолсок, АКШ жана анын Жакынкы Чыгыштагы союздаштары Иранды калыбына келтирүү программасын иштеп чыгышы керек, анын суммасы 300 миллиард доллардан кем болбошу зарыл; Вашингтон акыркы макулдашууда белгиленген мөөнөт аралыгында Тегерандан акырындап санкцияларды ала баштайт; Иран өзөктүк курал чыгаруудан жана ага ээлик кылуудан баш тартканын тастыктайт; өзөктүк куралга байланышкан маселелердин баары МАГАТЭнин көзөмөлүндө жөнгө салынат; Иран 60 күн бою Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акы албайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101948129_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0a55d401273ef484c93446ef96372363.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио