00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо тартиби жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби бекитилди. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүргүзгөн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка субъекттердин ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоо президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлдү.
Кыргызстанда 40 райондун жер фонду боюнча маалыматтар толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү. Инвентаризациянын жыйынтыгы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте талкууланды. Маалыматка ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана бардык картографиялык материалдарды жана ведомостторду санарип форматка өткөрүп бүткөн. Иштин жүрүшүндө адистер ар бир айыл аймактагы жерлердин аянтын тактап, участоктордун категориясы, түрү жана көлөмү боюнча маалыматтарды бирдиктүү электрондук базага киргизишти. Жаңыланган жер маалыматтары 2026-жылдын аягына чейин министрликтерге, ведомстволорго, ишканаларга жана жарандарга толук жеткиликтүү болот деп күтүлүүдө.
28-майда Бишкектеги Русский домдо "Менин үй-бүлөмдүн баатыры" аталышындагы тегерек стол уюштурулат. Иш-чарага каалоочулардын баары катышса болот. Катышуучулар үй-бүлөсүндөгү баатырлар, алардын өмүр жолу жана жеке эскерүүлөрү тууралуу айтып бере алышат. Үй-бүлөлүк архивден сүрөттөрдү алып келүү же презентация даярдоо да сунушталат. Катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Иш-чара "Память народа – Эл эстейт" коомдук бирикмесинин жаштар долбоорлорунун координатору Александр Бутрин тарабынан, Бишкектеги Русский домдун колдоосу менен уюштурулууда. Долбоор "Жаштар идеяларынын аймагы – 2026" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Анын максаты — тарыхый эс тутумду сактоо жана фашизмди жеңүүдөгү совет элинин, ошондой эле ар бир үй-бүлөнүн жеке салымын даңазалоо.
24-майда дүйнөдө Славян жазмасынын жана маданиятынын күнү белгиленет. Бул дата славян агартуучулары Кирилл менен Мефодийдин элесине арналган. IX кылымда алар славян тилиндеги алгачкы жазуу системасы — глаголицаны түзүүгө негиз салышкан. Кийин анын негизинде кирилл жазмасы калыптанган. Бүгүнку күндө кириллицаны дүйнө жүзүндө 400 миллиондон ашык адам колдонот. Кыргызстанд
Жаңылыктар түрмөгү
0