https://sputnik.kg/20260123/1099322915.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме... 23.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-23T19:00+0600
2026-01-23T19:00+0600
2026-01-23T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/17/1099322749_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5e9c97d3a1717572de9a18188c3bff4e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, куруучулардын милдеттенмелерди аткаруусу жана курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актылардагы көйгөйлөр талкууланды.Мамлекет башчысы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге конкреттүү тапшырмаларды берди.Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүү, ачык-айкын иштеши зарыл экенин белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин эскертти. Айрым мыйзам бузуу фактыларына да токтолду.Ошондой эле мындай жолугушууларды көйгөйлөр топтолуп кетпеши үчүн үзгүлтүксүз өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.
Былтыр батирлердин баасы орто эсеп менен 23,8 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебеков билдирди. Анын айтымында, январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду, ал эми декабрда 126,3 миң сомду түзгөн. "I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4 пайызды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин төмөндөп, май айында кайрадан 1,7 пайызга жетти. Сентябрда 11,8%дык кескин кымбаттоо болду. Бирок бул сезондук фактор. Октябрда баалар 9,5 пайызга төмөндөп, декабрда кайрадан 18,4%га секирик жасады. Жыл ичинде баа улам өзгөрүп турса да туруктуу өсүш тенденциясы бар", — деген ал радиолордун биринин эфиринде. Ошондой эле жер тамдын баасында да олуттуу өсүш байкалган.
Улуу Британиядагы балдардын үчтөн бири китеп эмне экендигин так түшүнө бербейт жана барактарды телефон же планшетти көргөн сымал "жылдырып барактайт". Бул туурасында The Sky News басылмасы жазды. Кичинекейлердин 28 пайызы өз алдынча тамактанууга жөндөмсүз, ал эми 25 пайызы күнүмдүк жашоодо жасалчу нерселерди эптей албайт. Ар бир төртүнчү бала ажатканага барганды өздөштүргөн эмес. Бул нерсе кичинекейлердин өз алдынча жашоого даярдыгы төмөндөп баратканын көрсөтөт. Жыл сайын жүргүзүлгөн сурамжылоодо мугалимдер даярдоо класстарындагылардын 26 пайызы дааратканага барууда далай "кызык окуяларга" туш болгонун айтып беришкен. Дааратканага барууга жетишпей калган, өз алдынча бара албаган учурлар көп кездешкен. Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгышында бул көрсөткүч 36 пайызга чейин жеткен. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү кичинекейлердин мектепке даяр болбой жатышынын негизги себеби эмнеде экендигин божомол менен айтышкан. Алар балдар менен ата-энелердин телефон, планшет, телевизорду өтө көп тиктеп, убактысынын арбынын ушул техникаларга коротконунан улам болуп жатат деген ойлору менен бөлүшкөн.
Президент Садыр Жапаров ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, куруучулардын милдеттенмелерди аткаруусу жана курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актылардагы көйгөйлөр талкууланды.Мамлекет башчысы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге конкреттүү тапшырмаларды берди.Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүү, ачык-айкын иштеши зарыл экенин белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин эскертти. Айрым мыйзам бузуу фактыларына да токтолду.Ошондой эле мындай жолугушууларды көйгөйлөр топтолуп кетпеши үчүн үзгүлтүксүз өткөрүп туруу тапшырмасы берилди.Былтыр батирлердин баасы орто эсеп менен 23,8 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Аман Кебеков билдирди. Анын айтымында, январь айында турак жайдын орточо баасы 1 чарчы метри үчүн 102 миң сомду, ал эми декабрда 126,3 миң сомду түзгөн. "I кварталда баалар туруктуу өсүп, 1,4 пайызды түздү. Февраль, мартта өсүш 1,9% болду. Апрелде 0,6%га чейин төмөндөп, май айында кайрадан 1,7 пайызга жетти. Сентябрда 11,8%дык кескин кымбаттоо болду. Бирок бул сезондук фактор. Октябрда баалар 9,5 пайызга төмөндөп, декабрда кайрадан 18,4%га секирик жасады. Жыл ичинде баа улам өзгөрүп турса да туруктуу өсүш тенденциясы бар", — деген ал радиолордун биринин эфиринде. Ошондой эле жер тамдын баасында да олуттуу өсүш байкалган. Улуу Британиядагы балдардын үчтөн бири китеп эмне экендигин так түшүнө бербейт жана барактарды телефон же планшетти көргөн сымал "жылдырып барактайт". Бул туурасында The Sky News басылмасы жазды. Кичинекейлердин 28 пайызы өз алдынча тамактанууга жөндөмсүз, ал эми 25 пайызы күнүмдүк жашоодо жасалчу нерселерди эптей албайт. Ар бир төртүнчү бала ажатканага барганды өздөштүргөн эмес. Бул нерсе кичинекейлердин өз алдынча жашоого даярдыгы төмөндөп баратканын көрсөтөт. Жыл сайын жүргүзүлгөн сурамжылоодо мугалимдер даярдоо класстарындагылардын 26 пайызы дааратканага барууда далай "кызык окуяларга" туш болгонун айтып беришкен. Дааратканага барууга жетишпей калган, өз алдынча бара албаган учурлар көп кездешкен. Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгышында бул көрсөткүч 36 пайызга чейин жеткен. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү кичинекейлердин мектепке даяр болбой жатышынын негизги себеби эмнеде экендигин божомол менен айтышкан. Алар балдар менен ата-энелердин телефон, планшет, телевизорду өтө көп тиктеп, убактысынын арбынын ушул техникаларга коротконунан улам болуп жатат деген ойлору менен бөлүшкөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/17/1099322749_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd3ad0062de31493d3f2b7656062b505.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио