00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолу ачылды: жүк ташуу жана өлкө ичиндеги каттам кандай өзгөрөт?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанга Албаниянын президенти Байрам Бегай расмий сапар менен келгенин мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты. Анын учагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конуп, аба майдандан конокту Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алган. Маалымат кызматы сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп жана маданий иш-чараларга да катыша турганын билдиришти.
Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкканын Агартуу министрлиги маалымдады. Ага ылайык, бул жылы 55 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" ээ болгон. Эң жогорку балл 239ду түзүп, мындай көрсөткүчкө эки кыз жеткен. Алар — Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебининен Айдай Абылаева, Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынан Сезимай Акматова болду. Агартуу министри Доктуркүл Кендирбаева эки бүтүрүүчүгө телефон чалып, сүйүнчүлөп, каалоосун айтты."Алтын сертификат" ээлери өлкөдөгү каалаган жогорку окуу жайына тапшыра алышат. Эскерте кетсек, былтыр эң көп балл 242 болуп, аны Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов топтогон.
Улуу талант жана улуу устат Улукмырза Полотов дүйнө салды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шакирттери билдирди. КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын профессору, "Манас" орденин ээси 83 жаштагы болчу. Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган. Ал төрөлөөрдө атасы согушка кетип, атын "айылдын керегине жараган мырза болсун" деп таятасы койгон экен. 1973-жылы Фрунзедеги Искусство институтун бүтүрүп, узак убакыт Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти болуп иштеген. 1983-жылдан баштап филармониянын алдындагы студияда, Искусство институтунда, консерваторияда эмгектенген. Аны чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү "улуу устат" деп коюшчу жана ал кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызын өстүргөн. Полотов таптаган таланттар азыркы кыргыз сахнасынын алптары. Шакирттеринин алды Европанын сахналарын багындырып жүрөт.
Евразия элдерин орус тили аркылуу гана бириктирүүгө болот. Бардыгы ар башка тилдерде сүйлөгөн кезде, маселен, биз жана батыш дүйнөсү сыяктуу болгондо баалуулуктар да ар кыл болуп калат. Бул туурасында өзбекстандык режиссер Саид Туляганов Сочиде өтүп жаткан "Евразия-Кинофест" кинофестивалында айтты. Режиссер өзү иштеген телеканалда 2018-жылдары бир гана анын берүүсү орус тилинде болсо, азыр канал бүтүндөй аталган тилге өткөнүн айтып берген. "Орус дүйнөсү кайтып келе жатат. Бул абдан жакшы. Менимче, дал ушул орус тили аркылуу гана бул мейкиндикти кайра бириктирүүгө мүмкүн. Себеби бири-бирин түшүнбөй калганда баалуулуктар да окшош болбойт. "Маселен, батыш дүйнөсү баары англис тилдүү дүйнө да, алардын баалуулуктары англистердики, америкалыктардыкы. Ал эми биздики орус тилдүү, орусча. Алар да ар башка, албетте. Бирок, менин оюмча, тил — бардыгына эң негизги ачкыч", — деген режиссер. Сочиде кезектеги "Евразия-Кинофест" эл аралык кинофестивалы өтүп жатат. Киномайрамга 53 мамлекеттен өкүлдөр катышууда. Аны "Евразия" уюму уюштурган.
Жаңылыктар түрмөгү
0