00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:11
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик турак жай программасы "Менин үйүм" боюнча жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы эрежелерге ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын фондун түзүүгө акча, жер тилкеси же курулуп жаткан имарат берүү аркылуу көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдар жана мекемелер турак жайды биринчи кезекте ала алышат. Алардын кызматкерлери үчүн баллдык тандоо системасы жоюлуп, атайын квоталар белгиленди: ▪️ Бишкекте — батирлердин 10 пайызына чейин; ▪️ аймактарда — 20 пайызына чейин. Ошондой эле артыкчылыктуу катышуучулардын катарына ата-энесинен толук ажыраган, жашы жете элек кезде балдар үйүндө тарбияланып, кийин бойго жеткен бүтүрүүчүлөр киргизилди. Эми каражатты жаңы турак жай сатып алууга гана эмес, мурдагы үйдү капиталдык оңдоого же анын аянтын кеңейтүүгө да алса болот.
Европа биримдиги Кыргызстанга карата киргизип жаткан чектөөлүр негизсиз. Мындай билдирүүнү министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жасады. Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги чектөөлөр боюнча АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бул багытта атайын жол картасы да иштелип чыккан. Амангелдиев Кыргызстан өкүлдөрү бир нече жолу АКШга, Улуу Британияга жана Брюсселге барып, диалог жүргүзгөнүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, "Керемет Банктын" санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси бар экенин тастыктаган далилдер жок. Андыктан аталган банк АКШ жана Улуу Британиянын санкцияларынан бошотулушу мүмкүн. Ал бул маселеде даттануудан көрө сүйлөшүүлөрдү улантуу маанилүү экенин айтты.
Манас шаарындагы сел каптаган турак жайлардын короолору тазаланып бүткөнүн ӨКМ кабарлады Эске салсак, 30-апрелде саат 22:40та калаада сел жүрүп, жалпы 55 турак жайдын, 4 социалдык объектинин жана бир соода түйүндүн короосун каптаган. Анын ичинен суу 25 үйгө кирген. Саат 23:00дөн тартып кырсык болгон аймакта куткаруучулар иштей баштаган. Ушул тапта селдин келтирген зыянын эсептеп жатышат. Шаардыктар бел чечпей иштеген ӨКМ кызматкерлерине ыраазылык билдиришүүдө.
Бишкекте 5–7-июнь күндөрү Борбор Азиянын эл аралык бий олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага 10 өлкөдөн 5 миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бийчилер классикалык, элдик, заманбап жана эстрадалык багыттар боюнча өнөрлөрүн тартуулашат. Министрликтин маалыматына караганда, олимпиада эл аралык тажрыйба алмашууга, жаш таланттарды ачууга жана бийчилердин кесиптик өсүшүнө шарт түзгөн аянтча болот.
Ош мэриясынын Жаштар театры расмий ачылды Жаш жамааттын алгачкы эмгеги — казак акыны Мукагали Макатаевдин чыгармасынын негизинде даярдалган "Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?" аттуу мюзикл-драмасы болду. Театрга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0