00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 2026–2027-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифин жогорулатууга мораторий киргизди. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы 30-апрелде кол койгон. Чечим кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана жаштарды социалдык жактан коргоону күчөтүүгө багытталган. Мораторий жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын баарына тиешелүү. Аны мамлекеттик да, жеке менчик окуу жайлар да аткарууга милдеттүү. Министрлер кабинетине президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Кыргызстанда Ички иштер министрлигине караштуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору (ЦОН) убактылуу ишин токтотот. 1-майдан 10-майга чейин борборлор жарандарды кабыл албайт жана кызмат көрсөтпөйт. Бул май айындагы майрамдарга байланыштуу. Жарандарга иш графигиндеги тыныгууну эске алуу сунушталды. Калкты тейлөө борборлору 11-майдан тарта кадимки режимде кайра иштей баштайт. Эске салсак, ИИМге карабаган КТБлар бул кундөрү кадимки режимде иштей берери буга чейин белгиленген болчу.
Бишкекте жылуулук магистралдары текшерүүдөн өтүүдө Бишкекте 8-майга чейин жылуулук магистралдарынын пландык регламенттик сыноолору жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, сыноо иштери жогорку басым менен өтүп жаткандыктан, айрым жерлерде түтүктөр жарылып, жол катмары чөгүп же суу жер үстүнө чыгышы мүмкүн. Ишкана бардык тилкелерде авариялык бригадалар нөөмөттө турганын жана бузулууларга ыкчам чара көрүлөрүн белгиледи. Тургундардан жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылуу жана этият болуу өтүнүлөт.
Жеңиш күнүнүн алдында Кыргызстан дагы Россотрудничество жыл сайын өткөрүүчү «Георгий тасмасы» акциясына кошулду. Акция күндөрү Россияда, Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө миллиондогон адамдар Георгий тасмасын кийимине тагып, Мекен үчүн салгылашкан жоокерлерге болгон сыйын жана Улуу Жеңишке болгон урматын билдиришет. Тасмаларды Бишкек жана Ош шаарларындагы Русский домдон алса болот. Күн сайын бир адамга 20га чейин тасма акысыз берилет. Бишкектеги Русский дом Дареги: Эркиндик бульвары, 2/1 Иштөө убактысы: 08:30дан 21:00гө чейин Оштогу Русский дом Дареги: Бобулов көчөсү, 72 Иштөө убактысы: күн сайын 09:30дан 19:00гө чейин Уюмдар жана коомчулуктар 20дан ашык тасма алууну кааласа, алдын ала атайын форма толтурушу керек. Акция 9-майга чейин уланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0