https://sputnik.kg/20260522/1101472002.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Айрым асыл тукум малды экспорттоого уруксат берилди Бишкекте эми түндө да автобустар каттай башташы мүмкүнКыргызстанда балык майына болгон суроо-талап кескин... 22.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-22T17:00+0600
2026-05-22T17:00+0600
2026-05-22T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101471836_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1967be1f9bb24383c75e232632956313.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Айрым асыл тукум малды экспорттоого уруксат берилди Бишкекте эми түндө да автобустар каттай башташы мүмкүнКыргызстанда балык майына болгон суроо-талап кескин өстүЖогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларустун Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолукту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында өттү. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Маматалиев акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелери жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга токтолду. "Биздин алдыбызда 2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максат турат. Муну биргелешкен аракеттер аркылуу ишке ашырышыбыз керек", - деди Маматалиев. Мындан сырткары, төрага Жогорку Кеңешти санариптештирүү багытында жүрүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылып, бул жааттагы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Айрым асыл тукум малды экспорттоого уруксат берилди Минкаб буга чейин мал экспортуна тыюу салган. Токтомго өзгөртүү киргизип, асыл тукум кой-козуларды жана кочкорлорду экспорттоого уруксат берди. Ошондой эле Кыргызстанда өстүрүлбөгөн жана “Кыргыз Агрохолдинг” аркылуу чыгарылуучу малга дагы чектөө колдонулбайт. Буга чейин айыл чарба министри Эрлист Акунбеков “Арашан” породасындагы койлордун экспортуна уруксат берилерин билдирген.
Быйыл Курман айттын намазы Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат. Бул тууралуу муфтият кабарлады. Ал эми Ош шаарында борбордук аянтта окула турган болду. Эки жакта тең намаз саат 7:30да башталат. Ага чейин куран окулуп, баяндар айтылат. Белгилей кетсек, Курман айт быйыл 27-майга белгиленген.
Борбор калаада түнкүсүн да автобустар жүрөт. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Андагы жол кире 50-70 сомдун тегерегинде болмокчу. Калаа башчысы жалпы автобустарга токтолуп, 200үнө кондиционер орнотуларын айтты. Мындан тышкары, автобус жүргөн бардык көчөлөр үчүн атайын чийиндер түшмөкчү. "Учурда жаңы маршруттарды тузүп жатабыз. Анткени жаңы автобекет жана "Ош" базары курулууда. Тейлөө үчүн шаарды тегерете автобустар жүрө баштайт", — деди мэр. Бүгүн шаар башчысы ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, ишин көрсөтүп жүрөт.
Кыргызстанда балыктын майын издегендер көбөйдү. Быйыл январь-февраль айларында өлкөдө балык майын сатып алгандардын саны былтыркыга салыштырганда 5 эсе көбөйгөн. Өлкө бул мезгил ичинде 84 тонна азык импорттогон. Анын бир аз бөлүгү Түркиядан келсе, товардын 98 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкө Россиядан кирген.
Түндө украин армиясынын Старобельск шаарындагы (ЛЭР) окуу жайдын имараты менен жатаканасына койгон чабуулдун кесепетинен төрт адам көз жуумп, 35и жаракат алды. Учурда урандынын алдында калгандарды издеп жатышат. Беш кабаттуу жатакана 2-кабатына чейин талкаланган. Чабуул коюлган учурда 14–18 жаштын ортосундагы 86 өспүрүм болгон. Азыр каза тапкандар менен жаракат алгандардын саны такталып жатат. РФтин Тергөө комитенинин маалыматына таянсак, соккуну самолет тибиндеги пилотсуз төрт учак урган. Теракт беренеси боюнча иш козголду. "Кылмыш иштин алкагында жай жарандарга дронду багыттаган украиналык аскерлердин бул ишине укуктук баа берилет", — деп айтылган анда.
Айрым асыл тукум малды экспорттоого уруксат берилди Бишкекте эми түндө да автобустар каттай башташы мүмкүнКыргызстанда балык майына болгон суроо-талап кескин өстүЖогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларустун Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолукту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында өттү. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Маматалиев акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелери жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга токтолду. "Биздин алдыбызда 2030-жылга чейин эки тараптуу товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максат турат. Муну биргелешкен аракеттер аркылуу ишке ашырышыбыз керек", - деди Маматалиев. Мындан сырткары, төрага Жогорку Кеңешти санариптештирүү багытында жүрүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылып, бул жааттагы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.Айрым асыл тукум малды экспорттоого уруксат берилди Минкаб буга чейин мал экспортуна тыюу салган. Токтомго өзгөртүү киргизип, асыл тукум кой-козуларды жана кочкорлорду экспорттоого уруксат берди. Ошондой эле Кыргызстанда өстүрүлбөгөн жана “Кыргыз Агрохолдинг” аркылуу чыгарылуучу малга дагы чектөө колдонулбайт. Буга чейин айыл чарба министри Эрлист Акунбеков “Арашан” породасындагы койлордун экспортуна уруксат берилерин билдирген. Быйыл Курман айттын намазы Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат. Бул тууралуу муфтият кабарлады. Ал эми Ош шаарында борбордук аянтта окула турган болду. Эки жакта тең намаз саат 7:30да башталат. Ага чейин куран окулуп, баяндар айтылат. Белгилей кетсек, Курман айт быйыл 27-майга белгиленген.Борбор калаада түнкүсүн да автобустар жүрөт. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Андагы жол кире 50-70 сомдун тегерегинде болмокчу. Калаа башчысы жалпы автобустарга токтолуп, 200үнө кондиционер орнотуларын айтты. Мындан тышкары, автобус жүргөн бардык көчөлөр үчүн атайын чийиндер түшмөкчү. "Учурда жаңы маршруттарды тузүп жатабыз. Анткени жаңы автобекет жана "Ош" базары курулууда. Тейлөө үчүн шаарды тегерете автобустар жүрө баштайт", — деди мэр. Бүгүн шаар башчысы ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, ишин көрсөтүп жүрөт. Кыргызстанда балыктын майын издегендер көбөйдү. Быйыл январь-февраль айларында өлкөдө балык майын сатып алгандардын саны былтыркыга салыштырганда 5 эсе көбөйгөн. Өлкө бул мезгил ичинде 84 тонна азык импорттогон. Анын бир аз бөлүгү Түркиядан келсе, товардын 98 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкө Россиядан кирген.Түндө украин армиясынын Старобельск шаарындагы (ЛЭР) окуу жайдын имараты менен жатаканасына койгон чабуулдун кесепетинен төрт адам көз жуумп, 35и жаракат алды. Учурда урандынын алдында калгандарды издеп жатышат. Беш кабаттуу жатакана 2-кабатына чейин талкаланган. Чабуул коюлган учурда 14–18 жаштын ортосундагы 86 өспүрүм болгон. Азыр каза тапкандар менен жаракат алгандардын саны такталып жатат. РФтин Тергөө комитенинин маалыматына таянсак, соккуну самолет тибиндеги пилотсуз төрт учак урган. Теракт беренеси боюнча иш козголду. "Кылмыш иштин алкагында жай жарандарга дронду багыттаган украиналык аскерлердин бул ишине укуктук баа берилет", — деп айтылган анда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101471836_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1e135560cecc0679c53fca17e2f39dae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио