00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...Бүгүн Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өттү “Ала-Тоо Резорт” долбоору кытайлык инвесторлордун кызыгуусун жараттыӨлкө аймагында бир күндө 13 сел кырсыгы катталды. Алдыда кененирээк токтолобуз.Өлкө аймагында бир күндө 13 сел кырсыгы катталды. Кечээ 22-май күнү Кыргызстандын түштүк аймактарында жааган катуу жаандын кесепетинен өлкө аймагында жалпысынан 13 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, саат 20:10го карата сел жүргөн аймактар төмөнкүчө катталган: Жалал-Абад облусунда: Аксы районунда — 3 сел; Таш-Көмүр шаарында — 2; Манас шаарында — 1; Сузак районунда — 1. Ош облусунда: Алай районунда — 2; Ноокат районунда — 1; Кара-Суу районунда — 1; Кара-Кулжа районунда — 1. Талас облусунда: Манас районунда — 1 сел кырсыгы. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда жер-жерлерде кырдаалды тактоо, кооптуу аймактарды көзөмөлдөө жана селдин кесепеттерин жоюу иштерине тиешелүү күчтөр менен техникалар тартылган. Адистер жарандарды жаан-чачын маалында коопсуздук эрежелерин сактоого жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарда этият болууга чакырууда.
Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда 2026-жылдын 22-майында кечки саат 19:10 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрүп, бир катар турак жайлар менен социалдык объектилерди суу каптады.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Барпы Сейил, Эркиндик, Курортная жана Токтогул көчөлөрүндөгү үйлөрдүн короолоруна жаан суулары кирген.Алдын ала эсептөөлөр боюнча:24 турак үйдүн короосу;3 турак үйдүн ичи жана 1 үйдүн жер төлөөсү;2 социалдык объект;3 мекеменин короосу;5 соода түйүнү жабыркаган.Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпысынан 338 куткаруучу жана кызматкер тартылып, 14 техника, 8 мотопомпа колдонулууда. Кечки саат 23:00гө карата 3 турак үйдүн ичине кирген суу сыртка чыгарылып, аймак коопсуз абалга келтирилди. Учурда аймактарда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов жетектеген штаб тарабынан координациялык иштер жүргүзүлүүдө.Тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдөөнү улантып, кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылды.
Бүгүн Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өттү Ага 1200дөн ашуун адам катышып, 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркады. Ушул эле күнү жарым марафонго Россиянын бардык аймактарында 200 миңден ашуун адам чыкты. Ал жакта иш-чара 10-жолу өтүп жатат. Ошондой эле башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кытай, Беларусь, Армения жана башка мамлекеттерде 45 миңдей жөө күлүк катышары айтылган. Иш-чара "ЗаБег.РФ" долбоорунун алкагында Спорт агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен уюштурулду.
Ысык-Көлдө курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” туристтик долбоору менен кытайлык ири инвестициялык жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү таанышты. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААК билдирди. Делегацияга долбоордун концепциясы, курулуш этаптары жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү пландары сунушталды. Ошондой эле коноктор курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.Кытай тарап долбоордун эл аралык туризмди өнүктүрүүдөгү потенциалын жогору баалап, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0