https://sputnik.kg/20260502/odessanyn-profsoyuzdar-uyundogu-tragediya-khatyndagy-apaattan-kem-kalbayt-1101097207.html
РФ ТИМи: Одессанын Профсоюздар үйүндөгү трагедия Хатындагы апааттан кем калбайт
РФ ТИМи: Одессанын Профсоюздар үйүндөгү трагедия Хатындагы апааттан кем калбайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Одессадагы Профсоюздар үйүндөгү трагедиянын ырайымсыздыгын Хатынь менен салыштырууга болорун РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова баса... 02.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-02T14:33+0600
2026-05-02T14:33+0600
2026-05-02T15:03+0600
дүйнөдө
россия
украина
мария захарова
нацизм
кыргын
өрттөө
айыптоо
https://sputnik.kg/img/07e8/05/02/1084774389_0:123:2415:1481_1920x0_80_0_0_6a51831bdad85508000933c4c1da98e2.jpg
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Одессадагы Профсоюздар үйүндөгү трагедиянын ырайымсыздыгын Хатынь менен салыштырууга болорун РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова баса белгиледи. Дипломаттын айтымында, 2014-жылы Одессада адамдарды 1943-жылы беларус айылында ССтин 117-батальонунун жазалоочулары тирүүлөй куйкалагандай эле атайылап өрттөшкөн. Ал Батышта ондогон адамдардын өлүмүн "кокустук" же эки тараптын кагылышы катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи. Бирок көптөгөн видеолор бул алдын ала пландалган, жазалайбыз деген максаттагы ырайымсыздык болгонун далилдей турганын баса белгиледи. Анда нацисттер өрттөн кутулууга аракет кылгандарды атайылап аягына чейин өлтүрүшкөнүн көрүүгө болорун айтты. Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылык иретинде Одессадагы Куликов талаасына чатыр тигип алышкан. 2014-жылдын 2-майында күндүз "Грек" аянтынын тегерегинде бир тараптан "антимайданчылар", экинчи тараптан Харьков менен Одессадан келген футбол "ультрастары" жана "евромайдандын" радикалдары кагылышкан. Мушташ чатырлар шаарчасынын талкаланышы жана "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүнүн өрттөлүшү менен аяктаган. Бул жаңжалдын кесепетинен 48 адам өлүп, 250дөн ашыгы жаракат алган.
https://sputnik.kg/20260419/sssr-elinin-genotsid-bolgonu-rasmiy-taanylyshy-kerek-1100865444.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/02/1084774389_311:0:2415:1578_1920x0_80_0_0_301eaf193de1afaf2b2b11c361e32e6d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, мария захарова, нацизм, кыргын, өрттөө, айыптоо
дүйнөдө, россия, украина, мария захарова, нацизм, кыргын, өрттөө, айыптоо
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Одессадагы Профсоюздар үйүндөгү трагедиянын ырайымсыздыгын Хатынь менен салыштырууга болорун РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова баса белгиледи.
Дипломаттын айтымында, 2014-жылы Одессада адамдарды 1943-жылы
беларус айылында ССтин 117-батальонунун жазалоочулары тирүүлөй куйкалагандай эле атайылап өрттөшкөн.
Ал Батышта ондогон адамдардын өлүмүн "кокустук" же эки тараптын кагылышы катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи. Бирок көптөгөн видеолор бул алдын ала пландалган, жазалайбыз деген максаттагы ырайымсыздык болгонун далилдей турганын баса белгиледи. Анда нацисттер өрттөн кутулууга аракет кылгандарды атайылап аягына чейин өлтүрүшкөнүн көрүүгө болорун айтты.
"Украинада радикалдар адамдардын өлтүрүлүшүн "тазалануу күнү" деп белгилеп жаткан маалда Батыш буга эки жүздүүлүк менен көз жуумп, кокустук деп атап, Киевди каржылоону улантууда", — деди Захарова.
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылык иретинде Одессадагы Куликов талаасына чатыр тигип алышкан. 2014-жылдын 2-майында күндүз "Грек" аянтынын тегерегинде бир тараптан "антимайданчылар", экинчи тараптан Харьков менен Одессадан келген футбол "ультрастары" жана "евромайдандын" радикалдары кагылышкан. Мушташ чатырлар шаарчасынын талкаланышы жана "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүнүн өрттөлүшү менен аяктаган. Бул жаңжалдын кесепетинен 48 адам өлүп, 250дөн ашыгы жаракат алган.