00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Саякбайды баатырлар кайып кылып өздөрү менен кошо алып кетсе керек... 10 факт

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРАлп манасчы Саякбай Каралаев. Архив
Алп манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2026
Жазылуу
Сайтыбызга манасчы Саякбай Каралаев тууралуу 8 факт берген элек. Кошумчалап, бүгүн дагы 10 факт сунуш кылып отурабыз.
Калк — массалык караңгы учурдун агартуучусу. Тилдин бай казынасынан кана жуткан адамдардын өз улутунун алдындагы бирден-бир эң маанилүү да, милдеттүү да иши — ошол өзү топтоп алган тил байлыкты элге чачуу, мейли оозеки болсун, мейли жазуу түрүндө болсун, ошол билгендерин кийинки муундарга калтыруу. Муну бир адам өзү иштей албаса башка адистер, басмалар, радио, телевидение, кино, театр жардам берет. Саякбай Каралаевдин "Манас" эпосунан үзүндүлөрү "Каныкейдин жомогу" (1940), "Каныкейдин Тайторуну чапканы" (1941) деген аттар менен өзүнчө китеп болуп басылып, согуш кезинде кыргыз жоокерлеринин мекенчил сезимин көтөрүүгө өзгөчө салым кошкон. Кыргыздардын этнографиясы боюнча изилдөөчүлөр качан болбосун манасчынын "Тулпарлар" (1965; 1978; 1982; 1995), "Баатырлар, айымдар" (1967, 1969, 1988), "Бүркүттөр: мектеп балдары үчүн" (1952), "Канаттуу куштар" (1955), "Бүркүт жөнүндө аңгеме" (1964) деген китептерине кайрылбай койбойт. Башынан өткөн окуяларды мемуар, документалдык чыгарма кылып "Унутулгус күндөр: Жети-Суудагы граждандык согуштан эстеликтер" (1955), "Эстен кетпейт: проза жана ырлар" (1957), "Азапты көп көргөн Кубат" (1958), "Унутулгус күндөр: эстеликтер" (1967) деп бир нече китеп жазып бергени да тарых үчүн таберик эмгек. Балдар үчүн "Делдеш баатыр" (1957), "Томор мерген: ыр менен жазылган жомок" (1957), "Молдо баатыр" (1960), "Бакытай балбан" (1961) деген абдан пайдалуу китептерин бизге калтырды. "Карамолдо" поэмасында (1962) даңазалуу комузчу Карамолдо Орозовдун образын сонун ачып, окурмандарга тартуулады.
Саякбай – бүркүтчү. Ээсин жоктогон Карачолок. Саякбай Каралаев бүркүт таптап, алар менен адам сыяктуу сүйлөшчү. Сепейип атына минип алып, колуна бүркүтүн кондуруп баратканын көргөндөр манасчы эмес эле бүркүтчү дешчү. Фрунзеде анын оозунан "Манасты" жазып аткандарды "айылга, бүркүттөрүмө кетем" деп шаштыра берчү экен. Көйрөңкара, Бозжигит, Гүлдүү бадам, Карачолок деген аттары бар экен алардын. Бостериде, Оттукта, Ак-Өлөңдө бүркүт кармап, бүркүт таптаган достору болгон, алар Саякбайды манасчы катары эмес, мүнүшкөр катары жакшы билген. Куш салуунун ышкысына түшкөндө атын минип, бүркүтүн томоголоп, колуна кондуруп Солтон-Сары, Кара-Кужур, Балгарт, Арчалуу-Туюк деген алыскы жайлоолорго чыгып кетчү экен. Кийин манасчынын келбес сапарга кеткенин Карачологу кадимкидей сезип, аны коё беришкенде айылдын үстүндө айланып учуп, ээсин жоктой аянычтуу добуш салып, анан көккө сиңип кеткен дешет...
Улуу манасчы Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Атамдын улуу адам экенин аңдабаптырмын. Саякбай манасчынын кызынын маеги
Саякбайдын мүнөзү, адамдык сапаттары, эрмеги. Аны жакшы билгендердин эскерүүлөрүнөн: "Саякбай Каралаев кең далылуу, кара тору, бакырайган сүйкүмдүү көздөрү бар, ички абалына жараша тез эле өң-далалаты өзгөрүп турган жандуу, жайдары мүнөз, ачык, сымбаттуу адам эле. Манасчы эпостун маанисине терең берилип, бир заматта падышага, өтүкчүгө, бир заматта аялзатка, наристеге, баатырга, жүзү карага, махабатка арзыганга, ирмемде ат минип жоого аттанып, деги койчу, өзгөрүп турар эле" (Чыңгыз Айтматов). "Сакем бапылдап сүйлөгөн, ичине кир сактабаган, ак пейил, аксакалга да, балага да теңтуш, чулуйган кара мурут, көзү бадырайган, кара тору, шайыр, кандай айтса жараша турган киши болчу" (Буудайбек Сабыр уулу, фольклор жыйноочу). "Эрмеги — бүркүт салуу; хоббиси — ашата сөгүнүү, теңтуштарына ат коюу; жактырган өнөрпозу — Карамолдо; жакшы көргөн суусундугу — Айымкандын бозосу; жактырган машинеси — "Москвич"; достору: Карамолдо, Чалагыз, Мидин, Райкан, Байдылда, ж.б." (Каныбек Иманалиев, жазуучу). Дүйнө жыйбаган, акчага кызыкпаган киши болгон. "Мен билгенден, — дейт келини, — Казакстандан чыккан "Манас" китеби үчүн атам 13 миң сом алыптыр. Атам, апам болуп ошол акчаны алганы кетишкен. Үйгө келгенде апам урушуп келди. Көрсө атам 10 миң сомго чейин санагандан кийин калган 3 миң сомун ошол жердегилерге "чай ичип койгулачы" деп таштап баса бериптир. Эмне десе "алар да оокат кылышсын да" дейт. Ошол кезде 3 миң сом акча аябай чоң акча болчу да" (Азима Каралаева, келини).
Белгилүү комузчу, акын, сөз билерманы, мүнүшкөр, саятчы Чалагыз Иманкулов менен Ысык-Көлгө барганда көп чогуу жүргөн. Манасчынын портретин бир жыл бою эрикпей тарткан Сүймөнкул Чокморовду аябай жакшы көрчү экен, атактуу киноактёр да аны шаар сыртына алып чыгып, эс алдырып келип турган. Байдылда Сарногоев менен азилдеш болуптур, Байдыке да "мени эле бала кылып алыңызчы, сары акын Каралаев болуп алайын деп" тамашалашчу экен. Саякбай атасын Байдыке "Сашка" деп эркелетсе, Сашкасы аны "жаман Сары кашка" деп койчу экен.
"Төштүк". Эламандын кенжесин дүйнөгө тааныткан. Саякбай Каралаевдин бизге калтырып кеткен мурастарынын ичинен "Төштүк" эпосу өзгөчө орунда. Өзүнүн айтуусуна караганда, бул чыгарманы өтө жаш кезинде энеси Дакыш күндө айта берип кулагына куйган экен. Ошол бойдон кийин 30-жылдарда Фрунзеге келгенде фольклорист-жыйноочу Ыбрайым Абдрахманов тарабынан жазылып, 1938-жылы Казань шаарынан 386 бет көлөмүндө латын арибинде китеп болуп басылып, кыргыз окурмандарын аябай кубандырган, сабаты эми-эми ачылып жаткан кыргыздар жапырт күндүз жайлоолордо, түнү чырактын жарыгында окуп жатып калган. 1958-жылы бул китеп орусчага которулуп, орус тилдүү окурмандарды да анын мифтик-гуманисттик сюжети кызыктырган. Каралаев жараткан "Төштүк" — жалпы түрк элдеринин ичинде эң мыкты эпостордун бири. Чыгарманын негизинде диссертация жазган Сулайман Кайыповдун эсептөөсүндө, бул варианттын толук тексти 16 559 сап ырдан турат. Бул жагынан ал кыргыз эли жараткан башка кенже эпостордун ("Кедейкан", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш", "Олжобай менен Кишимжан" ж.б.) ичинен эң көлөмдүүсү болуп саналат. Ошол вариант ЮНЕСКОнун чечими менен француз тилине которулуп, дүйнөлүк маданияттын очогу болгон Париж шаарында басылып чыккан. Каралаевдин бул жараткан шедеври советтик учурда төрт жолу басылды. Кийин кыйла толук басылышы "Эл адабияты" сериясынан башка улуттук мурастардын катарында жарык көрдү. Чыгарманын баалуулугу — биринчи кезекте мифтик каармандардын (Желмогуз кемпир, Төрт Маамыт, Алп кара куш, Чалкуйрук, Кумурска, Жолборс ж.б.) адамдар менен аралаш жүргөндүгү, сүрөттөөлөрүнүн таамайлыгы, гиперболалуулугу, поэтикалык каражаттарынын өзгөчө байлыгы. Ар бир бөлүмдү Каралаев жипке тизгендей бир-бирден өтө кынаптап чыгат. Укмуштуу, сыйкырдуу окуяларды улам Төштүктүн алдынан биринен кийин экинчисин чыгарып, угарманды арбап, өзүнө тартып турат. Төштүктүн аты Чалкуйрук кишиче сүйлөп, зарыл болсо сакага айланышы, Төштүктүн жер алдына түшүшү, ал жактан Маамыттар, Кумурска, Аюу, Жолборс менен достошушу, Көк дөө менен кармашы, Ажыдаарды өлтүрүшү, Алп кара куштун жардамы менен жер үстүнө чыгышы – булар жөн гана жомок эмес, булар байыркы доордон 20-кылымга чейинки кыргыздардын мифтик образ түзүү, жомок жаратуу, жаратылыштын жана адамдын ким экендигин чагылдырып берүү өзгөчөлүгүн адам акылы албай турган чеберчилик менен ачып бериши. Дал ушул Каралаевдин "Төштүгүнүн" негизинде Жалил Садыков пьеса жазып, ал театрларда кайра-кайра коюлуп жатат, анимациялык фильмдер тартылды.
Эр Төштүк эпосундагы Маамыттардын образдары - Толубай-сынчы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
"Эр Төштүк" дастаны тууралуу 10 факт. Жомоктон эпос деңгээлине көтөрүлгөн
Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматов. Чыңгыз Айтматов манасчы Саякбай Каралаев менен ата-бала болуп калган. Жазуучунун атасы Төрөкул жаш чагында айдалып кетип, ошол бойдон дайын-дарегин билбей, атага кусалыгы бөксөрбөй өсөт. Атасынын мээримине канбай калып, көп жактарын ушул Саякбай Каралаевден табат. "Ал кезде идеологиянын добулбасы дүйнөнү дүңгүрөтүп турган тапта мен "Правда" гезитинин Кыргыз ССРи жана Орто Азия боюнча өз кабарчысы болуп иштеп жүргөм. Тагдырдын буйругу менен акыркы классик айтуучу, оозеки чыгармачылыктын деңизин бир заматта чалкытып, буюккан бурганакка, бир заматта кой оозунан чөп алгыс момунга айланткан, кыргыз тилин билбеген адамга да шумдуктай таасир калтыра алган биздин мекендешибиз, улуу гений манасчы Саякбай Каралаев менен таанышып калдым", — деп жазат Айтматов. Каралаев менен Чүйдүн бир айылына барганын жазып кеткен: анда жай саратанда колхоз кеңсесинин алдында аксакалдар бири отургучта, бири дөңгөчтө отурса, балдар тал-теректин башына чымчыктай конуп алып, бири атчан, бири эшекчен, бир бала төөсүн жаткырып өркөчүнө жайма-жай отуруп, тегерете ак жоолукчан аялдар болуп "Манас" дастанын угууга камынат. Саякбай ата манас айтып кирет. Бир убакта күтпөгөн жерден асман алай-дүлөй болуп, чагылган кошо чартылдап, күндүн түбү түшкөндөй жамгыр жаап, элдин баары шөмтүрөп суу болот, ат үстүндө манасчынын да башынан бутуна чейин суу өтөт. Ушундай табияттын алааматында бир да киши Саякбайдын манасын таштап кете албайт, аларды "Манас" дастанынан бир керемет күчү байлап алгандай ордуларынан козголуп да койбой, былк да этпей, ыйлаган жерде ыйлап, кайгырган жерде кайгырып, "Манастын" ичине кирип кетишет. "Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган сөзгө кошулуп, кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты... Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук..." Мына ушундай ураан чакырткан, жамгыр-карга, күн-түнгө карабай адамдарды өзүнө тарткан "Манастын" күчү эмнеде?! Эң биринчи кезекте "кылымдардын касиеттүү өзөгүнө айланган көөнөрбөс элдик Сөздүн сырын өз көөдөнүнө уюткудай кармап, байыркы кыргыздын обондуу поэзиясын Сөзгө айландырган" Саякбайдын манасчылык сыйкырында, кудай гана ыроологон кереметинде. Айтматов даңазалуу композитор Дмитрий Шостакович Фрунзе шаарына 60-жылдардын ортосунда келгенде тилди билбесе да Саякбайды ыракаттанып суктануу менен укканын, ага "Манас" жана манасчы абдан катуу таасир эткенин айтып жана жазып жүрдү. Саякбай атасы кайтыш болгондо Чыңгыз Айтматов баласындай буркурап ыйлаганын көргөндөр айтып жүрүшөт.
Саякбай Каралаев жана Мухтар Ауэзов. Мухтар Ауэзов Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде "Манас" эпосуна кызыгып, 1930-жылы Фрунзе шаарына келет. Ошол келиште Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Белек Солтонов ж.б. кыргыз зыялылары менен дос болот. Булар сталиндик репрессияга туш келет, Ауэзов качып-бозуп жүрөт. Анын эң жакындарынын бири Саякбай Каралаев болгон. Саякбай айтып берип, эпосту жазып жаткандарды көрүп туруп, анын "Каныкейдин жомогу" бөлүмүнө келгенде көз жашын агызып, "сен бул дүйнөдөн өтсөң адамзат теңдешсиз реликвиясын жоготот" деген экен. Кийин манасчыны Казакстанга үй алып берип, жакшы шарт түзүп алып кетүүгө да аракет кылыптыр, бирок Саякбай ата көнбөй койгон экен. Каралаев тууралуу анын "ХХ кылымдын Гомери", "Могикандардын акыркысы" деп айткан сөздөрү китептерден китептерге көчүп жүрөт. Бир жолку жыйындагы Мухтар Ауэзовдун абалын ошол жыйынга катышкан советтик адабиятчы Е.В.Лизунова минтип жазган: "Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап "Манас" эпосун жат билген, белине ак күмүш, жазы кемер кур курчанган, башына ак чокулуу Ала-Тоосу түспөлдөш кара кыюу ак калпак кийген, кыргыздын чыныгы улуу манасчысы Саякбай Каралаев эпостун каармандарынын бири Семетей жөнүндөгү үзүндүнү кызуу аткарып жатты. Ал күчтүү, шаңкылдаган үн менен ырдап, бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артисттик колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач кыйкырыгы, кылычтардын шаңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаш угулган, душманга каршы чабуулдун, жан аяшпас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын өзүн дал болуп тиктеген угуучулардын көз алдынан тартып өткөнсүйт. Ырчы токтолгондо шаттыкка баткан элдин кыйкырык-сүрөөнүнөн залдын ичи жаңырып чыкты. Жоо-жарагын шайланган байыркы баатырларга окшош Каралаевди япондор, арабдар, шведдер, америкалыктар, немецтер, француздар, түрктөр, индиялыктар кубанып куттуктап жатышты. Карт досунун ийгилигине Мухтар Оморханович маңдайы жарыла кубанды".
Саякбая Каралаев тууралуу фильмдер. 1964-жылы Ысык-Көлдөн "Манасчы" фильмин ал кездеги жаш режиссер Болот Шамшиев тартат. 22 жаштагы ВГИКтин бүтүрүүчүсүнүн дипломдук иши Оберхаузендеги кыска метраждуу даректүү фильмдердин бүткүл дүйнөлүк кинофестивалында (1965) жана Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда (1966) башкы байгени жеңип алган. Бул фильм биз үчүн өзгөчө баалуу, себеби андан Каралаевдин манас айтуу чеберчилигин даана көрөбүз. Чыгармачыл топ манас дүйнөсү менен Саякбайдын биографиясын кылдат жуурулуштурат. Анда манасчынын Карачолок деген бүркүтү менен карышкыр алдырган эпизоду бар. Ошол кезде манасчы 70терге барып калган. Фильмдин негизги эпозоддору Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарынын тоолорунда тартылган. Мелис Убукеев академия менен иштешип, 1962-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай", 1988-жылы "Улуу манасчы" деген даректүү фильмдерди тартат, аларда артисттер ойногон көркөм образдар менен тарыхый-биографиялык, архивдик материалдар синтезделип, мыкты эмгек жаралган. Режиссёр "Манас" эпосунун негизинде чоң бир эпикалык көркөм фильм жаратам деп жүрчү экен, ал тилеги аткарылбай калды. "Саякбай. 20-кылымдын Гомери" деген ат менен биографиялык эпикалык көркөм фильм тартылган (режиссёру Эрнест Абдыжапаров). Манасчынын жаш кезин Үмөт манасчы, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу, карыган учурун Марат Жантелиев аткарган. Чыңгыз Айтматовдун образын анын уулу Элдар Айтматов жараткан. Манасчынын колуна кол, бутуна бут болуп жүргөн жубайы Бейшекандын ролун Тынара Абдразаева келиштирген. Фильмде доор жаңырыгы, табият жана манасчы темасы абдан терең ачылган. Бул кино көптөгөн өлкөлөрдө коюлду.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРАлп манасчы саякбай Каралаев. Архив
Легендарный манасчи Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2026
Алп манасчы саякбай Каралаев. Архив
Трагедиялуу инсан. Башкаларга билинбегени менен Саякбай Каралаев өзүндө ар дайым бир коркунучту, жанында дайыма бир трагедияны алып жүргөн адам болгон. Кандайча дейсизби? Биринчиси, манасчыны издеп 30-жылдарда борбордон Кусейин Карасевдин барганын укканда Маманда айыл кеңешинин төрагасы болуп жүргөндө Кытай жакка качып кетүүгө аракет кылып, "колго түшүп" бергиси келбейт. Муну Кусейин Карасаев анын граждандык согушта туура эмес бир нерсе кылып коюшу мүмкүн деп жоромолдойт. Чын эле согуш деген согуш да, бирөөнү өлтүрөт, бирөөнү жарадар кылат, ошолордун элеси аны дайым ээрчип жүргөн болушу мүмкүн. Же өкмөт дагы бир аскердик ишке пайдаланат болушу керек деп ойлонгон... Экинчиси, адегенде Эшенаалы Арабаев, кийин Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, алардан да кийин Зияш Бектенов, Ташым Байжиев сталиндик репрессияга туш болот, айрымдары атылып кетет, айрымдары камалат. Алардын ошондой болушуна "Манас" эпосу да кыйыр түрдө таасир эткен, андай болсо "Манасты" жаздырган Саякбай Каралаев да өзүн күнөөкөр сезген. Үчүнчүсү, баласы Чубак бир чатакка аралашып, бирөөнү бычактап, ал ошол жарааттан каза болуп калат. Ортого Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы Болот Мамбетов түшсө да болбой, уулу 14 жылга кесилип кетет, андан бала да калбайт. Ушул уулунун тагдыры манасчыны кыйла мүңкүрөтүп койгон экен. Жанагы Болот Шамшиев тарткан "Манасчы" фильмине ал ошол абалда түшкөн. Төртүнчүдөн, "Манас" эпосун жактырбагандар көп болгон, аны феодалдык түзүлүштү, кандардын образын көкөлөтөт, ошол доорду көксөйт деп чыккандар бул чыгарманы жок кылып коё жаздашат. Өзгөчө биринчи жолу 1937-1938-жылдарда, экинчи жолу 1948-1952-жылдарда "Манаска" ачык да, тымызын да "согуш ачкан" кезде Саякбай манасчы күпүлдөп манасын коргоп да, кооптонуп да, коркуп да жүрдү. Айрыкча, "Манас" эпосунун элдүүлүгү тууралуу 1952-жылдагы конференцияда Москвадан келген окумуштуу, башкы баяндамачы А.К.Боровков марксчыл-ленинчил эстетиканын позициясын айтып келип, эпостун варианттары жана жаралуу, калыптануу доору такталган эмес, ошол кездеги "бир агым" ("единый поток") деген А.Н.Веселовскийдин окуусу жана Н.Я.Маррдын тил илимине сунуштап жаткан жаңы теориясы "Манас" эпосун изилдөөгө кирип кеткен, чыгармада карапайым калкка туура келбеген жорук-жосундар, салттар орун алган, исламдаштыруу, түрктөштүрүү максаты бар, башкы каарман баскынчы, талоончу, манасчылар ошолорду идеялизациялат деп чыгат. Ага кошулуп дагы бир москвалык профессор Л.И.Климович да эпоско каршы ой айтат. Мына ушул жыйындын чечими менен "Манастан" айрылып калышыбыз мүмкүн эле, аны коргоп чыккандар менен кошо эпостон үзүндү айтып, улуу жомоктун элге таандык экендигин, ал кыргыздын каны-жанына сиңгенин Саякбай Каралаев далилдеп берген. Конференциянын жыйынтыгында "Манас" эпосу элдик чыгарма деп таанылып, 1952-жылы 1-августта СССР ИАнын Президиумунда каралып, эпосту элге жеткирүүнүн кеңири программасы сунушталган. Ага ылайык, 6 пункттан турган №465 токтомдо "Манас" эпосунун курама (бириктирилген) вариантын 1953-жылдан 1955-жылдарга чейин иштеп чыгуу, жарыялоо милдеттендирилген жана атактуу 3 бөлүмдөн, 4 китептен турган "көк китеп" жарык көрүп, кат билбегендер чогулуп бирөөлөргө окутуп, кат билгендер жатып да, туруп да окуп, өзүнчө бир дүйнөгө кирген. Ошол жеңиш Саякбайдын ичинде жүргөн бир азабынан арылткандай болгон.
Элсиз манас айтпай койгондо... Журналист жана музыка изилдөөчү Балбай Алагушовдун мындай дегени бар: "...1960-жылдын кыш айы. Кыргыз радиосунун үн оператору Кумар Жумабаев, режиссер Турсун Уралиев, мен болуп, Сакемдин айтуусунда "Манастын" эң бир кызыктуу үзүндүлөрүн тасмага жазып, радионун алтын коруна калтырыш үчүн алп манасчы Сакемди студияга чакырдык. Сакем болжошкон убакытта келди. Студияга өзүн жалгыз киргиздик. "Баштаңыз" деп оператор белги берди. Бирок эмнегедир Сакем кадимки эл алдына айткандай төгүлүп-чачылбастан бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп айтпастан, өзүн коомай сезип айтып жатты. Биздин купулга толбоду. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Радионун беш-алты кызматкерин чакырып, Сакемдин эки жагына отургуздук. Алар Сакем "Манастан" үзүндү айта баштаганда үн катпай кол кыймылдары менен сүрөөгө алганда Сакем кадимки калыбында буркан-шаркан түшө айтып жатты. Мен муну менен Сакемдин эл менен жашап, эл менен күн көргөн нукура элдик шайыр экенин, "Манас" калктын арасында гана айтыла турганына ынандым. Ошентип, Сакемдин айтуусунда алп "Манастын" үзүндүлөрүнөн биринчи жолу 14 саат жазылып алынды". Кийин Бүткүл союздук "Мелодия" фирмасы балыкчылыктардын алдында анын айтуусунда "Алмамбет менен Чубактын жол талашы", "Алмамбеттин жообу", "Тайторунун чапканы", "Сыргак менен Алмамбеттин жол чалышы" деген үзүндүлөрдү өтө таза кылып жазып алып, Ташкендеги грампластинкаларды чыгаруучу заводдон ар бири бир сааттан турган төрт альбом чыгарышты.
Үй-бүлөсү. Оорукандагы манас айткан акыркы күндөрү. Саякбай Каралаевдин жубайы Бейшекан башкача жан болгон дешет. Күйөөсүнүн кырс мүнөзүнө, жумалап-айлап кетип калганына, үйүнө тынбай эле конок чакырып эт салдыра берген ашкере берешендигине, сөгүнчөөктүгүнө чыдаган. Экөө эки уул, төрт кыздуу болгон. Уулдары Сыргак, Чубак, бир кызы Рапикан (Рабига – Каныкейдин чын аты), аны ырымдап Каликан дешкен, анан "кенже сары кызы" Гүлсүн. Каликан мугалим, Гүлсүн дарыгер болуп жүрдү. Чубактан бала калбады, Сыргактан бир уул, бир кыз ата тукумун улап келет. Чоң кызы №28 орус мектепте, эки уулу №5 кыргыз мектептен билим алган. Сыргак "Кыргызстан маданияты" гезитинде иштеген. Зайыбы байынан мурда кетип, Саке жалгызсырап Балыкчыда кызыныкында жашап жүрдү. Ошол жактан ооруп борборго алып келишет. Врачы Асан Жайлообаев мындай эскерет: "...көпкөк болуп дем ала албай өтө кыйналып жатыптыр. Жанында Сыргак деген уулу бар экен, Сакем сүйлөй да, дем да алалбайт. Карасам эки өпкөсүнө суук тийиптир. Көрсө өмүр бою манас айтып жүрүп эки өпкөсү кеңейип кетиптир. Бир убакта бирөө чакырып атат дейт. Тышка чыксам теңтушу, курдашы, белгилүү комузчу Чалагыз Иманкулов кемпири, уулу менен келиптир. Чакем (Чалагыз молдокем) менен саламдашып амандыкты сурашкандан кийин Чакем: "Асаке, баягы менин досум силерге жатып калыптыр. Көрөйүн деп келдим" дегенде: "Жүрүңүз, Молдоке, досуңуздун акыбалы өтө оор" десем кемпири экөө кирип, Сакемдин акыбалын көрүп "ой, болбой калган турбайбы" деп Сакемди кучактап алып ыйлап жиберди да, "Асаке, эми эмне болот" деп сурап калды. Мен "колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатам. Акыбалы өтө кыйын" десем, кемпири "абышка, бул жерде киши жок экен, сен досуңа ыйман айтпасаң болбойт, о дүйнөгө кете турган болуп калыптыр" дегенде ыйман айтты. Уулу Сыргак болсо бышактап ыйлап отурду. Бир-эки саат өтүп-өтпөй Сакем үзүлүп кетти. Анан уулу Сыргак "атам кокустан мен өлүп калсам сөөгүмдү туулган жериме, Ак-Өлөңгө койгула деп айтчу. Атамдын сөөгүн Тоңдун Ак-Өлөңүнө коёбуз" деди. Бир аз убакыттан кийин Жогорку Кеңештен эки жигит келди да: "Саякбай атабызды Бишкектин көрүстөнүнө коюш керек. Элге таанымал адам, Көлгө коюуга болбойт. Ар жак, бер жактан келген меймандар улуу манасчы Саякбайдын сөөгү кайда коюлган деп издешет. Ошондуктан Сакемин сөөгүн Фрунзеге коёбуз" дешти. Ошентип, залкар манасчынын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Сакем 7-май (1971) күнү саат үчтө каза болду". Акыркы күндөрү 77 жашка келген манасчы адамдарды да тааныбай калган экен. Кошуна палатада жаткан жазуучу Николай Удаловдун айтуусунда, Саякбай таң атканча күңгүрөнүп манас айтып чыгыптыр. Ошондо жанына баягы бала чагында келген Манас менен Алмамбет, Бакай менен Каныкей, Чубак менен Сыргак кайра келип, өздөрү менен кошо кайып кылып алып кеткен болуу керек...
Кырчын жайлоосунда театралдык шоу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2025
Сагынбайдын "Манасын" угам деп келгендер бүтүн үйдү бүлдүрчү. Эс тутум
Жаңылыктар түрмөгү
0