00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
2024-жылдан тарта жылына 100 өнөр жай ишканасын ачуунун алкагында Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, өнөр жай ишканаларынын ачылышы менен облуста жалпысынан 1700дөй жумуш орундары түзүлгөн. “Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. Өзүңүздөр билгендей, өнөр жай ишканаларынын жыл сайын көбөйүшү менен облустук бюджетке кошумча каражаттар түшкөндөн тышкары, жумуш орундары да пайда болуп, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрөт”, — деди президент. Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар экендиги кошумчаланды.
Кыргызстан Россиядан бажы төлөмүсүз алган күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү өтүндү. Маалыматты министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тастыктады.Учурда Кыргызстан 1,2 миллион тонна күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алат. Муну дагы 100 миң тоннага көбөйтүп, 1,3 миллион тоннага жеткирүү пландалууда.
Ош шаарында 5 жыл ичинде кылмыштуулук 58 пайызга азайган. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Президенттин айтымында, “Коопсуз өлкө” долбоору аркылуу 600 даана видеокамера орнотулуп, ийгиликтүү иштеп жатат. “Орнотулган видеокамералардын натыйжасында, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын катталуусу эки эсеге азайды. Быйылкы жылы бала бакчалардан баштап, базарларга, ири соода борборлоруна, эл көп чогулган жерлерге жана туристтик аймактарга, шаардын сырткы жана ички каттамдарына дагы 500 даана видеокамера орнотулат”, — деди мамлекет башчысы.
Баткен облусун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасынын алкагында Жаңы Баткен заманбап экологиялык шаарын куруу демилгеси ишке ашууда. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул багытта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен Курулуш министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде шаардын башкы планынын концепциясы иштелип чыгып, облус жетекчилигине сунушталды.Облус башчысы долбоорду жогору баалап, бир катар сунуштарын киргизди. Тактап айтканда, шаардын жылытуу системасын, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу көмөк чордондорду куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын административдик имараттарды куруу боюнча суроо-талаптары эске алынып, башкы планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилмей болду. Адистер концепцияны үстүбүздөгү жылдын 3-кварталынын аягына чейин толуктап, кайра иштеп чыгууну пландашууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0