00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В музее Фрунзе открыли выставку об Уркуе Салиевой - почему это важно
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что такое система СПОТ и каковы последствия ее запуска для ЕАЭС
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
20:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өндүрүштүк көлөмү дагы өсөт — инвестдолбоор даяр
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ Иран менен согушуу үчүн жаңы коалиция түзүүдө. Моюн толгогондор көп

© AP Photo / Dar YasinКашмирде өткөн Трампка каршы акция. Архив
Кашмирде өткөн Трампка каршы акция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2026
Жазылуу
Иран менен согушуу үчүн мамлекеттердин коалициясын түзүү аракети АКШнын стратегиялык катасын айгинелеп, Жакынкы Чыгыш региону жана дүйнөлүк экономика үчүн өтө эле кесепеттүү болот.
Кол салуу, үстөмдүк көрсөтүү дайым эле жеңишке жеткире бербейт, деген менен АКШнын бийликке келген эле президенти өткөн чактагы геосаясий каталарды эске албай "тарыхты жаңылап жазууга" ашыгат. "Хаменеи режиминин" АКШ менен Израилдин жаалына туруштук бериши, Пентагондун Жакынкы Чыгыштагы базаларына жана Израилдин аскерий объектилерине тынымсыз сокку уруусу Дональд Трампка 2025-жылдын июнундагыдай жеңишке жеткенин жар салууга мүмкүндүк бербей жатат. Дубалды сүзгүлөй берген кишинин жеңишине ким ишенет?
Пентагон эки күн ичинде эле ар бири 40-60 миллион доллар турган жети Boeing KC-135 учак-танкеринен кол жууду. Америкалыктардын да, жөөттөрдүн да Иранды биротоло тизелетүүгө чама-чаркы жетпей жаткандай. Демек, Ирандагы жеңилүүнүн жоопкерчилигин артып коюу үчүн Американын союздаштарын тартуу зарыл. Мындай көрүнүш убагында Иракта да, Афганстан, Сирия менен Ливанда да болгон.
Трамп араб мамлекеттери менен НАТО өлкөлөрүн Иранга каршы жүрүп жаткан согушка кошулууга чакырды. Араб өлкөлөрүнүн лигасы жалпы арабдык аскер контингентин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. НАТО мүчөлөрү АКШнын кызыкчылыгы үчүн Жакынкы Чыгышта согушууну каалабай турганын ачык айтышты, аларды көндүрүүгө "эртеңи оор болот" деген опуза да жардам берген жок. Трамп Ормуз кысыгына Кытай, Япония жана Түштүк Кореянын аскер кемелерин жөнөтүүнү сунуштап, бирөөнөн да колдоо таба албады. Дегеле "жок" дебеген күрддөр да Иранга каршы согушка аралашуу үчүн АКШга катуу талаптарды коюуда. Союздаштардын моюн толгогонуна карабай Ак үй жакын арада Ормуз кысыгын "басып алуу" үчүн жаңы аскердик коалиция түзүлөрүн билдирди.
Tripoli десанттык кемеси жана анын бортундагы 31инчи экспедициялык корпус (2200 жоокер) Япониядан Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт. 40 000 тонналык кемени "Тикондерога" классындагы крейсер жана "Арли Берк" классындагы USS Rafael Peralta эсминеци коштоп баратат. Tripoli кемесине F-35B үлгүсүндөгү 20дай истребитель жайгаштырса болот.
Иран АКШнын жана анын союздаштарынын армиясы менен кургакта да, сууда да кагылышууга даяр экенин жар салды. Ливандын "Хезболла" кыймылы Ливанда ЦАХАЛ менен согушууда. Йемендин "Ансаралла" кыймылы (хуситтер) Иранга каршы коалиция түзүлө турган болсо Кызыл деңиз менен Аден куймасын бириктирген Баб-эль-Мандеб кысыгын (26 км) бууп салууну убадалады. Бул Перс булуңундагы мамлекеттерден мунай ташылуучу запастагы маршрут экени маалым. Ал эми хуситтердин сөзү оюнчук эмес.

"5-беренеге" ким каршы

Ормуз кысыгын миналоо (блокада) — Тегерандын бул согуштагы эң башкы куралы, бирок колунда башка да көзүрлөрү бар. Иран Пентагон менен ЦАХАЛдын объектилерине чабуул жасоо үчүн сокку уруучу бөлүгү 1,5 тоннаны түзгөн эки деңгээлдүү Sejjil ракеталарын кодлонууда, жаңы ракеталарын али пайдалана элек. ФБР 11-март күнү Иран суудан АКШнын аймагындагы объектилерге дрон менен чабуул жасашы мүмкүн экенин эскертти. Пентагондун иран ракеталарынын 90 пайызы, дрондорунун 95 пайызы жок болду деген билдирүүсү күмөн ойлорду жаратпай койбойт, Тегерандын арсеналы тууралуу так маалымат эч кимде жок.
АКШ менен Израилдин жогорку кызматтагы адамдарынын согуш үч жумадан кийин соңуна чыгат деген божомолу реалдуулуктан өтө эле алыс. Американын Харк аралына (8х4) ээлик кылуу кыялы эле өзүнчө бир аскердик операцияны талап кылат, аскер-деңиз күчтөрү тартылып, бир топ убакыт сарпталат. Перс жана Оман булуңдарынын Иранга тийиштүү 2440 чакырымдык жээги америкалыктардын көзөмөлүнө өтөрү күмөн. Жалпы Ирандын аймагында (1,64 млн км² — төрт Ирак же үч Афганстан) операция жүргүзүү тууралуу сөз кылбай деле койсо болот.
Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу узакка созулчудай, сүйлөшүүлөр да жүрбөй турган шекилдүү. АКШнын НАТО боюнча союздаштары да Трамптын "5-берене" боюнча биригүүсүнө өтө саксынган мамиле жасоодо. Айрым "өзүбаштар" согушка аралашпай турганын ачык айтып жатышат. Согушуудан Улуу Британия, Германия, Италия, Испания расмий баш тартты, НАТОдон тышкаркы Австралия менен Япония да Перс булуңуна аскер кемелерин жөнөтпөй турган болду.
Керек болсо түрдүү абалга ыңгайлаша билген европалыктар да АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кезектеги агрессиясы канчалык мыйзамсыз, опурталдуу экенин түшүнүп жатышат. Перс булуңундагылар да аймагына америкалык аскер базаларын (Пентагон ушул жактардан Тегеранга сокку урууда) жайгаштырганы үчүн Ирандын чабуулуна тушугуп жатканын жакшы билишет. "Коргоочулар" 28-февралдан тарта эле кооптуулук жарата баштаган жок. Иран коңшуларына АКШ өз кызыкчылыгы үчүн аларды садага чаап жиберерин далай эскерткен, региондо тынчтыктын өкүм сүрүшүнө жалгыз жол — Пентагондун базаларын кууп чыгуу экенин айткан.
Күрддөрдүн деле Иран аскерлери менен согушары күмөн. Күрд мамлекеттүүлүгүн түзүү кыялы 100 жылдан бери Батыштын геосаясий кызыкчылыгынан көз каранды болуп келе жатат. The American Conservative журналы кечээ күрддөрдүн ЦРУ жана Пентагон менен болгон мамилесин эске салып, саткынчылык тууралуу кеп кылды. Иран тилдүү, мамлекети жок, саны бир нече миллионго жетип, Иран, Ирак, Түркия жана Сирия менен чектеш жашаган элдин кайра-кайра бир катаны кайталай берүүсүнүн зарылдыгы барбы?
Дагы бир геосаясий маселе: Пентагондун Жакынкы Чыгыштагы ийгиликсиз операциясынын фонунда АКШ администрациянын Украинага кызыгуусу өчүп бараткандай. Кескин азайып кеткен америкалык курал менен ок-дарынын ордун Евробиримдиктин ири каражаты да толтура албайт. Бул — Киев режими үчүн чындап чоң апаат.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2026
Трамп Ормуз кысыгындагы абалдан улам НАТО менен суук селки болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0