https://sputnik.kg/20260304/1100060934.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн... 04.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-04T13:00+0600
2026-03-04T13:00+0600
2026-03-04T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100060768_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fe35dafaf90827a8f6ea4b241470f38b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти. "Миссиянын алкагында эки каттам менен болжолдуу 360 жаран мекенге кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана кары-картаңдарга артыкчылык берилет", — деп айтылат маалыматта.Белгиленгендей, бул процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат. Ошондой эле кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Улуттук банктын Акча алмаштыруу бюролорун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Мурзалиев валюта рыногундагы лицензиясыз ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өлкөдө Улуттук банктын лицензиясы жок иштеп жаткан 178 мыйзамсыз акча алмаштыруучу жай аныкталган. Мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды. Улуттук банк алмаштыруу бюролору чет өлкөлөрдүн накталай валюталары менен гана иштөөгө укуктуу экенин эскертти. "Башка операцияларды жүргүзүү мыйзамсыз болуп саналат", - дейт ал. Ошондой эле ал жарандарды валюта алмаштырууну лицензиясы бар жайларда гана жүргүзүүгө чакырды.
Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгилениши ыктымал. Бир катар өлкөлөрдө ушул күн белгиленген. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрамдын так күнү кийинчерээк жарыяланарын билдирип, ал айдын жаңырганына карап аныкталарын айтышты. Буга чейин Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулары белгилүү болгон. Эске салсак, Орозо айы 19-февралда башталган.
Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында өтө турган кургактагы операцияга катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы аты аталбаган аткаминерге таянып кабарлады. "Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында кургактагы операцияга катышышы ыктымал. Алар АКШ менен Израиль тараптан колдоо күтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. Телеканалдын маалыматына караганда, ЦРУ күрд күчтөрүн курал-жарак менен камсыздоо аркылуу Иранда элдик көтөрүлүштү козутууну пландап жаткандай. Бул боюнча АКШ бийлиги Ирактагы ирандык оппозициялык топтор жана күрд лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгиленди. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Иран жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасап жатат.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти. "Миссиянын алкагында эки каттам менен болжолдуу 360 жаран мекенге кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана кары-картаңдарга артыкчылык берилет", — деп айтылат маалыматта.Белгиленгендей, бул процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат. Ошондой эле кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө экени кошумчаланды.Улуттук банктын Акча алмаштыруу бюролорун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Мурзалиев валюта рыногундагы лицензиясыз ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өлкөдө Улуттук банктын лицензиясы жок иштеп жаткан 178 мыйзамсыз акча алмаштыруучу жай аныкталган. Мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды. Улуттук банк алмаштыруу бюролору чет өлкөлөрдүн накталай валюталары менен гана иштөөгө укуктуу экенин эскертти. "Башка операцияларды жүргүзүү мыйзамсыз болуп саналат", - дейт ал. Ошондой эле ал жарандарды валюта алмаштырууну лицензиясы бар жайларда гана жүргүзүүгө чакырды.Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгилениши ыктымал. Бир катар өлкөлөрдө ушул күн белгиленген. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрамдын так күнү кийинчерээк жарыяланарын билдирип, ал айдын жаңырганына карап аныкталарын айтышты. Буга чейин Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулары белгилүү болгон. Эске салсак, Орозо айы 19-февралда башталган.Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында өтө турган кургактагы операцияга катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы аты аталбаган аткаминерге таянып кабарлады. "Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында кургактагы операцияга катышышы ыктымал. Алар АКШ менен Израиль тараптан колдоо күтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. Телеканалдын маалыматына караганда, ЦРУ күрд күчтөрүн курал-жарак менен камсыздоо аркылуу Иранда элдик көтөрүлүштү козутууну пландап жаткандай. Бул боюнча АКШ бийлиги Ирактагы ирандык оппозициялык топтор жана күрд лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгиленди. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Иран жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасап жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100060768_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_77db6cc7f59e7ad9b21236cd8cfbdaea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио