https://sputnik.kg/20260411/vladimir-putin-pasha-eldeshuu-mayram-zharyya-1100729581.html
Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган элдешүү бүгүн башталат
Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган элдешүү бүгүн башталат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган элдешүү бүгүн башталат. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин сайтындагы... 11.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-11T10:51+0600
2026-04-11T10:51+0600
2026-04-11T10:52+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
пасха
элдешүү
жарыя
майрам
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1f/1095630281_0:92:3072:1820_1920x0_80_0_0_06f9352cf0aa68875c5aef46198781c2.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган элдешүү бүгүн башталат. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин сайтындагы маалыматка таянып жазды. Ага ылайык, элдешүү 11-апрелде Москва убактысы боюнча саат 16:00дөн баштап 12-апрелдин аягына чейин уланат.Россия Украина тарап да чечимди аткарат деп эсептейт.Москва патриархатынын Чиркөө, коом жана ЖМК менен кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Владимир Легойда орус православдар чиркөөсү Пасхага карата элдешүүнү колдой турганын айткан. Ал эми РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова мындай чечим жаракат алгандарды эвакуациялап, дайынсыз болуп жаткандарды издөөнү күчөөтүүгө мүмкүнчүлүк берет деген пикирде.Буга чейин Путин жарыялаган элдешүүгө Владимир Зеленский жооп берип, элдешүүгө ылайык кадамдарды жасашарын убадалаган.Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Зеленскийдин билдирүүсүн көргөнүн айткан. Песков Россия жалпысынан убактылуу элдешүүнү эмес, бекем орногон тынчтыкты каалай турганын белгилеген. Ошондой эле Пасха РФ үчүн гана эмес, Укриана жана анын калкы үчүн ыйык майрам экендигине токтолгон.Эске салсак, Владимир Путин өткөн жылы дагы Пасхага карата элдешүү жарыялаган. Ал 19-апрелде саат 18:00дө башталып, 21-апрелде саат 00:00дө аяктаган. Элдешүү аяктагандан кийин Россиянын Коргоо министрлиги ал белгиленген убакыт ичинде Украина тараптан 4,9 миң жолу эреже бузууларды каттаганын билдирген.
https://sputnik.kg/20260323/zelenskij-putin-menen-kelishim-tuzot-1100384038.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1f/1095630281_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_c6cda56901d646b17e20d19dfed78e57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, пасха, элдешүү, жарыя, майрам
дүйнөдө, россия, владимир путин, пасха, элдешүү, жарыя, майрам
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган
элдешүү бүгүн башталат. Бул тууралуу
РИА Новости Кремлдин сайтындагы маалыматка таянып жазды.
Ага ылайык, элдешүү 11-апрелде Москва убактысы боюнча саат 16:00дөн баштап 12-апрелдин аягына чейин уланат.
Россия Украина тарап да чечимди аткарат деп эсептейт.
Москва патриархатынын Чиркөө, коом жана ЖМК менен кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Владимир Легойда орус православдар чиркөөсү Пасхага карата элдешүүнү колдой турганын айткан. Ал эми РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова мындай чечим жаракат алгандарды эвакуациялап, дайынсыз болуп жаткандарды издөөнү күчөөтүүгө мүмкүнчүлүк берет деген пикирде.
Буга чейин Путин жарыялаган элдешүүгө Владимир Зеленский жооп берип, элдешүүгө ылайык кадамдарды жасашарын убадалаган.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Зеленскийдин билдирүүсүн көргөнүн айткан. Песков Россия жалпысынан убактылуу элдешүүнү эмес, бекем орногон тынчтыкты каалай турганын белгилеген. Ошондой эле Пасха РФ үчүн гана эмес, Укриана жана анын калкы үчүн ыйык майрам экендигине токтолгон.
Эске салсак, Владимир Путин өткөн жылы дагы Пасхага карата элдешүү жарыялаган. Ал 19-апрелде саат 18:00дө башталып, 21-апрелде саат 00:00дө аяктаган. Элдешүү аяктагандан кийин Россиянын Коргоо министрлиги ал белгиленген убакыт ичинде Украина тараптан 4,9 миң жолу эреже бузууларды каттаганын билдирген.