https://sputnik.kg/20260523/kyrgyzstan-namibiya-menen-zhashyl-ehnergetika-boyuncha-kyzmattashat-1101477576.html
Кыргызстан эми Намибия менен кызматташат. ТИМ башчысынын алгачкы сапары
Кыргызстан эми Намибия менен кызматташат. ТИМ башчысынын алгачкы сапары
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапары менен Намибия Республикасына барып, эл аралык байланыштар жана соода министри... 23.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-23T10:38+0600
2026-05-23T10:38+0600
2026-05-24T13:01+0600
кыргызстан
намибия
тим
жээнбек кулубаев
эл аралык мамиле
кызматташтык
https://sputnik.kg/img/07ea/05/17/1101477179_0:213:900:719_1920x0_80_0_0_19ea3cb33e71969d24544ef2a9174358.jpg
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапары менен Намибия Республикасына барып, эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-намибиялыктар мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташкан. Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча эки өлкөнүн позициясы бирдей экенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20260504/sejshel-araldaryna-baruuga-ehmi-viza-talap-kylynbajt-1101117029.html
намибия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/17/1101477179_0:263:900:938_1920x0_80_0_0_742cf5e2fe775500675bcf4423b3a878.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, намибия, тим, жээнбек кулубаев, эл аралык мамиле, кызматташтык
кыргызстан, намибия, тим, жээнбек кулубаев, эл аралык мамиле, кызматташтык
Кыргызстан эми Намибия менен кызматташат. ТИМ башчысынын алгачкы сапары
10:38 23.05.2026 (Жаңыртылды: 13:01 24.05.2026) БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапары менен Намибия Республикасына барып, эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-намибиялыктар мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташкан.
"Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, туризм жана жашыл энергетика тармактарындагы практикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча эки өлкөнүн позициясы бирдей экенин белгиледи.