https://sputnik.kg/20260522/-kyrgyzstan-belarus-onkologiya-kvota-surady-1101470944.html
Бишкек Минскиден онкологиялык ооруга кабылгандарды акысыз дарылоого квота сурады
Бишкек Минскиден онкологиялык ооруга кабылгандарды акысыз дарылоого квота сурады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстан Беларустан онкологиялык дартка кабылган бейтаптарды акысыз дарылоого квота сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат... 22.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-22T16:45+0600
2026-05-22T16:45+0600
2026-05-22T16:45+0600
кыргызстан
беларусь
жогорку кеңеш
парламент
марлен маматалиев
медицина
кызматташуу
онкология
квота
https://sputnik.kg/img/104708/07/1047080701_0:295:3067:2020_1920x0_80_0_0_b44cf343a461d37a3b8f5846e4fd6fb6.jpg
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстан Беларустан онкологиялык дартка кабылган бейтаптарды акысыз дарылоого квота сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларусь парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушкан. Анда медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Маматалиев Беларусь КМШ өлкөлөрүнүн ичинде онкологиялык ооруларды дарылоодо жана органдарды трансплантациялоодо алдыңкы орунда экенин белгилеген. Ал ошондой эле Беларустун өкүлдөрүн Кыргызстандын туризми менен таанышууга жана алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Өз кезегинде Кочанова соода-экономикалык, өнөр жай, тамак-аш экспорту, машина куруу жана саламаттык сактоо тармагында кооперацияны кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Маматалиевди Беларуска расмий сапар менен келүүгө чакырды. Тараптар 2030-жылга чейин эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн 500 миллион долларга жеткирүү максатын да талкуулашты.
https://sputnik.kg/20260127/olkogo-onkologiyalyk-oorulardy-daryloochu-zhabdyk-berilet-1099384223.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104708/07/1047080701_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_67a551b2472c97624c4a86b9b743da9e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, беларусь, жогорку кеңеш, парламент, марлен маматалиев, медицина, кызматташуу, онкология, квота
кыргызстан, беларусь, жогорку кеңеш, парламент, марлен маматалиев, медицина, кызматташуу, онкология, квота
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстан Беларустан онкологиялык дартка кабылган бейтаптарды акысыз дарылоого квота сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларусь парламентинин Жогорку палатасынын төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушкан. Анда медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Маматалиев Беларусь КМШ өлкөлөрүнүн ичинде онкологиялык ооруларды дарылоодо жана органдарды трансплантациялоодо алдыңкы орунда экенин белгилеген.
"Кыргызстанда онкологиялык оорулар жана органдарды көчүрүү боюнча көйгөйлөр бар экенин эске алып, Түркия менен болгон тажрыйба сыяктуу эле Кыргызстандын өтө муктаж болгон жарандарын акысыз дарылоого атайын квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм", — деди Маматалиев.
Ал ошондой эле Беларустун өкүлдөрүн Кыргызстандын туризми менен таанышууга жана алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Өз кезегинде Кочанова соода-экономикалык, өнөр жай, тамак-аш экспорту, машина куруу жана саламаттык сактоо тармагында кооперацияны кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Маматалиевди Беларуска расмий сапар менен келүүгө чакырды. Тараптар 2030-жылга чейин эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн 500 миллион долларга жеткирүү максатын да талкуулашты.