https://sputnik.kg/20260108/vnesuela-aksh-munay-mamile-sokku-plan-1099046691.html
ЖМК: АКШ Венесуэланын мунайын көзөмөлдөөнүн бир нече жылдык планын түзүүдө
ЖМК: АКШ Венесуэланын мунайын көзөмөлдөөнүн бир нече жылдык планын түзүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Венесуэланын мунайын көзөмөлдөө боюнча бир нече жылдык план түзүүдө, бул аракеттер... 08.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-08T12:31+0600
2026-01-08T12:31+0600
2026-01-08T12:31+0600
дүйнөдө
венесуэла
акш
николас мадуро
дональд трамп
геосаясат
мунай
айыптоо
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099046439_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_452fa5614fa8ddb2412664d7f7fff356.jpg
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Венесуэланын мунайын көзөмөлдөө боюнча бир нече жылдык план түзүүдө, бул аракеттер аталган ресурстун баасын төмөндөтүү үчүн жасалууда. Мындай маалыматты Wall Street Journal гезити жазганын РИА Новости агентти таратты. Басылманын өзүнүн маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча, планда Венесуэла мамлекеттик мунай компаниясы PDVSAга кайсы бир деңгээлде көзөмөл орнотуу каралган, анын ичинде компаниянын негизги өндүрүшүн сатып алуу жана сатуу да камтылган. "Эгерде бул план ийгиликтүү ишке ашса, анда ал АКШга Батыштагы жарым шардын мунай запастарынын көпчүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат макалада. Буга чейин Ак үйдүн башчысы Каракастын убактылуу бийлиги Америкага 50 миллион баррель мунай бере турганын билдирген. Трамптын айтымында, Кошмо штаттар күйүүчү майды базар баасында соодалап, андан түшкөн каражат Венесуэла менен АКШ элинин жакшы турмушуна жумшалат. АКШнын Венесуэлага каршы операциясы Өткөн ишембиге караган түнү Каракаста бир нече жарылуу болгон. АКШ президенти Штаттар борбор шаарга масштабдуу сокку уруп, Венесуэланын президенти Николас Мадурону, жубайын кармап, өлкөдөн кеме менен алып кетишкенин билдирген. Адегенде аларды Американын Гуантанамо аскердик базасына жеткиришип, андан ары Нью-Йоркко, учурда кармалып турган Бруклиндеги тергөө абагына алып барышкан. Акыркы айларда АКШ баңгизат ташыйт деген жүйөө менен кемелерди жок кылуу үчүн бир нече жолу күч колдонгон. Америка бийлигинин билдирүүсү боюнча, мындай операциялар улуттар аралык кылмыштуулук жана баңгизат соодасы менен күрөшүүгө багытталган. Ушундан улам Каракас менен Вашингтондун мамилеси бузулуп, бир топ чыңалган абалга жетти. Ак үй ЦРУга Венесуэлада Мадуронун өкмөтүн чайпалтуу үчүн жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми башкы прокурор Пэм Бонди Мадурону камакка алууга көмөк болчу маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык каралганын жарыялаган. Декабрдын ортосунда АКШ президенти Трамп Латын Америкажагы бул өлкөнүн башчысын "активдерди уурдаганга, террорчулукка, баңгизат аткезчиликтерине жана адам сатууга" айыптап, аны террордук уюм деп атаган. Ошондой эле Трамп андан уурдалды делген нефтини, жерди жана каражаттарды кайтарууну талап кылып, санкцияга кирген нефть ташыган бардык кемелерге бөгөт коюла турганын эскерткен. Каракас бийлиги АКШнын чабуулунун максаты — Венесуэланын мунайына жана минералдык ресурстарына үстөмдүк кылуу деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Исан Хиль Пинтонун айтымында, сокку карапайым тургундар менен аскер кызматкерлеринин өмүрүн алды. Россиянын ТИМи Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип, абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосу Вашингтонду Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган. Дүйшөмбүдө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш АКШ Венесуэлада жүргүзгөн аскердик операция маалында эл аралык укуктук ченемдерин сактабаганын билдирди. Ошол эле күнү Нью-Йорк соту Венесуэла президентинин иши боюнча биринчи соттук отурумду өткөрдү. АКШ Мадурону "Баңги террорчулукка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кокаинди аткезчилик менен ташууга, пулемет жана жарылуучу заттарды сактоого, аларды Штаттарга каршы колдонуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө" айыптап, төрт ирет өмүр бою эркиндигинен ажыратышы ыктымал. Мадуро күнөөнү мойнуна алуудан баш тарткан. Саясатчыны 17-мартта кезектеги сот отурумуна келүүгө милдеттендиришкен.
https://sputnik.kg/20260107/venesuela-maduro-kaza-bolgondor-sany-1099038438.html
венесуэла
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099046439_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_903bc0d07a4bfba0699f6cb3228a0ce0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, венесуэла, акш, николас мадуро, дональд трамп, геосаясат, мунай, айыптоо
дүйнөдө, венесуэла, акш, николас мадуро, дональд трамп, геосаясат, мунай, айыптоо
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Венесуэланын мунайын көзөмөлдөө боюнча бир нече жылдык план түзүүдө, бул аракеттер аталган ресурстун баасын төмөндөтүү үчүн жасалууда. Мындай маалыматты Wall Street Journal гезити жазганын
РИА Новости агентти таратты.
"Трамп менен анын кеңешчиси Венесуэланын мунай өнөр жайы жаатында бир нече жыл үстөмдүк кылуу үчүн кеңири демилгелерди пландоодо. Трамп өзүнүн кеңешчилерине анын аракеттери мунайдын баасын каалаган суммага, баррелине 50 долларга чейин түшүрүүгө жардам берерин айткан", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын өзүнүн маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча, планда Венесуэла мамлекеттик мунай компаниясы PDVSAга кайсы бир деңгээлде көзөмөл орнотуу каралган, анын ичинде компаниянын негизги өндүрүшүн сатып алуу жана сатуу да камтылган.
"Эгерде бул план ийгиликтүү ишке ашса, анда ал АКШга Батыштагы жарым шардын мунай запастарынын көпчүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат макалада.
Буга чейин Ак үйдүн башчысы Каракастын убактылуу бийлиги Америкага 50 миллион баррель мунай бере турганын билдирген. Трамптын айтымында, Кошмо штаттар күйүүчү майды базар баасында соодалап, андан түшкөн каражат Венесуэла менен АКШ элинин жакшы турмушуна жумшалат.
АКШнын Венесуэлага каршы операциясы
Өткөн ишембиге караган түнү Каракаста бир нече
жарылуу болгон. АКШ президенти Штаттар борбор шаарга масштабдуу сокку уруп, Венесуэланын президенти Николас Мадурону, жубайын кармап, өлкөдөн кеме менен алып кетишкенин билдирген. Адегенде аларды Американын Гуантанамо аскердик базасына жеткиришип, андан ары Нью-Йоркко, учурда кармалып турган Бруклиндеги тергөө абагына алып барышкан.
Акыркы айларда АКШ баңгизат ташыйт деген жүйөө менен кемелерди жок кылуу үчүн бир нече жолу күч колдонгон. Америка бийлигинин билдирүүсү боюнча, мындай операциялар улуттар аралык кылмыштуулук жана баңгизат соодасы менен күрөшүүгө багытталган.
Ушундан улам Каракас менен Вашингтондун мамилеси бузулуп, бир топ чыңалган абалга жетти. Ак үй ЦРУга Венесуэлада Мадуронун өкмөтүн чайпалтуу үчүн жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми башкы прокурор Пэм Бонди Мадурону камакка алууга көмөк болчу маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык каралганын жарыялаган.
Декабрдын ортосунда АКШ президенти Трамп Латын Америкажагы бул өлкөнүн башчысын "активдерди уурдаганга, террорчулукка, баңгизат аткезчиликтерине жана адам сатууга" айыптап, аны террордук уюм деп атаган. Ошондой эле Трамп андан уурдалды делген нефтини, жерди жана каражаттарды кайтарууну талап кылып, санкцияга кирген нефть ташыган бардык кемелерге бөгөт коюла турганын эскерткен.
Каракас бийлиги АКШнын чабуулунун максаты — Венесуэланын мунайына жана минералдык ресурстарына үстөмдүк кылуу деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Исан Хиль Пинтонун айтымында, сокку карапайым тургундар менен аскер кызматкерлеринин өмүрүн алды.
Россиянын ТИМи Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип, абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосу Вашингтонду Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.
Дүйшөмбүдө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш АКШ Венесуэлада жүргүзгөн аскердик операция маалында эл аралык укуктук
ченемдерин сактабаганын билдирди.
Ошол эле күнү Нью-Йорк соту Венесуэла президентинин иши боюнча биринчи соттук
отурумду өткөрдү.
АКШ Мадурону "Баңги террорчулукка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кокаинди аткезчилик менен ташууга, пулемет жана жарылуучу заттарды сактоого, аларды Штаттарга каршы колдонуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө" айыптап, төрт ирет өмүр бою эркиндигинен ажыратышы ыктымал. Мадуро күнөөнү мойнуна алуудан баш тарткан. Саясатчыны 17-мартта кезектеги сот отурумуна келүүгө милдеттендиришкен.