00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик турак жай программасы "Менин үйүм" боюнча жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы эрежелерге ылайык, баштапкы төлөм боюнча талаптар өзгөрдү. Эми, "Социалдык ипотекада" — турак жайдын баасынын 10 пайызынан ашпайт; "Жеңилдетилген" жана "Жеткиликтүү" ипотекада — кеминде 20 пайыз, "Топтомо ипотекада" — банктагы эсепте турак жай баасынын 30 пайызы болушу керек. Эгер жаран керектүү сумманы 6 айда топтой албаса, 30 пайызды бир төлөм менен киргизсе болот. Баштапкы төлөмгө каражат жок болсо, кошумча күрөө коюуга же кепилдик фонддорунун жардамына кайрылууга уруксат берилет. Курулушту тездетүү үчүн МИКке өнөктөштөрдү сынаксыз, түз сүйлөшүү жолу менен тартууга мүмкүнчүлүк берилди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.
Ысык-Көл менен Нарынга сапар алгандардын эсине Бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 54-чакырымындагы көпүрөнү бузуу иштери башталды. Буга байланыштуу шаардан чыгып бараткан да, кирип келе жаткан да автоунаалар трассаны айланып, бир тилке менен өтөт. Жол милициясы кыймылга убактылуу чектөө дагы киргизилип калышы мүмкүн экенин жана жолдо тыгын болорун эскертти.
Россияда миграция тармагындагы мамлекеттик алымдардын бир нече эсеге жогорулашы эмгек мигранттарынын көбүнө таасир этпейт. Бул тууралуу эмгек мигранттарынын профсоюзунун төрагасы Ренат Каримов билдирди. Анын айтымында, жаңы төлөмдөр негизинен Россияда жашоого уруксаты бар жана жарандык алууга документ тапшырган чет өлкөлүктөрдүн аз гана бөлүгүнө тиешелүү болот. Эске салсак, 1-июлдан тарта Россияда миграция тармагындагы айрым мамлекеттик алымдар жогорулайт. Мисалы: көп жолку виза үчүн төлөм — 6 миң рублга чейин; чакыруу кагазы үчүн — 8 миң рублга чейин; жашоого уруксат алуу үчүн — 30 миң рублга чейин; убактылуу жашоого уруксат үчүн — 15 миң рублга чейин көтөрүлөт. Каримов Россияда мигранттар үчүн жумуш жетиштүү экенин, бул боюнча олуттуу даттануулар түшпөгөнүн да белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга Европада жасалып жана ташылып барган автоунааларга бажы алымын 25 пайызга көбөйтө турганын жар салды. Бул шарттын автокөлүктүн жеңилдерине да, жүк ташуучу түрлөрүнө да колдонула турганын айтууда. Ак үйдүн кожоюну Европа биримдиги АКШ менен түзүлгөн соода келишимдерин сактабай жаткандыктан мындай кадам таштадым деген жүйөсүн келтирген. Америка президенти Европанын компаниялары автоунааны АКШнын аймагында жасаса, андан бажы салыгы алынбастыгын кошумчалаган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 43 тыйынга евро 102 сом 31 тыйынга юань 12 сом 79 тыйынга рубль
Жаңылыктар түрмөгү
0