00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз театрынын трагедиясы Бекин Сейдакматов тууралуу 12 факт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТеатр сахнасы. Архив
Театр сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2026
Жазылуу
Кыргыз театр жана кино өнөрүндө кайталангыс таланттар көп. Бирок чоң ролдор тийбей, кирди-чыкты каармандардын образы менен жүрүп билинбей, туура эмес жолго түшүп кеткендер талант дараметин толук ачып бере албай армандуу кете беришти. Алардын бири — Бекин Сейдакматов.
Биз бүгүн таланттуу театр жана кино актёру тууралуу 12 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган мезгили, жери жана балалыгы. Бекиндин толук аты — Бекбоосун. Ысык-Көл районунун Темировка (Темир) айылында 1947-жылы 17-апрелде туулган. Эжеси Жамал Сейдакматова — атасынын беш аялынын биринчи кызы. Бекинден тогуз жаш улуу. Жамалдан кийин үч кыздан соң ушул уулу төрөлөт. Булардын үй-бүлөсү ыр-күүгө жакын жандар болгон. Атасы башкарма болгондуктан үйгө атактуу күү устасы Карамолдо Орозов, манасчы Саякбай Каралаев келип турган, гастролдоп жүргөн театр артисттери Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова да конок болушкан. Кийин жездеси, Жамал эжесинин жубайы Болот Шалтаев да таланттуу актёр болгон. Бекин мына ошондой чөйрөдө калыптанды. Жаш чагынан эрке өсүп, ар кимди туурап, ырдап-чоордоп эле жүрчү экен. Кийин Фрунзеге эже-жездесинин колуна келет.
Билими. Бекин Сейдакматов театралдык билим алууга аракет кылган. Алматыда казактын атактуу актёру Нурмухан Жантуриндин колунда билим алган, бирок толук эмес. Ташкентте, Москвада да бир жылдай окуп, андан ары окуусун улантпады. Анын ар кандай себептери бардай. Балким Муратбек Рыскуловдун деле, Жамал Сейдакматованын деле театралдык билими болгон эмес деген жүйөнү кармагандыр. Дал ушул дипломсуздугу кийин анын тагдырын башка жакка буруп койгондой...
Китептер топтому. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2026
Какен Алмазбековду эскерүү. Таланты ташкындаганы менен жакшы сөз уккан жок...
Ош театрындагы ооматы. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Оштогу театрга жумушка чакырылат. Москвадан театр институтун жаңы бүтүп келген топ Дүйшөн Байдөбөтов, Назира Мамбетова, Акылбек Абдыкалыков, Токтобек Сатаров, Гүлайым Каныметова, Анара Назаркулова, Райма Абдубачаева ж.б. кийин кыргыз маданиятына аттын кашкасындай таанымал болчу жаштар чоң дымак, европалык стиль менен иштей башташкан. Режиссёрлор Адылбек Дыйканбаев менен Искендер Рыскулов салттуулук менен жаңычылыкты айкалыштырып спектаклдерди даярдап баштады. Ошондо москвалыктарга кошуу үчүн Фрунзеден театрдан да артисттерди тандоого келип, бир гана ушул Бекин Сейдакматовду алып кетишкен экен. Мына ошол ооматтуу күндөрдүн биринде Мурза Гапаровдун драматургиядагы дебюту "Кадыр түн" пьесасы сахналаштырылып калды. "Кадыр түн" – адамгерчилик жана мансапкорлук, адамдык абийирдин түбөлүктүүлүгү жана жасалмалуулугу, чыныгы таза сүйүү жана убактылуу көңүл ачуучу "сүйүү" жөнүндөгү, ушундай дал келбес карама-каршылыктардын кагылышы жана оң сапаттардын жеңиштик триумфу жөнүндөгү драма. Диний ишеним боюнча, Рамазан айынын жыйырма жетисинде тосулуучу "Кадыр түн" деп аталган түн пьесада Баси жана Артык үчүн бакыт табуунун, Калык үчүн өз чөйрөсүн ажырата билүүнүн түнү болду, ал эми драматург Сали үчүн да акыр-аягы жаман болгон жок – ал өзүнүн карьерасын сактап кала ала турган жагдайда Басиден кутулуу жагдайында калды, бирок анын моралдык жүзү ашкереленди, ким экендиги Басиге жана Калыкка, Карачачка жана Рапияга, ошондой эле бүт көрүүчүлөргө кашкайып көрүндү. Дал ошол каармандардын ичинен Артык өзгөчө көрүүчү үчүн сүйкүмдүү эле. Артык аркылуу драматург сүйүү ышкысына чындап берилген, өз сүйүүсүн сактай билген ак көңүл жигиттин образын көрсөтөт. Артыктын сахнага келишинен кетишине чейинки аз гана мезгилин драматург да, Ош театрынын режиссёру Искендер Рыскулов да, актёру Бекин Сейдакматов да чебер иштеп чыгышкан. Артыктын бала пейил мүнөзүнө, романтикалуу дүйнөсүнө, жаратылышка, сүйүүгө болгон мамилесине өзгөчө басым коюлат, анын колуна бир кезде адашкан Басинин тагдырын ишенимдүү тапшыргың келет. Ошондо Артык – Бекин Сейдакматов менен Баси – Жамиля Сыдыкбаева экөөнүн мындай диалогу бар:
"Артык: Биздин үйдү туш тараптан шабдалы дарактары курчап турат. Өтө көп шабдалылар. Мен өзүм тигип көгөрткөмүн. Мына бул колдорум менен. Беш жыл илгери. А азыр баары мөмө берип калды. Бирок мен алардын мөмөсүнөн дагы гүлдөгөн мезгилин жакшы көрөм. Ой, ушундай ажайып гүлдөйт дейсиң. Үйүбүз суунун боюнда да. Шабдалылар гүлдөгөн учурда наркы өйүздөн сууга түшкөн кыз-келиндер сууларын сузуп коюп, биздин үй жакты эле карап отуруп калышат.
Баси: — Үйүбүз суунун боюнда дейсиңби?
Артык: — Кичинекей дарыянын жээгинде.
Баси: — Үйүңөргө анан шоокуму угулуп турар?
Артык: — Ооба, күнү-түнү дебей шаркырап турат. Анын суусу ушунчалык тунук, күндүзү болобу, же айдын жарыгында болобу, таштардын арасында жаткан форель балыгын көрөсүң..." Мына ушундай баёо элеттик жигиттин образын ачкан Бекин Сейдакматов театрдагы таланттуу, өтө таланттуу актёр экендигин ушул ролу менен өзгөчө көрсөттү.
Бир нече образды чебер ачып берген. Ош кыргыз театрынын режиссёрлору жана Искендер Рыскулов анын мүмкүнчүлүгүн жогору баалай билген. Театрда коюлган "Курманбек" (реж. Адылбек Дыйканбаев) спектаклинде – Курманбектин иниси Кара баатыр, "Күнөстүү аралда" (автор Мурза Гапаров, реж. Искендер Рыскулов) Арсланбапта кылмыш жок болгону үчүн чини көтөрүлбөгөн участкалык милиционер, грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин (реж. Мелис Шаршенбаев) "Мен күндү көрүп турам" деген чыгармасы боюнча коюлгон спектаклде Бижан деген айылдык келесоо чалыштын образы анын таланты менен өзгөчө ачылган. Биз ошол кезде Ошто окуган студенттер Бекин Сейдакматовду сахнадан көрүү үчүн, кол чаап туруу үчүн атайы барар элек.
Кыргыз драма театрына келиши. Ал Ошто көп иштеген жок. Фрунзедеги башкы театрга келди, ал жерде ар кайсы жылдарда Бакы Өмүралиевдин "Жаңырык" жана "Жүз катын", Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" деген чыгармаларында роль жаратты.
Мыктылыгын Болот Шамшиев сезген. Ал "Бөрү зындан" фильмин "Кыргызфильм" студиясында тартып, 1984-жылы прокатка чыгарган. Эң көп акча чогулткан эки сериялуу фильмде Бекин Сейдакматов Мариямдын күйөөсү Рахимдин эстен чыккыс образын жараткан. Ошол эле режиссер "Эрте келген турналар" фильминде Бешкемпирдин ролуна тарткан. Андан тышкары, кинодо "Он үчүнчү небере", "Нөшөр" фильмдерине тартылган.
Кожожаштын үнүн коштогон. Төлөмүш Океев "Ак илбирстин тукуму" фильмин тартып алган соң башкы каарман мергендин үнүн коштоп берүүгө адам таппай кыйналыптыр да, акыры коңур үндүү Бекин Сейдакматовдун үнүн жактырган экен.
Кыргыз театр өнөрүндөгү кайталангыс таланты Даркүл Күйүкова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2025
Карандай талант, кудай берген шык. Сахна алпы Даркүл Күйүкова тууралуу 13 факт
Драмалык чыгармаларды жазган. Ал "Солдаттын тагдыры", "Ак чардактар ыйлашат", "Сапарлашыма" деген пьесаларын жазыптыр. 1985-жылы Нарын театрында "Ак чардактар ыйлайт" (режиссеру – Акелең Кускаков, музыкасы – Күмөндөр Абылов) деген драмасы даярдалып, бир аз коюлуп, ошол бойдон сахнадан түшүп калган.
"Мыскыл жана тамашага" чыккан. Анын жазуу жагынан, режиссёрлук кылуу жагынан да таланты бар эле. Күлкүлүү сценкаларды, интермедияларды дароо эле жазып, сахнага алып чыгып жүрдү. Алаңдаган көздөрү, жагымдуу үнү, чебер кыймыл-аракети азырга чейин күлкү сүйгөндөрдүн эсинде, "Деги мен киммин?" деген монологун, дагы бир жолу кызыл ээк кемпирдин семичке чагып отурганын керемет келиштирген. Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов, Мукамбет Токтобаев болуп сатиралык жанрды кыйла алдыга сүрөп берди.
Жеке кайгысы. Актёр же киного тартылышы керек, же сахнага чыгышы керек. Ал эми аны театрдан айдап ийишти, даярдалган Шекспирдин Ричардынын ролун аткарууга да мүмкүнчүлүк бербеди. Депрессияга түштү. Жумушка кирүү үчүн аракеттеринин баары текке кетти. Киного да чакырылбай калды.
Атасынын азасы. Аны жакындан билгендер атасы каза болгондон кийин өзүн таштап салды дешет. Жарытылуу ролдор да тийбей, жумуш да бирде болуп, бирде болбой, көбүнчө ичкилик менен күн өткөрүп калды. "Орто-Сай" базарынын айлана-тегерегинде, тогузунчу кичи райондо анын ичкилик кууп жүргөнүн көрүп калып жаттык. Жумшак мүнөзү, бирге ичишкендерди күлдүрүп, черин жазганы арак менен андан бетер жакындаштырды. Өзүнө өзү кол салган күндөрү, аварияга учураган кези да болду деп жүрүшөт.
Үй-бүлөсү. Аялы актриса Дилбара Мийникееванын айтуусунда бир кыз, эки уулдуу болушкан. Уулу Бакыт, кызы Каныкей атасы менен шахмат ойношуп, атасынан манасчылыкты үйрөнүшчү. Жали Сооданбек аларды чогуусу менен фильмине тарткан. Ал 2002-жылы каза болуп, сөөгү туулган айылына коюлган.
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2026
Адабий сынчылар байкабай, обончулар таазим кылган Биримкул Алыбаев тууралуу 11 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0