https://sputnik.kg/20260330/parizh-antinapoleonduk-koalitsiya-orus-askerleri-1100517551.html
Парижге антинаполеондук коалициянын аскерлерин орустар баштап кирген. Тарыхый баян
Парижге антинаполеондук коалициянын аскерлерин орустар баштап кирген. Тарыхый баян
Sputnik Кыргызстан
1814-жылы 30-мартта орус армиясы башында турган антинаполеондук коалициянын союздаш аскерлери Парижге кирген. 30.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-30T20:08+0600
2026-03-30T20:08+0600
2026-03-30T20:08+0600
дүйнөдө
россия
франция
европа
париж
тарых
маданият
согуш
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1e/1100517914_0:156:3086:1892_1920x0_80_0_0_483530609d4a3951e5e8c41b4dc13cc7.jpg
Баш калаа үчүн салгылаш Франциянын 1814-жылкы кампаниясындагы эң айыгышкан кармаштардын бири болуп, союздаштардын армиясынын каны суудай төгүлгөн. 30-мартта бир күндө эле сегиз миңдей аскеринен ажыраса, анын алты миңден ашыгы орустардыкы эле. 31-мартка караган түнү Париждин багынып бергени боюнча документке кол коюлган. Эртең мененки саат жетиде франциялыктардын армиясы шаарды таштап чыгып кетиши керек болчу. Түш ченде Александр I баштаган орус гвардиясы борбор калаага шаң-салтанат менен кирет. Император айкөлдүк кылып, шаарды тонобойм деген сөзүнө турат. Жашоочуларга камкордук көрүп, ал тургай Франциядан кенемте албагандыгы үчүн Европанын "бошотуучусу" деп атаган. Кызыктуу учурлар. Учурда тейлөө тармагынын, анын ичинде тамактануу жаатында "бистро" деген сөз бар. Муну ыкчам эле шам-шум эте калуучу жай деген мааниде айтып келишет. Бул орусча алганда "быстро" сөзүнө маанилеш. Бул жортуулду эске салган баян айтылып жүрөт. Орус казактары ошол кириште париждик официанттардан тезирээк тейлеп, тамак-ашыңарды илгиртпей алып келгиле, "быстро!" деп шаштырат. Ал тилдик өзгөчөлүккө байланыштуу өзгөрүп, бистро болуп калган деген кеп бар. Төлгөчүнүн айтканы дал келген. Орустардын жаш офицерлерин Париждеги ак сөөктөрдүн чөйрөсүнө, кездешүүлөрүнө канааттануу менен кабылдашкан. Европанын көп жерине аты чыккан, келечекти көрө билген мадемуазель Мария Анна Аделаида Ленорман ошондой жайлардын биринде болочок декабристтер Сергей Муравьев-Апостол менен Павел Пестелдин дарга асыларын алдын ала айткан. Кийин дал ошондой болот. Жаңы мода. Парижден орус аскерлер жаңы манераларды, адаттарды, идеяларды, жашоо образын өздөрүн менен кошо ала келишкен. Мисалы, кофе ичүү менен бош бөтөлкөнү столдун алдына алып коюуну айтсак болот. Ал эми Александр I француз архитектурасына кызыгып калып, Россияга кээ бир архитекторлорду чакыртат. Аларды ичинде азыркы Исаакиев соборун курган архитектор Огюст Монферран да болгон.
https://sputnik.kg/20251017/kyonigsberg-kantip-sovettik-shaar-bolgon-1097232884.html
франция
европа
париж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1e/1100517914_178:0:2909:2048_1920x0_80_0_0_c6140e68a81261c5b3424dd5988f417b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, франция, европа, париж, тарых, маданият, согуш
дүйнөдө, россия, франция, европа, париж, тарых, маданият, согуш
Парижге антинаполеондук коалициянын аскерлерин орустар баштап кирген. Тарыхый баян
1814-жылы 30-мартта орус армиясы башында турган антинаполеондук коалициянын союздаш аскерлери Парижге кирген.
Баш калаа үчүн салгылаш Франциянын 1814-жылкы кампаниясындагы эң айыгышкан кармаштардын бири болуп, союздаштардын армиясынын каны суудай төгүлгөн. 30-мартта бир күндө эле сегиз миңдей аскеринен ажыраса, анын алты миңден ашыгы орустардыкы эле.
31-мартка караган түнү Париждин багынып бергени боюнча документке кол коюлган. Эртең мененки саат жетиде франциялыктардын армиясы шаарды таштап чыгып кетиши керек болчу. Түш ченде Александр I баштаган орус гвардиясы борбор калаага шаң-салтанат менен кирет. Император айкөлдүк кылып, шаарды тонобойм деген сөзүнө турат. Жашоочуларга камкордук көрүп, ал тургай Франциядан кенемте албагандыгы үчүн Европанын "бошотуучусу" деп атаган.
Кызыктуу учурлар. Учурда тейлөө тармагынын, анын ичинде тамактануу жаатында "бистро" деген сөз бар. Муну ыкчам эле шам-шум эте калуучу жай деген мааниде айтып келишет. Бул орусча алганда "быстро" сөзүнө маанилеш. Бул жортуулду эске салган баян айтылып жүрөт. Орус казактары ошол кириште париждик официанттардан тезирээк тейлеп, тамак-ашыңарды илгиртпей алып келгиле, "быстро!" деп шаштырат. Ал тилдик өзгөчөлүккө байланыштуу өзгөрүп, бистро болуп калган деген кеп бар.
Төлгөчүнүн айтканы дал келген. Орустардын жаш офицерлерин Париждеги ак сөөктөрдүн чөйрөсүнө, кездешүүлөрүнө канааттануу менен кабылдашкан. Европанын көп жерине аты чыккан, келечекти көрө билген мадемуазель Мария Анна Аделаида Ленорман ошондой жайлардын биринде болочок декабристтер Сергей Муравьев-Апостол менен Павел Пестелдин дарга асыларын алдын ала айткан. Кийин дал ошондой болот.
Жаңы мода. Парижден орус аскерлер жаңы манераларды, адаттарды, идеяларды, жашоо образын өздөрүн менен кошо ала келишкен. Мисалы, кофе ичүү менен бош бөтөлкөнү столдун алдына алып коюуну айтсак болот. Ал эми Александр I француз архитектурасына кызыгып калып, Россияга кээ бир архитекторлорду чакыртат. Аларды ичинде азыркы Исаакиев соборун курган архитектор Огюст Монферран да болгон.

17 Тогуздун айы 2025, 20:04