https://sputnik.kg/20260611/bishkekte-minzhylkyyev-kochosunun-kurulushu-bashtaldy-1101830091.html
Жер алдына эки өтмөк салынат. Бишкекте Миңжылкыев көчөсүнүн курулушу башталды
Жер алдына эки өтмөк салынат. Бишкекте Миңжылкыев көчөсүнүн курулушу башталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Бишкек шаарында Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери Башкы пландын алкагында башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. 11.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-11T14:54+0600
2026-06-11T14:54+0600
2026-06-11T15:13+0600
кыргызстан
бишкек
кыргыз-түрк "манас" университети
мэрия
жол
курулуш
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101829946_0:0:899:506_1920x0_80_0_0_928de46ca5156bcc3e3a5fd03fc618b5.jpg
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Бишкек шаарында Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери Башкы пландын алкагында башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолукту. Эске салсак, бүгүн бул боюнча ЖОЖдогулар тосмону алууга реакция жасаган видео тараган. Шаардын башчысы долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, шаардыктардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмө берген. Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчөнүн туурасы сегиз метр болмокчу. Жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандырылат. Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жээги менен өтүп, ЖОЖдун студенттеринин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн мэрия жер алдына эки өтмөк салмакчы.
https://sputnik.kg/20260611/manas-universitetinde-kurulush-toktotuldu-1101828436.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101829946_75:0:875:600_1920x0_80_0_0_90cd02dc4078954965741372e12d016b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, кыргыз-түрк "манас" университети, мэрия, жол, курулуш
кыргызстан, бишкек, кыргыз-түрк "манас" университети, мэрия, жол, курулуш
БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Бишкек шаарында Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштери Башкы пландын алкагында башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин өкүлдөрү менен жолукту. Эске салсак, бүгүн бул боюнча ЖОЖдогулар тосмону алууга
реакция жасаган видео тараган.
Шаардын башчысы долбоордун мааниси, анын негизги параметрлери, шаардыктардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо боюнча каралган чаралар тууралуу түшүндүрмө берген. Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчөнүн туурасы сегиз метр болмокчу. Жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар салынып, жашылдандырылат.
"Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектин Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү автотыгынды азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт", — деп мэриядан билдиришти.
Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жээги менен өтүп, ЖОЖдун студенттеринин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн мэрия жер алдына эки өтмөк салмакчы.