00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Илимдер академиясынын жетекчиси Ботаникалык бак боюнча сындарга жооп берди

Бишкектеги Ботаникалык бак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагына эч кандай көп кабаттуу үйлөр же ресторандар салынбайт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын башчысы Канатбек Абдрахматов бактын тегерегиндеги сын-пикирлерге жооп берип жатып билдирди. Ал элди камтама болбоого чакырган.
Профессор негизинен элдин сын-пикири ал аймакка футбол аянтынын курулушу боюнча айтылганын белгилеп, төмөнкүдөй түшүндүргөн.

"Эки футбол аянтчасы бакчанын Ахунбаев көчөсү тарабындагы бөлүгүнө курулат. Бакчанын ал бөлүгүнүн жалпы аянты 87 гектар, ал эми биз сегиз сотых жерге эки футбол талаасын салабыз. Бул футбол талаа жалпы аймактын болгону 0,18 пайызын ээлейт", — деген директор.

Абдрахматов Ботаникалык бак илимий изилдөөлөрдү өткөрө турган гана эмес, эл келип эс алып, сейилдеп, чуркап, машыга турган жай экенин эске салып, футбол аянтчасынын курулушу максатка ылайык экенин белгилеген.
Андан ары Ботаникалык бактагы бак-дарактын кыйылышын сынга алган адамдарга да жооп берген.

"Акыркы жылдары бул бакчага келген шаардыктар анын каралбай калганын көрүшкөн чыгар. Жолдору бузулуп, өсүмдүктөр сугарылган эмес, көбү куурап калган. Айрым жерлердеги чытырмандан өтүү да мүмкүн болбой калган. Бул ботаникалык бакча эмес эле, токой болуп кеткен. Анан дагы ушунчалык каралбай калганынан улам эки жыл мурун сегиз чөө атып өлтүрүлгөн. Чөөлөр шаардын ичинде болгон", — деп жазган Абдрахматов.

Ал билдирүүсүндө мындан улам кардиналдуу өзгөртүүлөр боюнча чечим кабыл алуу туура болгонун кошумчалаган.
Мындан тышкары, Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгүндө дагы 20 гектар аянт бар экенин, илимий изилдөөлөр ошол жакта жүргүзүлөрүн айткан.

"Ботаникалык бакчадагы эң курч көйгөйлөрдүн бири — бул сугаруу системасынын жоктугу болчу. Бүгүнкү күндө эки терең скважина казылды, андан тартылган суу өсүмдүктөр үчүн жетиштүү болот. Ошондой эле эл келип суу жээгинде эс алуусу үчүн чоң бассейн салынган. Буга чейин анда дагы бир бассейн болгон, ал тазаланып кайра иштетилет. Бакчанын ичинде 96 миллион сомго ирригациялык тармак курулду, ал аркылуу суу бакчанын бардык бурчуна жетет", — деп түшүндүргөн Абдрахматов.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын ишмердүүлүгү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2025
Ботаникалык бакты оңдоого 340 млн. сом керек. Касымалиев каржы табууну тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0