00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Прибалтикадагы Жеңиш күнү: майрам кандайча жоюлуп кеткен

© Sputnik"Прибалтикадагы Жеңиш күнү: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы тасмасынын бет ачары
Прибалтикадагы Жеңиш күнү: кечээ, бүгүн, эртең аталышындагы тасмасынын бет ачары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2026
Жазылуу
"Россия сегодня" агенттигинин маалымат борборунда журналист Андрей Стариковдун "Прибалтикадагы Жеңиш күнү: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы тасмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik, Елизавета Борисенко. Балтика мамлекеттеринин бийлиги көптөн бери Россияга каршы саясат жүргүзүп келишет: эстеликтер алынып, орус тилдүү калктын укугу чектелип, өткөн күндөр жокко чыгарылууда. Ачык маалыматтарда Латвия, Литва жана Эстонияда жалпы 900 миң этникалык орус жашаары, орус тилин колдонгондордун саны бир миллиондон ашуун экени айтылат. Дал ушул себептен тарыхты бурмалап, өтмүштү жокко чыгарууга жол бербей сактап калуу — азыркынын талабы.
"Прибалтикадагы Жеңиш күнү: кечээ, бүгүн, эртең" тасмасы Балтиканын орус улутундагы жашоочулары үчүн мааниси күч болгон майрамдын тарыхын баяндайт. Бул жакта 9-Май жалпы элдик майрамдан тарта 2022-жылы биротоло тыюу салынганга чейинки узак жолду басып өттү.
Фильмдин автору жана продюсери Андрей Стариков өзү Латвиядан. Крым кайтарылгандан кийин 2015-жылы ал жактан чыгып кеткен.
"Тасманын биринчи максаты Прибалтикадагыларга алар жалгыз эмес экенин эске салып, бардык суроолоруна жооп берүү эле. Экинчи кезекте регионго Россия маданиятын, алынган эстеликтерди, унутулган тарыхты кайтаруу боюнча диалогго баш коюуну көздөгөнбүз. Жеңиш күнү Прибалтикага кайтат, бул — кадыресе көрүнүш", — деди фильмдин автору маалымат жыйында.
Эскерте кетсек, Балтика мамлекеттеринде 9-Май майрам катары расмий белгиленбейт. Бул күнү элдик акцияларды, жүрүштөрдү жасоого, советтик символиканын кайсы гана түрү болбосун колдонууга мыйзам менен тыюу салынган. Өлкө бийлиги 1944-1945-жылдардагы окуяларды бошотуу эмес, советтик оккупациянын башталышы катары карап келет. Мында Кызыл армия Прибалтикадагы операция учурунда 61 миңден ашуун кишисинен ажырап, дагы 218 миң адам жаракат алып майып болгонун айта кетүү керек. Азыр 8-майда белгиленчү Жеңиш күнүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктары эскерилет.
Латвия, Литва жана Эстонияда Георгий тасмаларына, советтик желек, гербдерге, советтик үлгүдөгү аскер формасына катуу таюу салынган. Мындан тышкары, "Өчпөс полк" сымал жүрүштөргө да уруксат берилген эмес. Полиция буга тыкыр көзөмөл жасап турат: эреже-тартипти бузгандар айыпка жыгылып, ал тургай административдик камакка алынышы мүмкүн.
Деген менен орус тилдүү калктын басымдуу бөлүгү Жеңиш күнүн белгилөөнү улантып келет. Соцтармакта эстеликтерге гүл коюп жаткан адамдардын сүрөтүн көрүүгө болот. Ошентсе да кээде анын баарын полициянын көз алдында жасоого туура келет.
"Бул жеңил-желпи нерсе эмес, биз саясий иш жасадык. Жеңиш күнүн, жалпы эле россиялык маданиятты, тилди, эстеликтерди кайтаруу боюнча иш баштоо — кадыресе көрүнүш. Ооба, азыр бул реалдуулуктан өтө алыс нерсе, бирок кыймылдай бериш керек. Кимдир бирөө үчүн бул эсине келтире турган жагдай болушу мүмкүн", — деди Стариков.
Тасма тарыхка эле таянбастан, жекелик сюжеттерди да камтыйт. Бул өз кезегинде адамдын эмоционалдык абалына таасир этет. Мисалы, фильмде Георгий тасмасын тагынган кичинекей кызды латвиялык полиция алып кетип жаткан жери күчтүү чыккан.
Вильнюста төрөлгөн журналист жана теле алып баруучу Эрнест Мацкявичюс карапайым калктын турмушунда, мисалы, Литвада эч кандай русофобия жок экенин белгилеген. Советтер Союзу кыйрагандан кийин өлкөдө орус тилдүү тургундар менен ынак мамиле сакталып калган, бирок кийинчерээк көз караш өзгөрүп отуруп, 2014-жылдан тарта Балтика өлкөлөрү биротоло русофобия жолуна түшкөн.
"Орус тилдүү ресурстар байма-бай бөгөттөлүп келет, бирок бул — алсыз, коркок, туура жолдо баратканынан күмөн санаган адамдын позициясы. Ал эми Россия жооп кайтара турган эң катаал курал — бул чындык", — деди журналист.
Фильмдин дагы бир максаты — болушунча кеңири аудиторияны камтуу. 2-майда тасма "Россия 24" телеканалынан көрсөтүлөт. RT International англис тилиндеги дубляжын жүктөп, фильм RT.Docна каналдарынан эки тилде тартууланмакчы. Муну менен бирге "Союзный" медиахолдингинин эфиринен көрүүгө болот.
Иш-чарада ушу тапта чындыкты бардык жол менен жеткирүү абдан маанилүү болуп турганы белгиленди.
"Жеңиш күнү Балтикага геосаясий абал өзгөргөндө, биздин баалуулуктар кайтканда кайтарылат. Жакында ал күндөргө да күбө болобуз деген үмүт бар", — деди тарыхчы жана саясат таануучу Владимир Симиндей.
Өчпөс от - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2026
Эл аралык уюм Жеңиш күнүндө Кыргызстанда ири иш-чара өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0