https://sputnik.kg/20260412/zhaparov-kaysy-uchurda-zher-tilke-akysyz-berilerin-aytty-1100744177.html
Жапаров 1 гектарга чейинки жер тилкелери кайсы учурда акысыз берилерин айтты
Жапаров 1 гектарга чейинки жер тилкелери кайсы учурда акысыз берилерин айтты
Sputnik Кыргызстан
Сатылбай, бекер берилчү аянт 50 сотыхтан тартып бир гектарга чейин болушу мүмкүн. 12.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-12T15:44+0600
2026-04-12T15:44+0600
2026-04-12T15:44+0600
кыргызстан
ош облусу
араван району
мектеп
бала бакча
жер тилкеси
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1e/1069505256_341:473:3076:2012_1920x0_80_0_0_d27bc8247d1ab8d61571704f83265776.jpg
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бала бакча же мектеп кургандарга жер тилкеси акысыз берилет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Араванда эл менен жолугуп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди. Жапаров жер тилкелерин берүү маселесине токтолуп, жер ресурстарын майнаптуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, айыл чарба жерлерин сактоо артыкчылык бойдон кала берерин айткан. Ошону менен бирге ал турак жай маселелерин чечүү максатында көп кабат үйлөрдү куруу жандандырыларына токтолгон. Билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент жергиликтүү бийлик органдарына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жер тилкелерин кайтарымсыз негизде берүүнү тапшырган. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдой турганын баса белгилеген. Президент мамлекет мектеп курууга жетишпей жатканын айткан. "Окуучулардын саны өсүп жатат. Жылына 20-30, кээде 50-60 мектеп куруу зарыл. Ошондуктан биз жеке секторду тартып, бала бакча жана мектеп куруу үчүн жерди акысыз сунуштап жатабыз. Жер тилкесинин аянты 50 сотыхтан тартып бир гектарга чейин болушу мүмкүн", — деген өлкө башчы.
https://sputnik.kg/20260410/oshto-on-mekteptin-kurulushu-bashtaldy-1100714384.html
ош облусу
араван району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1e/1069505256_604:466:2712:2047_1920x0_80_0_0_aa124b51fa1572759a491b2cd7b23a92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош облусу, араван району, мектеп, бала бакча, жер тилкеси
кыргызстан, ош облусу, араван району, мектеп, бала бакча, жер тилкеси
Жапаров 1 гектарга чейинки жер тилкелери кайсы учурда акысыз берилерин айтты
Сатылбай, бекер берилчү аянт 50 сотыхтан тартып бир гектарга чейин болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бала бакча же мектеп кургандарга жер тилкеси акысыз берилет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Араванда эл менен жолугуп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жер тилкелерин берүү маселесине токтолуп, жер ресурстарын майнаптуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, айыл чарба жерлерин сактоо артыкчылык бойдон кала берерин айткан. Ошону менен бирге ал турак жай маселелерин чечүү максатында көп кабат үйлөрдү куруу жандандырыларына токтолгон.
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент жергиликтүү бийлик органдарына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жер тилкелерин кайтарымсыз негизде берүүнү тапшырган. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдой турганын баса белгилеген.
"Биз райондун борборлорунан, шаарлардан жер бөлүп беребиз. Аянты билим уясынын көлөмүнө жараша 1 гектардан 2 гектарга чейин болот", — деген мамлекет башчы.
Президент мамлекет мектеп курууга жетишпей жатканын айткан.
"Окуучулардын саны өсүп жатат. Жылына 20-30, кээде 50-60 мектеп куруу зарыл. Ошондуктан биз жеке секторду тартып, бала бакча жана мектеп куруу үчүн жерди акысыз сунуштап жатабыз. Жер тилкесинин аянты 50 сотыхтан тартып бир гектарга чейин болушу мүмкүн", — деген өлкө башчы.