https://sputnik.kg/20260522/1101465869.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө ыдык көрсөтүп, бузукулук кылгандардын реестри түзүлөтТрамп Гренландияны күч менен басып алуу оюнан баш тарттыЖарым жылдык айдоочулук күбөлүк киргизилди... 22.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-22T13:00+0600
2026-05-22T13:00+0600
2026-05-22T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101465703_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ae481571b124ea1a7167bb5f613619ff.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө ыдык көрсөтүп, бузукулук кылгандардын реестри түзүлөтТрамп Гренландияны күч менен басып алуу оюнан баш тарттыЖарым жылдык айдоочулук күбөлүк киргизилди. Документ Кыргызстанда гана жарактуу болотКыргызстанда ыдык көрсөткөндөр менен бузукулук кылып кишиге асылгандардын бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Данияр Сапарбаев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынга катышкан. Сапарбаевдин айтымында, жыл башынан бери ИИМде атайын жумушчу топ иштеп, ага кылмыш иликтөө, тергөө, коомдук коопсуздук кызматтары менен Маалыматтык технология башкы башкармалыгынын өкүлдөрү кирген. Ушу тапта ведомство ыдык көрсөтүүгө байланышкан иштерге тиешеси бар адамдардын маалыматтык базасын түзүп жатат. Реестр укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн жетиликтүү болот, кийинчерээк мугалимдерге да уруксат берүү каралууда. Сапарбаев мындай реестр сексуалдык зомбулукту алдын алуу жана ушул мүнөздөгү кылмышка барган адамдарга көзөмөлдү күчөтүү максатында түзүлүп жатканын кошумчалады.
Өлкөдө жарым жылдык айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, айдоочулук курста кеминде төрт ай окуп, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга алты айлык мөөнөткө улуттук айдоочулук күбөлүк берилет. Документ Кыргызстан аймагында гана жарактуу болот. Эгер айдоочу ушул мөөнөт ичинде жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, кайрадан окуудан өтүүгө милдеттендирилет. Ал эми алты ай ичинде олуттуу мыйзам бузуу катталбаса, жаран туруктуу улуттук айдоочулук күбөлүккө ээ боло алат.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттер менен болгон жолугушууда трамвайдын артыкчылыгын тизмектеп, метро менен асма жолдун курулушун да жокко чыгарган жок.Калаа башчысы ЖМК өкүлдөрүнө шаар бийлигинин жасап жаткан жумушу, келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берүүдө. Жунушалиев Бишкектин башкы планында трамвай линиялары каралганын эске салды. "Автобуска караганда 5-6 эсе көп жүргүнчү ташып, өзүнчө тилкеде жүрөт. Бирок эртең инвесторлор сунуш менен келсе, метрону да жокко чыгарбайбыз. Асма жолдун курулушу да каралат", — деди ал журналисттерге. Мэрдин айтымында, муниципалитет каржылык жана техникалык жактан негизделген бардык долбоорлорду ишке ашырууга даяр.
АКШнын Даниядагы элчиси Кеннет Хоуэри Дональд Трамп мындан ары Гренландияны күч менен кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн караштырбай турганын билдирип, аралдын тагдырын жергиликтүү эл өзү чечиши керектигин айтты. РИА Новости дипломат гренландиялык радиого маек курганын жазды. Анда элчи Гренландия боюнча түзүлгөн жумушчу топ ийгиликке жетишерин белгилеген. Хоуэринин айтымында, тараптар АКШнын да, Гренландия менен Даниянын да кызыкчылыгына төп келген, арал үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан чечимге келе алышат. Гренландия азыр Даниянын курамындагы өз алдынчалуу аймак. Трамп бир нече ирет аны АКШга кошуу керектигин айткан. Гренландия менен Дания аймактык бүтүндүккө сый-урмат менен мамиле жасаларына ишеним артып келишет.
Өлкөдө ыдык көрсөтүп, бузукулук кылгандардын реестри түзүлөтТрамп Гренландияны күч менен басып алуу оюнан баш тарттыЖарым жылдык айдоочулук күбөлүк киргизилди. Документ Кыргызстанда гана жарактуу болотКыргызстанда ыдык көрсөткөндөр менен бузукулук кылып кишиге асылгандардын бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Данияр Сапарбаев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынга катышкан. Сапарбаевдин айтымында, жыл башынан бери ИИМде атайын жумушчу топ иштеп, ага кылмыш иликтөө, тергөө, коомдук коопсуздук кызматтары менен Маалыматтык технология башкы башкармалыгынын өкүлдөрү кирген. Ушу тапта ведомство ыдык көрсөтүүгө байланышкан иштерге тиешеси бар адамдардын маалыматтык базасын түзүп жатат. Реестр укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн жетиликтүү болот, кийинчерээк мугалимдерге да уруксат берүү каралууда. Сапарбаев мындай реестр сексуалдык зомбулукту алдын алуу жана ушул мүнөздөгү кылмышка барган адамдарга көзөмөлдү күчөтүү максатында түзүлүп жатканын кошумчалады.Өлкөдө жарым жылдык айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, айдоочулук курста кеминде төрт ай окуп, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга алты айлык мөөнөткө улуттук айдоочулук күбөлүк берилет. Документ Кыргызстан аймагында гана жарактуу болот. Эгер айдоочу ушул мөөнөт ичинде жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, кайрадан окуудан өтүүгө милдеттендирилет. Ал эми алты ай ичинде олуттуу мыйзам бузуу катталбаса, жаран туруктуу улуттук айдоочулук күбөлүккө ээ боло алат.Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттер менен болгон жолугушууда трамвайдын артыкчылыгын тизмектеп, метро менен асма жолдун курулушун да жокко чыгарган жок.Калаа башчысы ЖМК өкүлдөрүнө шаар бийлигинин жасап жаткан жумушу, келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берүүдө. Жунушалиев Бишкектин башкы планында трамвай линиялары каралганын эске салды. "Автобуска караганда 5-6 эсе көп жүргүнчү ташып, өзүнчө тилкеде жүрөт. Бирок эртең инвесторлор сунуш менен келсе, метрону да жокко чыгарбайбыз. Асма жолдун курулушу да каралат", — деди ал журналисттерге. Мэрдин айтымында, муниципалитет каржылык жана техникалык жактан негизделген бардык долбоорлорду ишке ашырууга даяр. АКШнын Даниядагы элчиси Кеннет Хоуэри Дональд Трамп мындан ары Гренландияны күч менен кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн караштырбай турганын билдирип, аралдын тагдырын жергиликтүү эл өзү чечиши керектигин айтты. РИА Новости дипломат гренландиялык радиого маек курганын жазды. Анда элчи Гренландия боюнча түзүлгөн жумушчу топ ийгиликке жетишерин белгилеген. Хоуэринин айтымында, тараптар АКШнын да, Гренландия менен Даниянын да кызыкчылыгына төп келген, арал үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан чечимге келе алышат. Гренландия азыр Даниянын курамындагы өз алдынчалуу аймак. Трамп бир нече ирет аны АКШга кошуу керектигин айткан. Гренландия менен Дания аймактык бүтүндүккө сый-урмат менен мамиле жасаларына ишеним артып келишет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/16/1101465703_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c8e2354a5db5129fa729c8db9aeecb8c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио