https://sputnik.kg/20260510/1101223739.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Кемин районунун Бейшеке айылында Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин элесине арналган эстелик орнотулду. Бул... 10.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-10T15:00+0600
2026-05-10T15:00+0600
2026-05-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0a/1101223573_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6770adac23ea9bd42f9352914f6750b6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Кемин районунун Бейшеке айылында Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин элесине арналган эстелик орнотулду. Бул тууралуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, Бейшеке айылынан Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 76га жакын адам аттанган. “Кандуу согушка кеткендердин ичинен 47-48 киши дайынсыз жоголуп, кайтпай калган. Атайын изилдөөлөрдүн натыйжасында такталган 76 атабыздын аты-жөнү эстелик ташка түбөлүккө жазылып калтырылды. Бул эстеликти тургузуу демилгесин айыл тургуну Калчаев Асанкадыр көтөргөн. Ал архивдик материалдарды тактап, согушка кеткен ар бир жарандын аты-жөнүн, алардын балдары жана неберелери тууралуу маалыматтарды кылдат изилдеп чыккан”, - дешти айыл өкмөтүнөн.Белгиленгендей, эстелик таш келечек муун үчүн аталардын эрдигин унутпай, алардын жаркын элесине таазим кылып туруучу жай болуп калмакчы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2027-жылкы Азия кубогунун тайпалык баскычында Иран, Кытай жана Сириянын курама командалары менен ойнойт Чүчү кулак бүгүн тартылды. Азия биринчилиги келерки жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунда учунчу ирет ойнойт. Буга чейин 2019-жылы Бириккен Арба эмирлигинде, 2023-жылы Катарда мелдешке катышкан. Бул жолу акшумкарлар хорватиялык Роберт Просинечкинин башкы машыктыруучулугунда турнирге аттанышат.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Жеңиш күнүнө карата Москвага барган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен бул сапар боюнча сүйлөшүү болорун билдирген.Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бүгүн биз Стокгольмда Европа күнүн белгилеп жатабыз, бул такыр башка нерсе", — деген Мерц 9-майда өткөн маалымат жыйында. Мерцге Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп берип, совет элинин жеңиши болбогондо эч кандай Европа күнү да болмок эместигин айткан. "Анда газ камералары бар жалаң концлагерлер гана болмок", — деген Захарова. Словакиянын премьер-министринин Жеңиш парадына катышуусу европалык саясатчылар арасында нааразычылыкты жаратты. Euractiv порталынын маалыматы боюнча, Европа биримдиги буга чейин эле Словакияны айыл чарба төлөмдөрү боюнча агенттикти каржылоодо көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин эскерткен. Бул өлкөнүн фермерлерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттеринен улам мунайдын дүйнөлүк запасы рекорддук көрсөткүчтөгү тездик менен азайып жатканын Bloomberg агенттиги жазды Маалыматта Ирандагы согуш Перс булуңдарынан күйүүчү май ташууга жолтоо болуп, бул абал рынокту чоң каатчылыктан коргоо үчүн сакталган мунайдын корунун азайышын шарттап жатканы айтылат. Ошондой эле мындай көрүнүш күйүүчү майдын баасынын кескин кымбатташына жана анын жетишсиздигин жаратууга, мындан тышкары, согуш бүткөндөн кийин да товарды жеткирүүдөгү жаңы үзгүлтүктөргө рыноктун туруштук бере албашына алып келиши мүмкүн экендиги белгиленет.
Чүй облусунун Кемин районунун Бейшеке айылында Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин элесине арналган эстелик орнотулду. Бул тууралуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, Бейшеке айылынан Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 76га жакын адам аттанган. “Кандуу согушка кеткендердин ичинен 47-48 киши дайынсыз жоголуп, кайтпай калган. Атайын изилдөөлөрдүн натыйжасында такталган 76 атабыздын аты-жөнү эстелик ташка түбөлүккө жазылып калтырылды. Бул эстеликти тургузуу демилгесин айыл тургуну Калчаев Асанкадыр көтөргөн. Ал архивдик материалдарды тактап, согушка кеткен ар бир жарандын аты-жөнүн, алардын балдары жана неберелери тууралуу маалыматтарды кылдат изилдеп чыккан”, - дешти айыл өкмөтүнөн.Белгиленгендей, эстелик таш келечек муун үчүн аталардын эрдигин унутпай, алардын жаркын элесине таазим кылып туруучу жай болуп калмакчы.Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2027-жылкы Азия кубогунун тайпалык баскычында Иран, Кытай жана Сириянын курама командалары менен ойнойт Чүчү кулак бүгүн тартылды. Азия биринчилиги келерки жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунда учунчу ирет ойнойт. Буга чейин 2019-жылы Бириккен Арба эмирлигинде, 2023-жылы Катарда мелдешке катышкан. Бул жолу акшумкарлар хорватиялык Роберт Просинечкинин башкы машыктыруучулугунда турнирге аттанышат.Германиянын канцлери Фридрих Мерц Жеңиш күнүнө карата Москвага барган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен бул сапар боюнча сүйлөшүү болорун билдирген.Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бүгүн биз Стокгольмда Европа күнүн белгилеп жатабыз, бул такыр башка нерсе", — деген Мерц 9-майда өткөн маалымат жыйында. Мерцге Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп берип, совет элинин жеңиши болбогондо эч кандай Европа күнү да болмок эместигин айткан. "Анда газ камералары бар жалаң концлагерлер гана болмок", — деген Захарова. Словакиянын премьер-министринин Жеңиш парадына катышуусу европалык саясатчылар арасында нааразычылыкты жаратты. Euractiv порталынын маалыматы боюнча, Европа биримдиги буга чейин эле Словакияны айыл чарба төлөмдөрү боюнча агенттикти каржылоодо көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин эскерткен. Бул өлкөнүн фермерлерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттеринен улам мунайдын дүйнөлүк запасы рекорддук көрсөткүчтөгү тездик менен азайып жатканын Bloomberg агенттиги жазды Маалыматта Ирандагы согуш Перс булуңдарынан күйүүчү май ташууга жолтоо болуп, бул абал рынокту чоң каатчылыктан коргоо үчүн сакталган мунайдын корунун азайышын шарттап жатканы айтылат. Ошондой эле мындай көрүнүш күйүүчү майдын баасынын кескин кымбатташына жана анын жетишсиздигин жаратууга, мындан тышкары, согуш бүткөндөн кийин да товарды жеткирүүдөгү жаңы үзгүлтүктөргө рыноктун туруштук бере албашына алып келиши мүмкүн экендиги белгиленет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0a/1101223573_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6d2869f274a4d5210da3631a810f83b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио