https://sputnik.kg/20250420/sagymbay-orozbakov-tuuraluu-kyzyktuu-bayan-1093409538.html
Сагынбайдын "Манасын" угам деп келгендер бүтүн үйдү бүлдүрчү. Эс тутум
Сагынбайдын "Манасын" угам деп келгендер бүтүн үйдү бүлдүрчү. Эс тутум
Sputnik Кыргызстан
"Манас" дегенде дароо Сагынбай, Саякбай деген залкарлардын ысымы өзүнөн өзү келет. Мунун да мыйзам ченемдүү жөнү бар. Алар — уникалдуу эмгекти мээсинде... 20.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-20T18:08+0600
2025-04-20T18:08+0600
2025-04-20T18:08+0600
кыргызстан
манас дүйнөсү
сагымбай орозбаков
манас эпосу
манасчы
аян
талант
гений
каюм мифтаков
ыбырай абдрахманов
https://sputnik.kg/img/103492/02/1034920257_0:410:3936:2624_1920x0_80_0_0_5617b9ed4662b780f0ecf371d9a50348.jpg
Манас дүйнөсүн барктаган, аздектегендер бул инсандарга табынбай да, суктанбай да кое албайт. Миң сандаган саптарын көкүрөккө кыт куйгандай сактап, аны кайра айтып берүү эмне деген өзгөчөлүк жана талант.Материалдын башында Сагынбай Орозбаковго берилген баа, мүнөздөмөлөр менен окурмандарды тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.Эл: Сагынбай манасчылардын Манасы эле.Токтогул акын: кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым .Жазгыч акын Тоголок Молдо: Орозбактын Сагынбай, сайрап өттү жаңылбай,/ Эсепсиз акын эр эле, эми калды табылбай.Молдобасан манасчы: акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз.Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов: биз бири-биринен айырмаланган эки — нарындык жана караколдук мектепти көрүп олтурабыз. Биринчисинин өкүлү — Сагынбай, экинчисиники — Каралаев.Акын, жазуучу Аалы Токомбаев: Сагынбай атактуу манасчы, элдин сүймөнчүгү.Акын Алыкул Осмонов: ...Сагынбай Орозбаковдуку болбосо, анда калгандары бизди "Манас" эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң... XX кылымда Сагынбайдын күчүнө тете акын туула элек десек жаңылышпайбыз. Ал элдик адабияттын пири катарында сезилет да, улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.Окумуштуу Болот Юнусалиев: өз мезгилинин эң таланттуу манасчысы... Сагынбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.Фольклор жыйноочу, "Манасты" кагазга түшүргөн Ыбрай Абдырахманов: Сагынбайдын угуучулары сүйүктүү ырчысын көрүү үчүн бүтүн үйдү бүлдүрүшчү.Фольклор жыйноочу адис Калим Рахматуллин: Сагынбай таланттуу акын жана өз кезегинде эң чебер болгондуктан, аны кала берсе кыргыздын түштүк жагы да, Көл бою да, Талас өзөнү да дайым чакырып сыйлап турган.Балдар акыны Каныбек Жунушев: Сагынбай көр оокаттын артынан көмөлөнүп-жумаланып жашап көнбөптүр, колдо барын элге таратып берип койчу экен (бул айтылгандарды философия илиминин доктору, профессор Асанбек Табалдиев чогултуптур).Эми Сагынбай Орозбаков тууралуу кызыктуу фактыларга келсек.Кабыргада туулган. Сагынбай Орозбак уулу 1868-жылы Ысык-Көлдүн күнгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо жашап өткөн. Ал манас айтуу менен чектелген эмес. Көркөм чыгармаларды, кошок түрүндөгү ырларды, тамсилдерди жараткан. Элдик ырларды өтө көп билген.Сагынбай Орозбаков кандай киши болгон? Ал үнү эле эмес, өңү да башкача жаралган инсан экенин айтышат. Жазы маңдай, баатыр баштуу, жалын көз, бетинен ырыс таамп, ооз ачып манас айтканда тээ алыстан көрүнгөн. Кең далылуу, колдору шадылуу, эл арасында отурса алыстан балпайып таанылып турган, жайкалган кара сакал, кичи пейил, отуруп-турганы салабаттуу, түшүнө билген кишиге чексиз адамгерчиликтүү адам болгон дешет билгендер.180 миң 378 саптагы керемет аалам. Орозбаковдон жазып алынган "Манас" 180 миң 378 сапты түзөт. "Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагынбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Бул варианттагы эле тулпарлардын саны 129га чукул.Дене бойду дүркүрөткөн көрүнүш. Манасчы турмуштун шарты менен Көлдөн келип, Кочкордо жашап калган. Анын манасчылык өнөрү ушул аймактан билине баштайт. Бир жолу Сагынбай чечек менен ооруп, жөөлүйт. Уйку-соонун ортосунда сырттан көп жылкынын дүбүртү угулат. Караса, кадимки Манастын колу. Агасы Алишер экөөнүн дене бою дүркүрөйт. Анан экөөнүн тең оозунан сөз төгүлүп, манас айтып башташат…Үрккөн. 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытай жерине барып, кийинки жылы кайтат. Кытайда көрбөгөн азапты көрөт. Эки жылдан ашуун Ат-Башыда туруп калышат. Улуу агасы Алишер 55 жаш курагында ошол жылы көз жумат. Ат-Башыдан көчүп, Нарындын Бети-Кара деген жерин пааналайт да, дагы эки жылдан соң Кочкорду байырлайт.Сагынбайдын тукумдары жана билими. Манасчы Сагынбайдын эки уулу, төрт кызы болгон. Эркек балдары – Аманкул менен Жаманкул. Кыздары: Токтобүбү, Бурулбүбү, Назырбүбү жана Бүбүйра. Манасчы 9-10 жашында айылда бала окуткан молдодон билим алган. Агасы каза болуп калганда илгерки салт менен жеңесине үйлөнгөн. Окуганды өздөштүргөнү менен жаза албаптыр.Кадимки Тыныбектен тарбия алган. Орозбаков Чүй бооруна келип, "Манас" дастанын айтып элге таанылып калат. Өнөрүңдү арттыр деген кеңештерди угуп, кадимки Тыныбек манасчынын үйүндө үч айга чукул жүрөт. Отунун жарып, суусун алып, оокатын кылат. Кошо келген үч бала чыдабай кетип калат. Үч айдан кийин гана ал киши Сагынбайга казан асып, эт салып коноктоп, манас айттырат. Бул мезгилде анын эркин, чыдамкайлыгын сынаганын айтат. Бир нече жыл өзү менен кошо алып жүрүп, таптайт. Тыныбек шакиртин "эл, жер кыдырып айт" деп узатат.Мифтаков артынан түшүп, бир жыл издейт. 1921-жылы фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков Сагынбайга жолугуп калып, жаңы дүйнө тапкандай болот. Эпостон үзүндү угуп, аны кагазга түшүрүү сунушун айтат. Ойлонуп жатып макул болгон манасчы экөө жайында жолугууну макулдашат. Бирок ал эл аралап "Манас" эпосун айтып кете бергендиктен, Мифтаков жанындагы Сапарбай Сооронбаев менен артынан көп издөөгө туура келет. Ал арада аталган аймакты аралап, Тоголок Молдодон "Семетейди", Ак-Талаадагы Молдобасан Мусулманкуловдон "Курманбек" жана башка бир топ материалдарды жаздырууга үлгүрүшөт. Акыры Бети-Карадагы манасчынын үйүнө келип сураштырып, Көк-Торпок жайлоосунда элге дастан айтып жаткан жеринен табышат да, түйшүктүү иштер башталат.Сөзү денесине батпай айтат экен… "Бир ордунда тура албайт. Айткан сайын ат теминип аткансып алдыга чыгат. Төрдөн босогого кантип жетип келгенин билбей калат экен. Аны кайра эки каруусунан алып барышып, төргө отургузушту. Сөзү денесине батпай айтат экен. Сан миң жоокерди жоого баштап бара жаткандай айбаттуу…" деп жазган фольклор жыйноочу. Экөө эртеси эстерине келип, койнунан дептерин, калем сабын алып чыгышып Орозбаковдун оозундагы сөзүн бир жумалап ээрчип, кагазга түшүрүп баштайт. Океандай болгон, манасчынын көкүрөгүндө жашап, сакталып келген саптар ошентип түбөлүктүүлүккө кадам таштаптыр… Ошондо Орозбаков кыргыз элине баа жеткис кандай асыл дүйнө калтырып жаткандыгын сезди болду бекен?..Сагынбай менен Ыбырай Абдрахмановдун машакаты жана көйгөйү. 1923-жылы Нарында кеңештердин курултайында Орозбаковдон "Манас" бүт жаздырып алынсын деген чечим кабыл алынат. Эми бул ары жооптуу, ары татаал иш Ыбырай Абдрахмановго тапшырылат. Фольклор жыйноочу ал учурду: "Манасты" жазууга мени бекитип, мугалимдиктен бошотот. Сагынбай экөөбүз Абдылданыкына (черик элинин манабы – ред.) келип, 23-март айында "Манасты" кайтадан жаздык. Мага Сагынбай айтып берген сөздөрдүн бирөөсүн да бурбастан жазасың деп бекем айтып тапшырышты", — деп баяндаган экен. Ал эми черик уруусунун манабы Абдылда Жаанбаевди жер которуу өкүмүнөн бошотуп, "Манасты" жазууга көмөктөшүү үчүн элинде калтырышкан экен. Бирок жазуу иштери оңойго турган эмес. Алгач берилген жардам, көтөрүлгөн демилге кийин солгундап кеткен. Бул туурасында манасчы:Караганың Өкмөт,Кагаз берген киши жок.Калем, сыя дегенден,Кабар алган киши жок.Өткөндөрдүн тарыхы,Өлтүрөт деп ойлоймунЭкөөбүздү калыбы, — деп жамактаган экен.Далай машакат менен эпосту Сагынбайдын оозунан 1926-жылы жазып бүтүшөт.Ак Молдонун оозунан кеби түшкөндө. Сагынбайды бир канча жыл ээрчип жүрүп, 400 басма табак эпосту жаздырган Ыбырай Абдрахмановду Ак Молдо деп аташчу экен. Экөөнүн машакаттуу ишин көргөндөр кээде эт асып, конокко чакырышат.Бир ирет Ак Молдо:— Ыя, Саке, "Манастын" канчасын жаздык? — деп сурайт.Чыктуу жасалган бешбармактан жеп отурган Сагынбай аны бир олурая карап алып, оозун бир аарчып, чаранын белинен ылдый түшө тууралган этти көрсөтүп:— Мобудан бир алчы, — дейт.Ыбырай оң колуна толтура алат. Анда манасчы:— Алдыңдагы эт канча калса, жазылбаган "Манас" эми да ушунча бар, — деп чарадагы этти көрсөтөт.Ак Молдонун оозунан кеби качат…"Манасты" толук эч ким айтып бүтпөгөн сыңары, "Манасты" эч ким толук жазып бүтпөгөн чыгар…"Демек, анда бул жомоктун үчтөн биринин нак көлөмү 350 басма табакты түзсө, кеминде дагы 600 басма табак же 15-20 китеп манасчынын өзү менен кошо кете берген экен да" деп жазылган "Сагынбай" (Кеменгер жөнүндө ода) деп аталган китепте.Алгы сөз иретинде. Мындай генийилер башка жаралабы же жокпу, аныгын эч ким айта албайт. Бирок кыргыз улутунун бактысы — башкалардан кезикпеген, ушундай укмуш руханий байлыктын ээси болгондугу. Андыктан эл Манас жана манасчылар ааламына кирип, керемет дүйнө менен таанышып, аны таанып, үйрөнүп туруусу шарт.
https://sputnik.kg/20161202/bashkany-koyup-manasty-ajt-test-1030580394.html
https://sputnik.kg/20151112/1020039647.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103492/02/1034920257_219:0:3718:2624_1920x0_80_0_0_70f7cca0ee5fbc83ea706358e4db8ac3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нургүл Максутова
https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_3060:398:5143:2481_100x100_80_0_0_7a3ab38ae738f8849be0b4ce5e6cb4b8.jpg
кыргызстан, манас дүйнөсү, сагымбай орозбаков, манас эпосу, манасчы, аян, талант, гений, каюм мифтаков, ыбырай абдрахманов
кыргызстан, манас дүйнөсү, сагымбай орозбаков, манас эпосу, манасчы, аян, талант, гений, каюм мифтаков, ыбырай абдрахманов
Манас дүйнөсүн барктаган, аздектегендер бул инсандарга табынбай да, суктанбай да кое албайт. Миң сандаган саптарын көкүрөккө кыт куйгандай сактап, аны кайра айтып берүү эмне деген өзгөчөлүк жана талант.
Материалдын башында Сагынбай Орозбаковго берилген баа, мүнөздөмөлөр менен окурмандарды тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.
Эл: Сагынбай манасчылардын Манасы эле.
Токтогул акын: кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым .
Жазгыч акын Тоголок Молдо: Орозбактын Сагынбай, сайрап өттү жаңылбай,/ Эсепсиз акын эр эле, эми калды табылбай.
Молдобасан манасчы: акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз.
Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов: биз бири-биринен айырмаланган эки — нарындык жана караколдук мектепти көрүп олтурабыз. Биринчисинин өкүлү — Сагынбай, экинчисиники — Каралаев.
Акын, жазуучу Аалы Токомбаев: Сагынбай атактуу манасчы, элдин сүймөнчүгү.
Акын Алыкул Осмонов: ...Сагынбай Орозбаковдуку болбосо, анда калгандары бизди "Манас" эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң... XX кылымда Сагынбайдын күчүнө тете акын туула элек десек жаңылышпайбыз. Ал элдик адабияттын пири катарында сезилет да, улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.
Окумуштуу Болот Юнусалиев: өз мезгилинин эң таланттуу манасчысы... Сагынбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.
Фольклор жыйноочу, "Манасты" кагазга түшүргөн Ыбрай Абдырахманов: Сагынбайдын угуучулары сүйүктүү ырчысын көрүү үчүн бүтүн үйдү бүлдүрүшчү.
Фольклор жыйноочу адис Калим Рахматуллин: Сагынбай таланттуу акын жана өз кезегинде эң чебер болгондуктан, аны кала берсе кыргыздын түштүк жагы да, Көл бою да, Талас өзөнү да дайым чакырып сыйлап турган.
Балдар акыны Каныбек Жунушев: Сагынбай көр оокаттын артынан көмөлөнүп-жумаланып жашап көнбөптүр, колдо барын элге таратып берип койчу экен (бул айтылгандарды философия илиминин доктору, профессор Асанбек Табалдиев чогултуптур).
Эми Сагынбай Орозбаков тууралуу кызыктуу фактыларга келсек.
Кабыргада туулган. Сагынбай Орозбак уулу 1868-жылы Ысык-Көлдүн күнгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо жашап өткөн. Ал манас айтуу менен чектелген эмес. Көркөм чыгармаларды, кошок түрүндөгү ырларды, тамсилдерди жараткан. Элдик ырларды өтө көп билген.
Сагынбай Орозбаков кандай киши болгон? Ал үнү эле эмес, өңү да башкача жаралган инсан экенин айтышат. Жазы маңдай, баатыр баштуу, жалын көз, бетинен ырыс таамп, ооз ачып манас айтканда тээ алыстан көрүнгөн. Кең далылуу, колдору шадылуу, эл арасында отурса алыстан балпайып таанылып турган, жайкалган кара сакал, кичи пейил, отуруп-турганы салабаттуу, түшүнө билген кишиге чексиз адамгерчиликтүү адам болгон дешет билгендер.
180 миң 378 саптагы керемет аалам. Орозбаковдон жазып алынган "Манас" 180 миң 378 сапты түзөт. "Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагынбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Бул варианттагы эле тулпарлардын саны 129га чукул.
Дене бойду дүркүрөткөн көрүнүш. Манасчы турмуштун шарты менен Көлдөн келип, Кочкордо жашап калган. Анын манасчылык өнөрү ушул аймактан билине баштайт. Бир жолу Сагынбай чечек менен ооруп, жөөлүйт. Уйку-соонун ортосунда сырттан көп жылкынын дүбүртү угулат. Караса, кадимки Манастын колу. Агасы Алишер экөөнүн дене бою дүркүрөйт. Анан экөөнүн тең оозунан сөз төгүлүп, манас айтып башташат…
Үрккөн. 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытай жерине барып, кийинки жылы кайтат. Кытайда көрбөгөн азапты көрөт. Эки жылдан ашуун Ат-Башыда туруп калышат. Улуу агасы Алишер 55 жаш курагында ошол жылы көз жумат. Ат-Башыдан көчүп, Нарындын Бети-Кара деген жерин пааналайт да, дагы эки жылдан соң Кочкорду байырлайт.
Сагынбайдын тукумдары жана билими. Манасчы Сагынбайдын эки уулу, төрт кызы болгон. Эркек балдары – Аманкул менен Жаманкул. Кыздары: Токтобүбү, Бурулбүбү, Назырбүбү жана Бүбүйра. Манасчы 9-10 жашында айылда бала окуткан молдодон билим алган. Агасы каза болуп калганда илгерки салт менен жеңесине үйлөнгөн. Окуганды өздөштүргөнү менен жаза албаптыр.
Кадимки Тыныбектен тарбия алган. Орозбаков Чүй бооруна келип, "Манас" дастанын айтып элге таанылып калат. Өнөрүңдү арттыр деген кеңештерди угуп, кадимки Тыныбек манасчынын үйүндө үч айга чукул жүрөт. Отунун жарып, суусун алып, оокатын кылат. Кошо келген үч бала чыдабай кетип калат. Үч айдан кийин гана ал киши Сагынбайга казан асып, эт салып коноктоп, манас айттырат. Бул мезгилде анын эркин, чыдамкайлыгын сынаганын айтат. Бир нече жыл өзү менен кошо алып жүрүп, таптайт. Тыныбек шакиртин "эл, жер кыдырып айт" деп узатат.
Мифтаков артынан түшүп, бир жыл издейт. 1921-жылы фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков Сагынбайга жолугуп калып, жаңы дүйнө тапкандай болот. Эпостон үзүндү угуп, аны кагазга түшүрүү сунушун айтат. Ойлонуп жатып макул болгон манасчы экөө жайында жолугууну макулдашат. Бирок ал эл аралап "Манас" эпосун айтып кете бергендиктен, Мифтаков жанындагы Сапарбай Сооронбаев менен артынан көп издөөгө туура келет. Ал арада аталган аймакты аралап, Тоголок Молдодон "Семетейди", Ак-Талаадагы Молдобасан Мусулманкуловдон "Курманбек" жана башка бир топ материалдарды жаздырууга үлгүрүшөт. Акыры Бети-Карадагы манасчынын үйүнө келип сураштырып, Көк-Торпок жайлоосунда элге дастан айтып жаткан жеринен табышат да, түйшүктүү иштер башталат.
Сөзү денесине батпай айтат экен… "Бир ордунда тура албайт. Айткан сайын ат теминип аткансып алдыга чыгат. Төрдөн босогого кантип жетип келгенин билбей калат экен. Аны кайра эки каруусунан алып барышып, төргө отургузушту. Сөзү денесине батпай айтат экен. Сан миң жоокерди жоого баштап бара жаткандай айбаттуу…" деп жазган фольклор жыйноочу. Экөө эртеси эстерине келип, койнунан дептерин, калем сабын алып чыгышып Орозбаковдун оозундагы сөзүн бир жумалап ээрчип, кагазга түшүрүп баштайт. Океандай болгон, манасчынын көкүрөгүндө жашап, сакталып келген саптар ошентип түбөлүктүүлүккө кадам таштаптыр… Ошондо Орозбаков кыргыз элине баа жеткис кандай асыл дүйнө калтырып жаткандыгын сезди болду бекен?..
Сагынбай менен Ыбырай Абдрахмановдун машакаты жана көйгөйү. 1923-жылы Нарында кеңештердин курултайында Орозбаковдон "Манас" бүт жаздырып алынсын деген чечим кабыл алынат. Эми бул ары жооптуу, ары татаал иш Ыбырай Абдрахмановго тапшырылат. Фольклор жыйноочу ал учурду: "Манасты" жазууга мени бекитип, мугалимдиктен бошотот. Сагынбай экөөбүз Абдылданыкына (черик элинин манабы – ред.) келип, 23-март айында "Манасты" кайтадан жаздык. Мага Сагынбай айтып берген сөздөрдүн бирөөсүн да бурбастан жазасың деп бекем айтып тапшырышты", — деп баяндаган экен. Ал эми черик уруусунун манабы Абдылда Жаанбаевди жер которуу өкүмүнөн бошотуп, "Манасты" жазууга көмөктөшүү үчүн элинде калтырышкан экен. Бирок жазуу иштери оңойго турган эмес. Алгач берилген жардам, көтөрүлгөн демилге кийин солгундап кеткен. Бул туурасында манасчы:
Экөөбүздү калыбы, — деп жамактаган экен.
Далай машакат менен эпосту Сагынбайдын оозунан 1926-жылы жазып бүтүшөт.
Ак Молдонун оозунан кеби түшкөндө. Сагынбайды бир канча жыл ээрчип жүрүп, 400 басма табак эпосту жаздырган Ыбырай Абдрахмановду Ак Молдо деп аташчу экен. Экөөнүн машакаттуу ишин көргөндөр кээде эт асып, конокко чакырышат.
— Ыя, Саке, "Манастын" канчасын жаздык? — деп сурайт.
Чыктуу жасалган бешбармактан жеп отурган Сагынбай аны бир олурая карап алып, оозун бир аарчып, чаранын белинен ылдый түшө тууралган этти көрсөтүп:
— Мобудан бир алчы, — дейт.
Ыбырай оң колуна толтура алат. Анда манасчы:
— Алдыңдагы эт канча калса, жазылбаган "Манас" эми да ушунча бар, — деп чарадагы этти көрсөтөт.
Ак Молдонун оозунан кеби качат…
"Манасты" толук эч ким айтып бүтпөгөн сыңары, "Манасты" эч ким толук жазып бүтпөгөн чыгар…
"Демек, анда бул жомоктун үчтөн биринин нак көлөмү 350 басма табакты түзсө, кеминде дагы 600 басма табак же 15-20 китеп манасчынын өзү менен кошо кете берген экен да" деп жазылган "Сагынбай" (Кеменгер жөнүндө ода) деп аталган китепте.
Алгы сөз иретинде. Мындай генийилер башка жаралабы же жокпу, аныгын эч ким айта албайт. Бирок кыргыз улутунун бактысы — башкалардан кезикпеген, ушундай укмуш руханий байлыктын ээси болгондугу. Андыктан эл Манас жана манасчылар ааламына кирип, керемет дүйнө менен таанышып, аны таанып, үйрөнүп туруусу шарт.

12 Жетинин айы 2015, 13:46