https://sputnik.kg/20260227/afganstan-pakistan-chek-arasyndagy-kyrdaal-1099979241.html
ЖККУ Афганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүүдө
ЖККУ Афганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Афганстан менен Пакистан чегиндеги жаңжал тууралуу комментарий берди. 27.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-27T14:39+0600
2026-02-27T14:39+0600
2026-02-27T14:39+0600
дүйнөдө
афганистан
пакистан
атышуу
чек ара
чабуул
жкку
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1b/1099977964_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_28b499b1194d5a5e9f28a293b5e8e3cf.jpg
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Афганстан менен Пакистан чегиндеги жаңжал тууралуу комментарий берди. Эскерте кетсек, түндө аталган эки өлкөнүн ортосунда жаңжал от алып, эки тарап бири-бирин аткылаганы тууралуу маалымат тараган. Эки тараптын тирешинин чоо-жайы Исламабад менен Кабулдун ортосундагы кырдаал 2025-жылдын октябрь айында Пакистандын аба күчтөрү Афганстандын борборуна сокку ургандан кийин курчуй баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин үч жетекчиси жок кылынып, ошондой эле Пактия провинциясында көптөгөн соода объектилери талкаланган. Андан кийин Афганстандын Коргоо министрлиги "өч алуу операциясы" жүргүзүлгөнүн билдирип, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу кагылышуулар башталган. Алар 15-октябрга чейин уланып, тараптар убактылуу ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошондой эле чек арадагы тынчтыкты камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Мындан тышкары, Пакистанда бир катар терактылар болуп, Исламабад алар үчүн пакистандык талибдердин козголоңчул кыймылын айыптаган. Кабул бул топ Афганстандын аймагында жайгашпаганын билдирип, ага каршы күрөштү Пакистандын ички иши деп атаган.
https://sputnik.kg/20251019/afganstan-pakistan-sogush-ok-atyshuu-suyloshuu-1097259141.html
афганистан
пакистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/1b/1099977964_189:0:2920:2048_1920x0_80_0_0_821e47fc884c36f98219ec050f62b269.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, афганистан, пакистан, атышуу, чек ара, чабуул, жкку
дүйнөдө, афганистан, пакистан, атышуу, чек ара, чабуул, жкку
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Афганстан менен Пакистан чегиндеги жаңжал тууралуу комментарий берди.
"ЖККУ эки мамлекеттин чегиндеги кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жатат. Уюм аймакта тынчтык жана туруктуулук орношуна кызыкдар. Кагылышты жөнгө салуунун жалгыз туура жолу — бул саясий-дипломатиялык жол", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, түндө аталган эки өлкөнүн ортосунда жаңжал от алып, эки тарап бири-бирин аткылаганы тууралуу
маалымат тараган.
Эки тараптын тирешинин чоо-жайы
Исламабад менен Кабулдун ортосундагы кырдаал 2025-жылдын октябрь айында Пакистандын аба күчтөрү Афганстандын борборуна сокку ургандан кийин курчуй баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, пакистандык талибдердин үч жетекчиси жок кылынып, ошондой эле Пактия провинциясында көптөгөн соода объектилери талкаланган.
Андан кийин Афганстандын Коргоо министрлиги "өч алуу операциясы" жүргүзүлгөнүн билдирип, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу кагылышуулар башталган. Алар 15-октябрга чейин уланып, тараптар убактылуу ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошондой эле чек арадагы тынчтыкты камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.
Мындан тышкары, Пакистанда бир катар терактылар болуп, Исламабад алар үчүн пакистандык талибдердин козголоңчул кыймылын айыптаган. Кабул бул топ Афганстандын аймагында жайгашпаганын билдирип, ага каршы күрөштү Пакистандын ички иши деп атаган.

19 Тогуздун айы 2025, 13:46