https://sputnik.kg/20260123/1099315104.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россияга иштеш үчүн баруудан мурда сөзсүз билип алчу эреже менен талаптарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тизмектеп берди. Биринчи... 23.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-23T15:00+0600
2026-01-23T15:00+0600
2026-01-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/17/1099314938_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d8a027f61e2d63d44b8f67ed5c0790bc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россияга иштеш үчүн баруудан мурда сөзсүз билип алчу эреже менен талаптарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тизмектеп берди. Биринчи кадам. Адегенде эле Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде бар-жок экенин текшерүү шарт. Россия мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарыл. Алсак:30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана сүрөткө түшүү; 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар үчүн миграциялык каттоого "Амина" тиркемеси аркылуу туруу талап кылынат. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтөт; эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзүү; 90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу. Бул миграциялык картага миграция органдары тарабынан белги коюу аркылуу жасалат. Түшүнүксүз же тактай турган учурлар болсо мекендештер Кыргызстандын Россиядагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрылса болот.
11-февралдан баштап Кыргызстанда жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Алардын зарылдыгы менен артыкчылыктарын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын өкүлү Игорь Петрухин түшүндүрүп берди. Азырынча алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциясын ташуу тууралуу кеп болуп жатат. "Башкача айтканда, бул GPS-трекери жана ар кандай датчиктери бар "акылдуу" кулпу. Реалдуу убакыт режиминде транспорттун жайгашкан жерин жана ылдамдыгын көрсөтүп турган толук кандуу борттук компьютер. Эгер пломба ачылып кетсе же унаа кандайдыр бир кырсыкка учураса, ал дароо сигнал жөнөтөт", — деп белгиледи Петрухин. Ал ошондой эле бул долбоор жүк ташууларды кыйла ачык-айкын кылып, аткезчиликти жоюуга көмөк көрсөтөрун, жүктүн уурдалып кетүү ыктымалдыгын азайтарын, жеткирүүнү тездетет, анткени транспорт дайыма көзөмөлдө болот, текшерүүнү азайтууга жардам берерин кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Украина жаңжалды жөндөө боюнча Россия менен келишим түзө албаса, дагы бир топ аймагынан кол жууп калышы ыктымалдыгын айтты. Бул маалыматты РИА Новости таратты. "Путин бардыгын толук алгысы келет деп ойлогом. Ошондой деле болушу мүмкүн, бирок келишим түзүлбөсө, макулдашылбаса, андай кескин кадамга барбайт", — деген Ак үйдүн кожоюну. Россия Украинада тынчтыкты орнотууга даяр экендигин бир нече ирет айтып, аны менен катар эле АКШ сунуштаган тынчтык планын талкуулоого катышып келет. Ал эми Киевдин бул жааттагы кадамы илең-салаң болууда. Кремлден украин бийлигинин кепке келип, сүйлөшүүсүнө мезгил жеткенин айтышкан.
Россияга иштеш үчүн баруудан мурда сөзсүз билип алчу эреже менен талаптарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тизмектеп берди. Биринчи кадам. Адегенде эле Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде бар-жок экенин текшерүү шарт. Россия мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарыл. Алсак:30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана сүрөткө түшүү; 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар үчүн миграциялык каттоого "Амина" тиркемеси аркылуу туруу талап кылынат. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтөт; эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзүү; 90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу. Бул миграциялык картага миграция органдары тарабынан белги коюу аркылуу жасалат. Түшүнүксүз же тактай турган учурлар болсо мекендештер Кыргызстандын Россиядагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрылса болот.11-февралдан баштап Кыргызстанда жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Алардын зарылдыгы менен артыкчылыктарын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын өкүлү Игорь Петрухин түшүндүрүп берди. Азырынча алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциясын ташуу тууралуу кеп болуп жатат. "Башкача айтканда, бул GPS-трекери жана ар кандай датчиктери бар "акылдуу" кулпу. Реалдуу убакыт режиминде транспорттун жайгашкан жерин жана ылдамдыгын көрсөтүп турган толук кандуу борттук компьютер. Эгер пломба ачылып кетсе же унаа кандайдыр бир кырсыкка учураса, ал дароо сигнал жөнөтөт", — деп белгиледи Петрухин. Ал ошондой эле бул долбоор жүк ташууларды кыйла ачык-айкын кылып, аткезчиликти жоюуга көмөк көрсөтөрун, жүктүн уурдалып кетүү ыктымалдыгын азайтарын, жеткирүүнү тездетет, анткени транспорт дайыма көзөмөлдө болот, текшерүүнү азайтууга жардам берерин кошумчалады. АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Украина жаңжалды жөндөө боюнча Россия менен келишим түзө албаса, дагы бир топ аймагынан кол жууп калышы ыктымалдыгын айтты. Бул маалыматты РИА Новости таратты. "Путин бардыгын толук алгысы келет деп ойлогом. Ошондой деле болушу мүмкүн, бирок келишим түзүлбөсө, макулдашылбаса, андай кескин кадамга барбайт", — деген Ак үйдүн кожоюну. Россия Украинада тынчтыкты орнотууга даяр экендигин бир нече ирет айтып, аны менен катар эле АКШ сунуштаган тынчтык планын талкуулоого катышып келет. Ал эми Киевдин бул жааттагы кадамы илең-салаң болууда. Кремлден украин бийлигинин кепке келип, сүйлөшүүсүнө мезгил жеткенин айтышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/17/1099314938_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_46231207b22c088129bced3b35a9b93f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио