Си Цзиньпин менен Трамп сүйлөшүп бүттү. Лидерлер эмне бүтүмгө келишти
12:26 14.05.2026 (Жаңыртылды: 12:41 14.05.2026)

© AP Photo / Mark Schiefelbein
Жазылуу
Өлкө башчыларынын жолугушуусу эки сааттан ашуун созулду. Тараптар эки мамлекеттин алакасын, соодадагы пикир келишпестиктерди, Тайвань маселесин талкуулашты.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Пекинде Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу соңуна чыкты.
Америкалык лидер мамлекеттик сапары менен Кытайга кечээ келген, бул АКШ президентинин тогуз жылдан берки алгачкы визити.
Кытайдын Борбордук телевидениесинин маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр эки сааттан ашуун созулган.
Си Цзиньпин токтолгон урунттуу учурлар:
быйыл АКШ көз карандысыздыгын жарыялаганына 250 жыл болду, эки мамлекет каршылашпай өнөктөш болушу керек, кызматташуу эки өлкө үчүн да, бүтүндөй дүйнө үчүн да пайдалуу болот;
Кытай менен АКШ акылдашып иш жүргүзүшү керек, муну менен соода-экономикалык пикир келишпестиктерди жоюуда кыйынчылык менен жетишилген оң динамиканы сактап калууга болот;
Тайвань куймасындагы тынчтык менен "Тайвандын көз карандысыздыгы" бири-бирине дал келбей турган түшүнүктөр;
Тайвань маселеси Кытай менен АКШнын ортосуна жик салып, алаканы начарлатышы мүмкүн;
соода согушунда жеңүүчү болбойт;
Кытай менен АКШ "Фукидида тузагынан" кыйгап өтүшү керек;
2026-жыл кытай-америка мамилеси үчүн бурулуш мезгил болот деген үмүт чоң;
Кытай менен Американын бир кылка алакасы дүйнө жүзү үчүн пайдалуу болот, кызматташуудан эки өлкө тең утат.
Трамптын билдирүүсү:
АКШ менен Кытай ортодогу пикир келшипестикти түз сүйлөшүп чечип келген. "Талаш маселе жаралганда мен сизге, сиз мага чалып жаттыңыз, көпчүлүк аны билген да жок. Көйгөйлөр тез арада чечилип келди";
эки өлкөнү укмуштуудай келечек күтүп турат;
Пекинге жасалган сапар эки өлкөнүн алакасына оң таасирин тийгизет;
АКШ лидери Кытайга сапар чоң сыймык экенин белгилеп, жолугушуунун соңунда сүйлөшүү абдан жакшы өткөнүнө токтолгон. Ал Кытайды ажайып өлкө деп атады. Деген менен Тайвань маселесинин талкууланышы боюнча суроону жоопсуз калтырды.
