00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн борбор калаада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, адабиятчы жана сынчы Омор Соороновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, туугандары, илим жана маданият ишмерлери, ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты. Коштошуу сөзүн сүйлөгөндөр Омор Соороновдун кыргыз адабият таануу илимине кошкон баа жеткис салымын белгилешти. Ал өзгөчө унутта калган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын кол жазмаларын изилдеп, аларды араб жана латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп, калыбына келтирүүдө зор эмгек жумшаган.
Эмгекчилер үчүн эс алуу жайларынын шарттары жакшыртылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде билдирди. Анын айтымында, мурда кесиптик бирликтерге 16 эс алуу жайы таандык болуп, эмгекчилердин эс алуусу үчүн мамлекет тарабынан 0,25% каражат бөлүнүп келген. Бул каражат 2024-жылдын жыйынтыгы менен 650 млн сомду, ал эми 2025-жылы 750 млн сомду түзгөн. “Реформаларга чейин бул акчалар максатсыз пайдаланылып, эс алуу жайларына каражат туура бөлүнбөй калган. Жолдомолор чыныгы муктаж кызматкерлерге эмес, башка адамдарга сатылып кетип, нааразычылыктарга жол ачып берчү. Эс алуу жайларынын абалы да абдан начар болгон. Ушундан улам, кесиптик бирликтерге караштуу мүлктөрдү президенттин Иш башкармалыгына убактылуу ижарага берүү чечими кабыл алынып, 2024-жылы бардык объектилер өткөрүлгөн. Акыркы эки жылда мамлекет тарабынан болжол менен 1,1 млрд сом каражат бөлүнүп, “Ысык-Ата”, “Жети-Өгүз” санаторийлери жана “Улан” балдар лагери толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Өзгөндө эки айлык ымыркай кыйма жасалгандан кийин чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине облустук милиция тастыктады. Ал эми медиктер окуя кечээ болгонун кабарлашты. Бөбөк ооруканага оор абалда жеткирилген. Текшерүү учурунда ымыркайдын гемоглобини 45ке түшүп кеткени аныкталган. "Ымыркайга кыйма жасатышкан. Ал жандандыруу бөлүмүнө тырышып, гемоглобини түшүп кеткен абалда, жонундагы көптөгөн тиликтер менен түшкөн. Биз милицияга кайрылып, анын ата-энеси менен кыйма жасаган аялга карата чара көрүүнү сурандык", — деп билдиришти дарыгерлер.
Европанын бир катар мамлекеттеринин лидерлери топтошуп же жалгыздап алып АКШны Киевге демөөрчү болууга ынандыруу аракетин кылууда. Мындай маалыматты Россиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин РИА Новостидеги маегинде айткан. Башкы чалгынчы Украина боюнча тынчтык келишимдерин бузуу евроатлантикалык "каймактардын" жалгыз эле максаты эместигин белгиледи. Буга чейин Нарышкин "каалоочулар коалициясы" Украина боюнча тынчтык жараянын бузуп салууга болгон-бүткөн күчү менен аракет кылып жатканын билдирген. Башкы чалгынчынын айтымында, Россия үчүн таптакыр кабыл алынгыс шарттарды таңуулоого умтулушууда. Ал мунун баары жаңжалдын масштабы менен мүмкүнчүлүгүнүн өсүшүнө, ал тургай ири масштабдагы аскердик кагылышууга чейин алып келиши ыктымалдыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0