https://sputnik.kg/20260522/1101468580.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана техника министрлеринин жыйыны башталдыОшто 10 гектар аянтка сейил бак курулуудаӨлкөдө автокырсыктан өлгөндөрдүн саны эмнеге... 22.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-22T15:00+0600
2026-05-22T15:00+0600
2026-05-22T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101468414_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_27773b6675f42a4e3b313a4142e478cf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана техника министрлеринин жыйыны башталдыОшто 10 гектар аянтка сейил бак курулуудаӨлкөдө автокырсыктан өлгөндөрдүн саны эмнеге көп экенин жол милициясы түшүндүрдүБыйыл 1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде чет өлкөнүн товарларын көзөмөлдөгөн механизм иштей баштайт. Бул туурасында ЕЭКтен кабарлашты. Кеп бажы жагынан катталып, жол-жоболоштуруудан өткөндөн кийин биримдиктин бир мамлекетинен экинчисине ташылуучу товарлар жөнүндө болуп жатат. Биринчи этапта көзөмөлдөө механизми муздаткычтар, тоңдургучтар, кир жуугуч машиналар жана телевизорлор үчүн киргизилет. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши аталган системаны туруктуу ишке киргизүү үчүн ченемдик базаны түзүүнү чечим менен бекитип, жыйынтыктады. 2022-2025-жылдары бул механизм сынамык тартипте иштеген.
Өлкөдө автокырсыктан көз жумгандардын саны эмнеге көп болуп жатканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Жумагуловдун айтымында, жол кырсыктарынын 93 пайызы рулдагылардын күнөөсүнөн болот. "Негизги себептердин бири — кээ бир айдоочулардын мыйзамды тоготпогону. Бул — машина айдагандардын болгон-бүткөн маданияты, жолдо жүрүүнүн эрежелерин билбегендиги, эрежени одоно бузуп, өтө ылдам айдап, жолдун каршы тилкеге чыга калышы", — деди жетекчи.
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана техника министрлеринин жыйыны башталды. Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда. ШКУ баш катчысынын орун басары Сухэль Хан бүгүнкү күндүн технологиялык чакырыктарына жооп берүү үчүн уюм өлкөлөрүнүн интеллектуалдык потенциалы чоң экенин, кадр жаатында да маселе жаралбастыгын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөдө жасалма интеллект, санарип экономика, кайра калыбына келүүчү ресурстар менен биотехнология арыштап өнүгүп жатат, андыктан илимий-техникалык кызматташуу ШКУ мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсү менен технологиялык көз карандысыздыгынын маанилүү куралы болуп саналат.
Борбор калаада 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.Шаар башчысы электрондук төлөмү жоктор автобуска түшүрүлбөй турганын айтты. Ал жол киренин баасы быйыл өзгөрүүсүз каларын, 2027-жылга сунуштар киргизилип жатканын, бирок карап көрө тургандыктарын кошумчалады.
Ош шаарында 10 гектар аянтка сейил бак курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн мэр Жанарбек Акаев шаардын Н. Исанов көчөсүндө Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан парктын абалы менен таанышты. Аталган сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн баштап Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейин жалпы 10 гектарды ээлеген аянтка курулууда. Сейил бак заманбап болуп курулуп, тургундарга бардык шарт каралат. Ошондой эле анын аймагына жайкы театр да курулуп жатат. Учурда объектте 30дан ашык техника иштеп, таман-таш төшөө, дарактарды иретке келтирүү, асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана техника министрлеринин жыйыны башталдыОшто 10 гектар аянтка сейил бак курулуудаӨлкөдө автокырсыктан өлгөндөрдүн саны эмнеге көп экенин жол милициясы түшүндүрдүБыйыл 1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде чет өлкөнүн товарларын көзөмөлдөгөн механизм иштей баштайт. Бул туурасында ЕЭКтен кабарлашты. Кеп бажы жагынан катталып, жол-жоболоштуруудан өткөндөн кийин биримдиктин бир мамлекетинен экинчисине ташылуучу товарлар жөнүндө болуп жатат. Биринчи этапта көзөмөлдөө механизми муздаткычтар, тоңдургучтар, кир жуугуч машиналар жана телевизорлор үчүн киргизилет. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши аталган системаны туруктуу ишке киргизүү үчүн ченемдик базаны түзүүнү чечим менен бекитип, жыйынтыктады. 2022-2025-жылдары бул механизм сынамык тартипте иштеген.Өлкөдө автокырсыктан көз жумгандардын саны эмнеге көп болуп жатканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Жумагуловдун айтымында, жол кырсыктарынын 93 пайызы рулдагылардын күнөөсүнөн болот. "Негизги себептердин бири — кээ бир айдоочулардын мыйзамды тоготпогону. Бул — машина айдагандардын болгон-бүткөн маданияты, жолдо жүрүүнүн эрежелерин билбегендиги, эрежени одоно бузуп, өтө ылдам айдап, жолдун каршы тилкеге чыга калышы", — деди жетекчи.Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана техника министрлеринин жыйыны башталды. Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда. ШКУ баш катчысынын орун басары Сухэль Хан бүгүнкү күндүн технологиялык чакырыктарына жооп берүү үчүн уюм өлкөлөрүнүн интеллектуалдык потенциалы чоң экенин, кадр жаатында да маселе жаралбастыгын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөдө жасалма интеллект, санарип экономика, кайра калыбына келүүчү ресурстар менен биотехнология арыштап өнүгүп жатат, андыктан илимий-техникалык кызматташуу ШКУ мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсү менен технологиялык көз карандысыздыгынын маанилүү куралы болуп саналат.Борбор калаада 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.Шаар башчысы электрондук төлөмү жоктор автобуска түшүрүлбөй турганын айтты. Ал жол киренин баасы быйыл өзгөрүүсүз каларын, 2027-жылга сунуштар киргизилип жатканын, бирок карап көрө тургандыктарын кошумчалады. Ош шаарында 10 гектар аянтка сейил бак курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн мэр Жанарбек Акаев шаардын Н. Исанов көчөсүндө Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан парктын абалы менен таанышты. Аталган сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн баштап Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейин жалпы 10 гектарды ээлеген аянтка курулууда. Сейил бак заманбап болуп курулуп, тургундарга бардык шарт каралат. Ошондой эле анын аймагына жайкы театр да курулуп жатат. Учурда объектте 30дан ашык техника иштеп, таман-таш төшөө, дарактарды иретке келтирүү, асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101468414_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8f089015908b39248bc97174d6cfdb23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио