https://sputnik.kg/20260313/bishkek-aldamchylyk-advokat-karmaldy-1100215470.html
Бишкекте жарандан 90 миң доллар шыпырып кеткен деп адвокат аял кармалды
Бишкекте жарандан 90 миң доллар шыпырып кеткен деп адвокат аял кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 13.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-13T15:27+0600
2026-03-13T15:27+0600
2026-03-13T15:27+0600
кыргызстан
адвокат
алдамчылык
иим
аял
кармоо
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100210502_0:43:1026:620_1920x0_80_0_0_59fe7afbd5b09b590280414067e65cff.jpg
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Милицияга К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аялдар ишенимине кирип, алдамчылык менен ири суммадагы акчасын алып коюшканын айткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024-жылдын февралынан октябрына чейин эки аял жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкектен батирлерди жана автоунааларды базар баасынан төмөн алып берүүгө жардам беребиз деп убада кылганы аныкталган. Алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп жүрүп, жыйынтыгында 90 миң доллар алып кетишкен. "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун 42 жаштагы тургуну А. Р. экени белгилүү болду. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, Чүй облусунун адвокаттар коллегиясынын мүчөсү экени аныкталды. Мурда да ал ушундай эле жол менен бир нече жаранды алдап, алардын акчасын ээлеп алганы белгилүү болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган адамдардын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле кандайдыр бир маалыматы барларды ИИМдин Тергөө кызматына +996 (503) 552 200 телефону аркылуу кайрылууга чакырат.
https://sputnik.kg/20260312/aviabilet-alyp-berem-dep-ehldi-aldagan-shektuu-1100192252.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100210502_0:38:1025:807_1920x0_80_0_0_4f5e885c20be4e118c3c1801e1a5d6c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адвокат, алдамчылык, иим, аял, кармоо
кыргызстан, адвокат, алдамчылык, иим, аял, кармоо
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Милицияга К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аялдар ишенимине кирип, алдамчылык менен ири суммадагы акчасын алып коюшканын айткан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024-жылдын февралынан октябрына чейин эки аял жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкектен батирлерди жана автоунааларды базар баасынан төмөн алып берүүгө жардам беребиз деп убада кылганы аныкталган.
Алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп жүрүп, жыйынтыгында 90 миң доллар алып кетишкен.
"Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун 42 жаштагы тургуну А. Р. экени белгилүү болду. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, Чүй облусунун адвокаттар коллегиясынын мүчөсү экени аныкталды.
Мурда да ал ушундай эле жол менен бир нече жаранды алдап, алардын акчасын ээлеп алганы белгилүү болгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган адамдардын аракеттеринен жабыркаган жарандарды, ошондой эле кандайдыр бир маалыматы барларды ИИМдин Тергөө кызматына +996 (503) 552 200 телефону аркылуу кайрылууга чакырат.