https://sputnik.kg/20260305/chuko-tuuraluu-maek-1100083417.html
Чүкө — адам баласынын эң алгачкы оюнчугу. Окумуштуу менен маек
Чүкө — адам баласынын эң алгачкы оюнчугу. Окумуштуу менен маек
Sputnik Кыргызстан
Чүкө кыргызда балдардын эле оюнчугу деп кабылданган эмес, кан оюну деп эрлер да ордо ойногон. Чүкө оюндары стратегиялык ой жүгүртүүгө багыттап, азыркы тил... 05.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-05T16:01+0600
2026-03-05T16:01+0600
2026-03-05T16:01+0600
кыргызстан
чүкө
тарых
евразия
илим
оюн
ордо
https://sputnik.kg/img/101586/14/1015861430_0:171:3034:1878_1920x0_80_0_0_67b721d14ec107e60512f38eb54ee7bf.jpg
Чүкө менен риториканы өнүктүргөн оюндар ойнолуп, ал тургай паспорт катары колдонуп, балдарга тумар кылып таккан учурлар кездешкен. Илимпоздордун айтуусунда, чүкөнүн адам жашоосундагы мындай орду бүтүндөй Евразия контингентинде кездешип, бир нече кылымды камтыйт. Цивилизация доорунун баштоочулары аталган шумерлердин маданиятында да чүкө болгону айтылат. Азыркы күнгө чейин кыргыз балдарынын сүйүктүү оюнчуктарынын бири болуп келе жаткан чүкө тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендееванын илимий эмгегинен алынган материалды автордун өзүнүн айтып берүүсүндө сунуштайбыз. Чүкөнүн тарыхы Бир улуттун, этностун же болбосо цивилизациянын иденттүүлүгүн аныктап турган баалуулуктар болгону менен жалпы адамзатка таандык болуп, анан да ал кылымдар бою сакталып калган түшүнүктөр абдан сейрек. Ушунун бири — чүкө. Чүкөнүн пайда болуу тарыхы малчылыкка, андан тереңдеп отуруп аңчылыкка такалат. Ал эми адам баласынын алгачкы аң-сезимдүү жүргүзгөн чарбасы малчылык болгон. Чүкө бир далай элге гана таандык болбостон, анын географиясы кенен, тарыхы терең экенин окумуштуулар далилдеп келет. Мына ушундан улам чүкө адамзатынын алгачкы оюн каражаты десек болот. Бирок оюн каражаты болгонго чейин да өзүнө көп маанини сиңирип турган. Бүтүндөй Евразияда, америкалык индейлер уруусунун арасында, байыркы гректерде, Египетте фараондордо, ал эле эмес, алгачкы цивилизациялык коом катары эсептелген шумерлерде да чүкө болгондугу тууралуу жазуу булактарынан маалымат алууга болот. Мисалы, чүкө тарыхый булактарда фараондордун оюнчугу катары сүрөттөлгөн учурлар бар. Байыркы гректердин императору Клавдий чүкө тууралуу китеп жазган. Чүкө оюнчук катары Дүйнө элдеринин дээрлик бардыгы чүкө ойногон, чүкө ойнобогон эл болгон эмес деп айтсак болот. Бардык элдер малчылыкты, андан терең аңчылыкты башынан кечирген. Болгону айрымдар андан алыстап, унутуп калышкан. Булар — көбүнесе эрте отурукташкан этностор. Ошол эле европалыктардын азыркы муунун карасак, чүкө деги эле жашоосунда болбогондой көрүнөт. Бирок алардын ата-бабасы да чүкө ойногону тарыхта бар. Мал чарбачылыгынан алыстабай XX кылымдарга чейин көчмөн цивилизацияда күн кечирген борбор азиялыктарда чүкө оюндары сакталып калган. Кыргызда чүкө менен ойнолгон оюндун 80 түрү болгон. Ал эми башка окумуштуулар дүйнө элдеринде 100гө жакын түрү бар экенин айтышат. Албетте, анын баары азыркы күнгө чейин сакталып калган эмес. Чүкө оюндары казактарда, түркмөндөрдө, хакастарда, жалпы эле чарбасынын негизин малчылык түзгөн көчмөндөрдө кездешет. Эрежелери дээрлик окшош, аталыштары башкача. Айрымдары бир аз өзгөчөлөнүп турат. Кыргыздардын чүкө оюндарын жалпысынан үч түргө бөлсө болот. Биринчиси — тестиер балдар ойной турган активдүү оюндар. Экинчиси — өспүрүм курактагы кыз-уландардын оюну. Көбүнчө жаштардын социалдашуусуна, бири-бири менен ымала курушуна ылайыкташкан. Үчүнчүсү — чоңдор ойноочу оюндар. Анын эң орчундуусу — эрлер ойноочу ордо. Бул оюн көчмөндөрдүн ичинен кыргыздарда гана кездешет. Анда ар бир оюнчунун чертмекчи, кадамакчы сыяктуу функционалдык милдети бар. Эрежеси катаал, 35тей тыюу каралган. Ордо — эпчилдикти, этияттуулукту, тактыкты жана башка согушта керек болчу көптөгөн ыкмаларды ийине жеткирип машыктырууга шарт түзүүчү эрлердин оюну. Стратегиялык ой жүгүртүүгө багыттап, азыркы тил менен айтканда балдардын мамлекетчил болуп өсүүсүнө түрткү болгон. Ордонун чийиминин өзү мамлекеттүүлүктүн символикасын туюнтуп турат. Ошондой эле чүкө оюндарынын үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатууда да орду чоң болгон. Кыштын узун түндөрүндө баары отуруп алып упай, канталамай сыяктуу үй-бүлөлүк оюндарды ойношкон. Улуттун баарында чүкөнүн ар бир конушунун аталышы бар. Бир гана төрт тарабынан эмес, кыргызда кыңкай, оңку деген сыяктуу аталыш түрк, өзбек, грузин, орустарда, ал тургай байыркы гректерде да болгону далилденген. Ошол эле орус калкына чүкөнүн кандай тиешеси бар деген суроо жаралышы мүмкүн. Пушкиндин эмгектеринде "биздин шамдагай оюнубуз" деп чүкө оюнун сүрөттөгөн учур кездешет. Ал эми өзү окуган Царскосельский лицейинде чүкө ойногон балага тургузулган эстелик бар. Чүкөнүн аталыштары Аркар-кулжанын чүкөсү чоңураак, оорураак келип, сака деп айтылат. Кыргызда койдун чүкөсүн куйгут, эликтикин бапый, эчкиникин чыйбыт, козунукун баганек дейт. Баганек менен чыйбытты тестиер балдар ойногон. Ордого, чоңдордун оюнуна бул чүкөлөр кошулган эмес. Бодо малдан алынса томпой дейт. Домпой, топмой, дөңкелей деп аймактарда ар кандай варинтта айтыла берет. Ошондой эле чүкөнүн синоним аталыштары бар, ашык, асык, осук деле берет. Дүйнө элдериндеги аталыштарда семантикалык, грамматикалык, морфологиялык же фонетикалык жактан окшоштуктары бар. Чүкөнүн юриспруденциялык ролу Сака жеке адамга таандык болгон. Археологиялык казуулардан чүкөлөрү менен кошо табылган сакаларда түрдүү чийимдер болгон. Алар бири-биринен айырмаланып турган. Азыркы тил менен айтканда, сакага ээси тууралуу маалымат түшүрүлүп, анын аты-жөнү, теги жазылып паспорттун ролун аткарганын моңгол окумуштуулары тастыктаган. Ушундай көрүнүш кыргыздардын жашоосунда да болуп келген. Ак падышанын учурундагы болуштарды шайлоодо сакасын беришкен. Башкача айтканда, ал паспорттун кызматын аткарып, шайлоо жыйынтыгында чогултулган сакалардын эсеби менен жеңүүчү аныкталган. Мындай сакалар ээси менен кошо жерге берилген. Коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгуловдун 1970-жылдары ордо ойногон таластык аксакалдын балдарына калтырып кеткен керээзи тууралуу айтканы бар. Анда ал киши көзү өткөндө өзү ойноп жүргөн чүкөлөрүн тебелетпей, илгерки салтты карманып өзү менен кошо көмүшүн айткан. Мындан биз чүкө жөн гана оюнчуктай бүгүн ойнолуп, эртең чаңда калчу буюм катары эмес, ага аздек мамиле жасалганына күбө болобуз. Байыркы элдердин чүкөгө байланыштуу ишенимдери Азыркы Борбордук Азиянын, Сибирдин, Уралдын, Европанын аймагында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда биздин доорго чейинки, биздин заманга тиешелүү көрүстөндөрдөн чүкөлөр чыккан. Алар маркумдун жанына, баш жагына же көкүрөгүнө коюлган. Сандары да ар башкача болгон. Мисалы, наристе көз жумганда анын төшүнө же баш жагына бир чүкө коюп көмүшкөн. Бул аны коргоп туруучу тумар белгисин түшүндүргөн. Баланын жан дүйнөсүн жана дил дүйнөсүн сактап турат деп ишенишкен. Ал эми тестиер балдарды тулупка бир нече чүкөсүн салып кошо көмүшкөн. Бул анын аркы дүйнөдө да чүкөсүн ойноп жүрсүн деген тилекти туюнткан. Оюнчуктан сырткары кыргыздар чүкөнү балдарга арналган бирден-бир ишенимдүү тумар катары да көрүшкөн. Баланын сырткы кийимине, көрүнөө жерине тигип коюшкан. Согончогу канабай жүргөн келиндер ыйык жерлерге зыяратка барганда ошол жердеги булактан колуна чүкө илип чыкса уулдуу болот деп ишенишкен. Мындай көрүнүштөр сейрек болсо да азыркы күнгө чейин кездешип, сакталып калган. Мисалы, Алай районунун тургундарынан балалуу болууну эңсеген энелердин дал ушундай жөрөлгөлөрдү жасаары тууралуу маалыматтар бар. Чүкө менен төлгө салышкан. Сака беришип шерттешип, дос болушкан. Тарыхта Темучин досу Жамуха менен сака алмашып, достукка шерттешкени жазылып калган. Чыңгыз кан төрөлгөндө "колуна чүкөдөй кан уучтап түштү" деп көп нерсени туюнткан кандын көлөмүн чүкө менен салыштырышкан. Чүкөнүн башка багыттарда да колдонулушу Чүкө күнүмдүк жашоо шартта да жардамчы инструмент катары кенен колдонулган. Чүкөдөй күмүш, сакадай бою сары алтын деп кыргыз фольклорунда чен бирдиги катары айтылган учурлар бар. Чүкө кошуп жасалган шылдырак, чатхан, жетиген сыяктуу музыкалык аспаптар азыркыга чейин сакталып келе жатат.
https://sputnik.kg/20260125/koshok-tuuraluu-maek-1099307720.html
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101586/14/1015861430_152:0:2883:2048_1920x0_80_0_0_1afa201647a86ee69a4886d0366556c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
кыргызстан, чүкө, тарых, евразия, илим, оюн, ордо
кыргызстан, чүкө, тарых, евразия, илим, оюн, ордо
Чүкө — адам баласынын эң алгачкы оюнчугу. Окумуштуу менен маек
Чүкө кыргызда балдардын эле оюнчугу деп кабылданган эмес, кан оюну деп эрлер да ордо ойногон. Чүкө оюндары стратегиялык ой жүгүртүүгө багыттап, азыркы тил менен айтканда балдардын мамлекетчил болуп өсүүсүнө түрткү болгон.
Чүкө менен риториканы өнүктүргөн оюндар ойнолуп, ал тургай паспорт катары колдонуп, балдарга тумар кылып таккан учурлар кездешкен. Илимпоздордун айтуусунда, чүкөнүн адам жашоосундагы мындай орду бүтүндөй Евразия контингентинде кездешип, бир нече кылымды камтыйт. Цивилизация доорунун баштоочулары аталган шумерлердин маданиятында да чүкө болгону айтылат. Азыркы күнгө чейин кыргыз балдарынын сүйүктүү оюнчуктарынын бири болуп келе жаткан чүкө тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендееванын илимий эмгегинен алынган материалды автордун өзүнүн айтып берүүсүндө сунуштайбыз.
Бир улуттун, этностун же болбосо цивилизациянын иденттүүлүгүн аныктап турган баалуулуктар болгону менен жалпы адамзатка таандык болуп, анан да ал кылымдар бою сакталып калган түшүнүктөр абдан сейрек. Ушунун бири — чүкө. Чүкөнүн пайда болуу тарыхы малчылыкка, андан тереңдеп отуруп аңчылыкка такалат. Ал эми адам баласынын алгачкы аң-сезимдүү жүргүзгөн чарбасы малчылык болгон. Чүкө бир далай элге гана таандык болбостон, анын географиясы кенен, тарыхы терең экенин окумуштуулар далилдеп келет. Мына ушундан улам чүкө адамзатынын алгачкы оюн каражаты десек болот. Бирок оюн каражаты болгонго чейин да өзүнө көп маанини сиңирип турган.
Бүтүндөй Евразияда, америкалык индейлер уруусунун арасында, байыркы гректерде, Египетте фараондордо, ал эле эмес, алгачкы цивилизациялык коом катары эсептелген шумерлерде да чүкө болгондугу тууралуу жазуу булактарынан маалымат алууга болот. Мисалы, чүкө тарыхый булактарда фараондордун оюнчугу катары сүрөттөлгөн учурлар бар. Байыркы гректердин императору Клавдий чүкө тууралуу китеп жазган.
Дүйнө элдеринин дээрлик бардыгы чүкө ойногон, чүкө ойнобогон эл болгон эмес деп айтсак болот. Бардык элдер малчылыкты, андан терең аңчылыкты башынан кечирген. Болгону айрымдар андан алыстап, унутуп калышкан. Булар — көбүнесе эрте отурукташкан этностор. Ошол эле европалыктардын азыркы муунун карасак, чүкө деги эле жашоосунда болбогондой көрүнөт. Бирок алардын ата-бабасы да чүкө ойногону тарыхта бар. Мал чарбачылыгынан алыстабай XX кылымдарга чейин көчмөн цивилизацияда күн кечирген борбор азиялыктарда чүкө оюндары сакталып калган. Кыргызда чүкө менен ойнолгон оюндун 80 түрү болгон. Ал эми башка окумуштуулар дүйнө элдеринде 100гө жакын түрү бар экенин айтышат. Албетте, анын баары азыркы күнгө чейин сакталып калган эмес. Чүкө оюндары казактарда, түркмөндөрдө, хакастарда, жалпы эле чарбасынын негизин малчылык түзгөн көчмөндөрдө кездешет. Эрежелери дээрлик окшош, аталыштары башкача. Айрымдары бир аз өзгөчөлөнүп турат.
Кыргыздардын чүкө оюндарын жалпысынан үч түргө бөлсө болот. Биринчиси — тестиер балдар ойной турган активдүү оюндар. Экинчиси — өспүрүм курактагы кыз-уландардын оюну. Көбүнчө жаштардын социалдашуусуна, бири-бири менен ымала курушуна ылайыкташкан. Үчүнчүсү — чоңдор ойноочу оюндар. Анын эң орчундуусу — эрлер ойноочу ордо. Бул оюн көчмөндөрдүн ичинен кыргыздарда гана кездешет. Анда ар бир оюнчунун чертмекчи, кадамакчы сыяктуу функционалдык милдети бар. Эрежеси катаал, 35тей тыюу каралган. Ордо — эпчилдикти, этияттуулукту, тактыкты жана башка согушта керек болчу көптөгөн ыкмаларды ийине жеткирип машыктырууга шарт түзүүчү эрлердин оюну. Стратегиялык ой жүгүртүүгө багыттап, азыркы тил менен айтканда балдардын мамлекетчил болуп өсүүсүнө түрткү болгон. Ордонун чийиминин өзү мамлекеттүүлүктүн символикасын туюнтуп турат.
Ошондой эле чүкө оюндарынын үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатууда да орду чоң болгон. Кыштын узун түндөрүндө баары отуруп алып упай, канталамай сыяктуу үй-бүлөлүк оюндарды ойношкон.
Улуттун баарында чүкөнүн ар бир конушунун аталышы бар. Бир гана төрт тарабынан эмес, кыргызда кыңкай, оңку деген сыяктуу аталыш түрк, өзбек, грузин, орустарда, ал тургай байыркы гректерде да болгону далилденген. Ошол эле орус калкына чүкөнүн кандай тиешеси бар деген суроо жаралышы мүмкүн. Пушкиндин эмгектеринде "биздин шамдагай оюнубуз" деп чүкө оюнун сүрөттөгөн учур кездешет. Ал эми өзү окуган Царскосельский лицейинде чүкө ойногон балага тургузулган эстелик бар.
Аркар-кулжанын чүкөсү чоңураак, оорураак келип, сака деп айтылат. Кыргызда койдун чүкөсүн куйгут, эликтикин бапый, эчкиникин чыйбыт, козунукун баганек дейт. Баганек менен чыйбытты тестиер балдар ойногон. Ордого, чоңдордун оюнуна бул чүкөлөр кошулган эмес. Бодо малдан алынса томпой дейт. Домпой, топмой, дөңкелей деп аймактарда ар кандай варинтта айтыла берет.
Ошондой эле чүкөнүн синоним аталыштары бар, ашык, асык, осук деле берет. Дүйнө элдериндеги аталыштарда семантикалык, грамматикалык, морфологиялык же фонетикалык жактан окшоштуктары бар.
Чүкөнүн юриспруденциялык ролу
Сака жеке адамга таандык болгон. Археологиялык казуулардан чүкөлөрү менен кошо табылган сакаларда түрдүү чийимдер болгон. Алар бири-биринен айырмаланып турган. Азыркы тил менен айтканда, сакага ээси тууралуу маалымат түшүрүлүп, анын аты-жөнү, теги жазылып паспорттун ролун аткарганын моңгол окумуштуулары тастыктаган. Ушундай көрүнүш кыргыздардын жашоосунда да болуп келген. Ак падышанын учурундагы болуштарды шайлоодо сакасын беришкен. Башкача айтканда, ал паспорттун кызматын аткарып, шайлоо жыйынтыгында чогултулган сакалардын эсеби менен жеңүүчү аныкталган. Мындай сакалар ээси менен кошо жерге берилген. Коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгуловдун 1970-жылдары ордо ойногон таластык аксакалдын балдарына калтырып кеткен керээзи тууралуу айтканы бар. Анда ал киши көзү өткөндө өзү ойноп жүргөн чүкөлөрүн тебелетпей, илгерки салтты карманып өзү менен кошо көмүшүн айткан. Мындан биз чүкө жөн гана оюнчуктай бүгүн ойнолуп, эртең чаңда калчу буюм катары эмес, ага аздек мамиле жасалганына күбө болобуз.
Байыркы элдердин чүкөгө байланыштуу ишенимдери
Азыркы Борбордук Азиянын, Сибирдин, Уралдын, Европанын аймагында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда биздин доорго чейинки, биздин заманга тиешелүү көрүстөндөрдөн чүкөлөр чыккан. Алар маркумдун жанына, баш жагына же көкүрөгүнө коюлган. Сандары да ар башкача болгон. Мисалы, наристе көз жумганда анын төшүнө же баш жагына бир чүкө коюп көмүшкөн. Бул аны коргоп туруучу тумар белгисин түшүндүргөн. Баланын жан дүйнөсүн жана дил дүйнөсүн сактап турат деп ишенишкен. Ал эми тестиер балдарды тулупка бир нече чүкөсүн салып кошо көмүшкөн. Бул анын аркы дүйнөдө да чүкөсүн ойноп жүрсүн деген тилекти туюнткан.
Оюнчуктан сырткары кыргыздар чүкөнү балдарга арналган бирден-бир ишенимдүү тумар катары да көрүшкөн. Баланын сырткы кийимине, көрүнөө жерине тигип коюшкан. Согончогу канабай жүргөн келиндер ыйык жерлерге зыяратка барганда ошол жердеги булактан колуна чүкө илип чыкса уулдуу болот деп ишенишкен. Мындай көрүнүштөр сейрек болсо да азыркы күнгө чейин кездешип, сакталып калган. Мисалы, Алай районунун тургундарынан балалуу болууну эңсеген энелердин дал ушундай жөрөлгөлөрдү жасаары тууралуу маалыматтар бар.
Чүкө менен төлгө салышкан. Сака беришип шерттешип, дос болушкан. Тарыхта Темучин досу Жамуха менен сака алмашып, достукка шерттешкени жазылып калган. Чыңгыз кан төрөлгөндө "колуна чүкөдөй кан уучтап түштү" деп көп нерсени туюнткан кандын көлөмүн чүкө менен салыштырышкан.
Чүкөнүн башка багыттарда да колдонулушу
Чүкө күнүмдүк жашоо шартта да жардамчы инструмент катары кенен колдонулган. Чүкөдөй күмүш, сакадай бою сары алтын деп кыргыз фольклорунда чен бирдиги катары айтылган учурлар бар. Чүкө кошуп жасалган шылдырак, чатхан, жетиген сыяктуу музыкалык аспаптар азыркыга чейин сакталып келе жатат.