https://sputnik.kg/20260419/sssr-elinin-genotsid-bolgonu-rasmiy-taanylyshy-kerek-1100865444.html
Лавров: Россия совет элинин геноцид болгонунун расмий таанылышына умтулат
Лавров: Россия совет элинин геноцид болгонунун расмий таанылышына умтулат
Sputnik Кыргызстан
Оккупацияланган аймактарда 18 миллионго жакын бейкүнөө адамдар нацисттердин колунан өлүм тапкан. 19.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-19T11:34+0600
2026-04-19T11:34+0600
2026-04-19T11:34+0600
ссср
россия
улуу ата мекендик согуш
геноцид
нацисттер
өлүм
эл
бала
https://sputnik.kg/img/103899/56/1038995693_0:98:3293:1950_1920x0_80_0_0_5bd1f9487a97aa4a365c5342b5397371.jpg
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россия нацисттердин жана алардын жардамчыларынын СССРдин элине карата жасаган кылмыштарын дүйнөлүк коомчулук тарабынан совет элине карата геноцид катары таанылышына күчүн жумшап, умтулат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтты. Министр бул билдирүүнү Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнүнө карата жасаган. Лавровдун айтымында, бул геноцид экени КМШ жана ЖККУнун алкагында кабыл алынган бир катар документтерде да бекитилген. Ал Россияда нацизмди актоого, анын ичинде геноцид курмандыктарын эскерүү күнүн кордогон аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын кошумчалады. Эске салсак, бүгүн Совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү. 19-апрель деп бул күн бекеринен тандалган эмес. 1943-жылы дал бүгүн №39 жарлык чыккан. Бул нацисттердин жай тургундарды жана туткундарды кырып-жок кылуу саясатын расмий түрдө тастыктаган эң биринчи документ болгон. Басып алынган аймактарда 18 миллионго жакын бейкүнөө адам нацисттердин курмандыгы болду. Бул согуш майданындагы жоготуулар эмес, бул — концлагерлерде, Ленинград блокадасында, Хатынь отунда жана өлкө боюнча адамдарды атайылап жок кылган ыкмалардын кесепети. Согуш жылдарында 1710 шаар жана поселок, 70 миңден ашык айыл толугу менен же жарым-жартылай талкаланган. 25 миллион адам үй-жайсыз калган. Нацисттер совет элин төбө чачты тик тургузган фактылар менен кыйнап, кырган. Жапырт атышкан, өрттөшкөн, кыйнашкан, камактарда, лагерлерде адам чыдагыс шартта кармашкан, ал эми балдарды кулчулукка айдаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында бир да мамлекет СССР учурагандай жоготууга туш болгон эмес. Россияда совет элинин геноцидге учураганын танып, четке каккандык же колдогондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизген мыйзам бар. Ошондой эле геноцид курмандыктарынын элесин кордогондор жана Россиянын ичиндеги же андан тышкаркы аймактардагы алардын көрүстөндөрүн тепселеп, талкалагандар да бул мыйзамдын негизинде жоопко тартылат.
https://sputnik.kg/20251229/sovet-eline-karshy-zhasalgan-genotsiddin-kurmandyktaryn-eskeruu-1098904330.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103899/56/1038995693_281:0:3010:2047_1920x0_80_0_0_dfb0cd6f220ab0cb063ed2f5e673f47c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, россия, улуу ата мекендик согуш, геноцид, нацисттер, өлүм, эл, бала
ссср, россия, улуу ата мекендик согуш, геноцид, нацисттер, өлүм, эл, бала
Лавров: Россия совет элинин геноцид болгонунун расмий таанылышына умтулат
Оккупацияланган аймактарда 18 миллионго жакын бейкүнөө адамдар нацисттердин колунан өлүм тапкан.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россия нацисттердин жана алардын жардамчыларынын СССРдин элине карата жасаган кылмыштарын дүйнөлүк коомчулук тарабынан совет элине карата геноцид катары таанылышына күчүн жумшап, умтулат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтты.
Министр бул билдирүүнү Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнүнө карата жасаган.
"СССРдин басып алынган аймактарындагы геноцид фактылары Россиянын бардык аймактарында сот аркылуу далилденген. Ал жерлерде согуш жылдары фашисттер жана башка өлкөлөрдөн келген алардын жардамчылары тынч жаткан элге каршы кылмыштарды жасашкан", — деди министр.
Лавровдун айтымында, бул геноцид экени КМШ жана ЖККУнун алкагында кабыл алынган бир катар документтерде да бекитилген. Ал Россияда нацизмди актоого, анын ичинде геноцид курмандыктарын эскерүү күнүн кордогон аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн Совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү. 19-апрель деп бул күн бекеринен тандалган эмес. 1943-жылы дал бүгүн №39 жарлык чыккан. Бул нацисттердин жай тургундарды жана туткундарды кырып-жок кылуу саясатын расмий түрдө тастыктаган эң биринчи документ болгон.
Басып алынган аймактарда 18 миллионго жакын бейкүнөө адам нацисттердин курмандыгы болду. Бул согуш майданындагы жоготуулар эмес, бул — концлагерлерде, Ленинград блокадасында, Хатынь отунда жана өлкө боюнча адамдарды атайылап жок кылган ыкмалардын кесепети. Согуш жылдарында 1710 шаар жана поселок, 70 миңден ашык айыл толугу менен же жарым-жартылай талкаланган. 25 миллион адам үй-жайсыз калган.
Нацисттер совет элин төбө чачты тик тургузган фактылар менен кыйнап, кырган. Жапырт атышкан, өрттөшкөн, кыйнашкан, камактарда, лагерлерде адам чыдагыс шартта кармашкан, ал эми балдарды кулчулукка айдаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун жылдарында бир да мамлекет СССР учурагандай жоготууга туш болгон эмес.
Россияда совет элинин геноцидге учураганын танып, четке каккандык же колдогондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизген мыйзам бар. Ошондой эле геноцид курмандыктарынын элесин кордогондор жана Россиянын ичиндеги же андан тышкаркы аймактардагы алардын көрүстөндөрүн тепселеп, талкалагандар да бул мыйзамдын негизинде жоопко тартылат.

29 Бештин айы 2025, 13:00